Жоомарт Жолдошев: «Ийгиликке жетиш үчүн акча маселе эмес»

Кандайдыр бир бийиктикти багындыруу бардык адам баласынын колунан келет. Ал үчүн байдын баласы болуп төрөлүп, капчыгыңдын толуп турушунун кажети деле жок. Эң башкы талап – өжөрлүк жана тырышчаактык. Бул ирет ийгилик сыры менен бөлүшө турган каарманыбыз жөнөкөйлүк сапатка ээ. Каарманыбызды калың журт деле тааныбайт. Бирок талыкпаган эмгек өзүн кандай даражага алып келгенин алдынкы ишкерлердин бири Жоомарт Жолдошев баяндап берет.

 

 

ИШКЕР ТУУРАЛУУ

1982-жылы Ош шаарында туулган.
Канча китеп окуганы эсинде жок, бирок саны миңден ашат.
Кыргыз жана орус тилдеринен сырткары англис, француз, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Учурда испан тилин үйрөнүп жатат.

Кыргызстандын тоолорун аябай жакшы көрөт. Аларсыз жашоосун элестете албайт.

“ОРУС ТИЛИН БИЛЧҮ ЭМЕСМИН”

– Орто мектепти Өзгөн шаарында аяктадым. Азыр ойлоп көрсөм, эс тартып калгандан бери эле тырышчаак экенмин. Бош убактым болгондо дайыма китеп окучумун. Азыр дагы бошой калсам, дароо колума китеп алам. Бала кезде мен деле малга чөп салып, суу берип, кара жумуш жасап эле чоңойгом. Андыктан “ийгиликке жетиш үчүн шаардык болуш керек” деген туура эмес. Окуучу кезимде англис тилин жакшы билер элем. Кийин Бишкекке Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырайын деп барсам, ал жерде жалаң гуманитардык багытта гана билим берет экен. А мен мектептен физика жана математика сабактарын жакшы окучумун. Аргасыздан юридикалык кесипти тандадым. Студент кезде да кара жанымды багыш үчүн кароолчу, үн оператору болуп иштеп жүрдүм. Бишкекке келгендеги кыйынчылык орус тили болду. Ар ким менен сүйлөшүп калсам, “орусча билбейт” деп күбүрөп калгандары эсимде. Ушунча намысыма тийгендиктен, гезит, китептердин баарын орус тилинде окуп, бат эле өздөштүрүп алгам.

“АМЕРИКАГА ЮРИСТ БОЛОМ ДЕП БАРГАМ”

– Окуумду аяктагандан кийин алдыга койгон максатым – дүйнөлүк стандарттагы юрист болуу эле. Ар бир адам максатын ишке ашыруу үчүн алдына так план коюшу керек. Же планы, же максаты, же кыялы жок адам кантип ийгиликке жетишип, келечегин элестетмек эле? Кандай гана жолду тандабайын, туура жолдо баратканыма дайыма ишенем. Чечкиндүүлүк, өжөрлүктүн айынан унаамды сатып, 2009-жылы Америкага юрист болуу үчүн учуп кеттим. Аэропортко келгенде чөнтөгүмдө 100 доллардай калган. Ага чейин окуума байланыштуу Америкага келип кеткен элем да. Ошондо бир кыргыз алыс тууганымдын номерин алгам. Ага “мен Америкага келдим” деп чалсам, башка жакка кетип калыптыр. “Артка кайра кетмек белем?” деп андан дароо эле бирөөнүн дарегин алып, ошол дарек боюнча бардым. Ал жактагылар да кыргыз туугандар экен.“Мейли, жашап тур” деп кабыл алышты. Бөтөн жер, бөтөн эл. Ар бир баскан-турганың акча. Мык уруп берсең дагы иштеп, акча табышың керек. Жүк ташуучу, сатуучу, официант болуп иштеп жүрдүм. Американын жашоосуна көнүп калгандан кийин максатыма жетүү үчүн юридикалык компанияларга резюмемди таштай баштадым. Дароо эле жумуш берүүчүлөр “эмне кылганды билесиң?” деп сурашат. Тайманбай “Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын мыйзамын билем” деп жооп берчү элем. Бирок аларга Орто Азиянын мыйзамынын эмнеге кереги бар? Андыктан аларга “терезеңерди тазалап, отургучуңарды иреттеп, бекер эле жардамдашып турам. Бирок мага Американын мыйзамын үйрөнүш үчүн китептерди берип тургулачы?” деп жалдырап жатып бир компанияга кирип алдым. Аз убакыттын ичинде баарын өздөштүрүп, юристтин жардамчысы болуп иштеп калганым үчүн кубанычымда чек жок эле.

“ӨЗБЕК-КЫРГЫЗ СОГУШУН УККАНДА КЫРГЫЗСТАНГА ЖЕТИП КЕЛДИМ”

– Америкада иштеп жүргөндө Апрель окуясы болду. Жумушка келсем, баарынын талкуулаган темасы – Кыргызстан. Бир күнү туугандарымдын бири чалып, Ошто да тополоң болуп жатканын айтып калды. Көп деле маани берген эмесмин. “Өзбек-кыргыз согушуп, кан төгүлүп жатат” дешкенде жанымды коёрго жер таппай, дароо Бишкекке учуп кетүү үчүн билет заказ берип, кечкиге чейин документтердин бардыгын тапшырып, Кыргызстанга келе бергем. Үйгө келсем эч ким жок экен, дароо эле чыгып Бишкек шаарынын Октябрь районунун военкоматына бардым. Ал жерде мобилизация жүрүп жаткан. Ошентип, өлкөбүздө тынчтык орносун деген ниетте Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулдум. Жолдон бир телеканалдын журналисти интервью алган болчу. Ошондо гана апам телевизордон көрүп, Кыргызстанга келгенимди билиптир. Июнь окуясына күбө болгондон кийин “мекенимде калам” деген чечим кабыл алдым. Кыргызстанды чет жакка барып эмес, ушул жерде отуруп алып эле таанытса болот. Ушундай ой менен 2011-жылы “Joldoshev&Partners” деген юридикалык фирма ачтым. Фирмабыздын эң башкы максаты – Кыргызстандын юристтерин эл аралык деңгээлге алып чыгуу. Аз убакыт өткөнүнө карабай Дубай, Түркия, Москва, Нью-Йоркто фирмабыздын өкүлдөрү бар. Келечекте жок дегенде 7 өлкөгө фирманын филиалдарын ачууну пландап жатам. Учурда биз ири бизнес жаатында эмгектенген адамдар жана компаниялар менен тыгыз иштеп келебиз. Алардын арасында чет өлкөлүк компаниялар менен ишкерлер бар. Ишкерлер демекчи, жакында чет өлкөлүк кыргыз жарандары “Мекендештер” форумуна чогулушат. Бул форум Кыргызстанга бир топ деңгээлде пайда алып келерине ишенем. Анткени форумга катыша тургандардын бардыгы тырышчаактыктын айынан ийгиликке жетишип отурган адамдар. Алардын да эң башкы ийгилик сыры – өжөрлүк. Бир ишти баштап, алдыга максат койгон соң артка кайтпаш керек. Учурда көпчүлүк адамдар акчага көз каранды болуп калышкан. Бирок бийиктикти багынтам деген адамга акча маселе эмес.

Жоомарт Жолдошев: "Ийгиликке жетүү үчүн акча маселе эмес"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
mega.boorsok
2014-02-18 15:44:40
Кыргызстандын президенти боло турган экенсин оз катарынды озуно окшош адамдар менен толуктай бер балким ошондо Кыргызстаныбыз онуготтур
+1
kuba1980
2014-02-28 15:09:17
Азаматсын Жоомарт азыркы жаштар сенден улгу алышса.
-2
malik.87kg
2014-05-03 21:45:49
Жакшы жоомарт ага ишинизге ийгилик
0
Prosto-Anjelina
2014-05-22 03:54:10
Азаматсыз бийди да тытат экенсиз,бийлегениниз аябай жакты. Дагы да чоон ийгиликтер...
0
unikalnyi.paren
2014-05-30 11:39:19
menin jerdewim. a9bai jakwy jigit
0
chupik
2014-07-07 17:18:21
interview algan kyz jymyndait ko ayabay)))))))
0
Ayperi94
2014-07-08 15:01:47
Артка кайтпаган аракетчил , акылдуу, билимдуу кыргызымдын чыныгы патриот мырзасы экенсиз сиздейлер коп болсо экен..
+1
narjan
2014-12-01 14:19:10
Пушкага жазылып калганбы...
0
salamalik93
2015-05-06 01:18:13
Жакшы, азамат экенсиз!
0
KAREK
2015-06-11 01:36:34
Азамат!!!
0
Nurum15
2015-07-05 11:38:01
Бар бол иним,соз жок. ОМУР, ДЕН СООЛУК ,анан ИШИНЕ ИЙГИЛИК!
0
Kunbeken
2015-11-04 09:24:27
Эркинин кучтуулугу, толуп ташкан энергиясы мени суктантты. Аззаматсыз бар болун ийгилик.
0
salmankg13
2016-03-17 18:53:36
Ийгиликтерди дагыда болсо багынта берин.
0
Happymom
2016-07-23 01:18:47
Ар дайым ден соолукта бол жана кыргыз элимдин зоболосун которо бер!!!
0
tipokan
2017-04-12 22:34:07
жарайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан