Депутат Осмонов Идрис Кадыркуловдон УКМКнын төрагалыгынан эмне себептен кеткенин сурады

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчи кызматына Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги каралууда.

Анда депутат Айбек Осмонов Кадыркуловдон буга чейинки кызматынан эмнеден улам кеткенин сурады.

Кадыркулов: "Маалымат каражаттарында бул маселе боюнча маалыматтар бар. Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт боюнча 2018-жылы ноябрь айында тендер өткөрөт. Анда бир компания утуп келет. Ошонун негизинде кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги төрайымы Алина Шаикова билдирүү жасайт. УКМКнын төрагасы менен жолуккам, ал лобби кылган деп. Биз тендер өткөндөн кийин декабрда жолукканбыз. Бул мындай эле жолугушуу болчу. Кызыкчылыгы бар деп мени күнөөлөп, каралашкан. Тергөөгө тоскоол болбоюн деп отставкага кеткем. Белгисиз себептер менен мен кеткенден кийин Шаикованы өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Ага чейин Шаиковага жетекчи катары кылмыш иши козголгон", - деп жооп берди.

Кадыркулов 2018-жылдан 2019-жылдын май айына чейин УКМКнын төрагасы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан