Бишкекте Сухэ-Батор көчөсү жана аталган көчө менен 7-апрель көчөсүн бириктирген көпүрө ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Аламүдүн дарыясы менен Сухэ-Батор көчөсүндөгү көпүрөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.