Нарында мал издеп кеткен боюнча дайынсыз жоголгон 50 жаштагы жарандын сөөгү табылды

29-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жаңы-Жер жайлоосунун Беш-Мойнок тилкесинде 50 жаштагы И.К аттуу жаран дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чыккан. Ал мал издеп кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ошол эле күнү жоголгон жарандын минип кеткен аты кайтып келген.

Аталган адамдын сөөгү кечээ, 30-июнь күнү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Изделип жаткан кишинин сөөгү Таш-Тумшук тилкесиндеги суунун жээгинен табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан