Жапайы карагаттар Жапайы карагаттар
#43 18 Январь 2019 - 17:45
"Макул" дегени менен андан дайын жок, куто берип сабырым тугонду.
Оз алдымча аракетке оттум.
Уландын каерде отурганын Айганыш аркылуу билдим. Жолугуу онойго турбады, эки жолу барып , жолуга албай кайра келдим.
Оюма "балким озу жолугууну каалабай жаткандыр, мени атайылап киргиздирбей жаткандыр?" деген пикир да келди.
Акыркы жолу барганымда , бактыма жараша корушууго уруксат берилди, бирок кутушум керек экен себеби, "азыр аялы менен жолугушууда" дешти.
Муну укканда озумо' озум кыжырым кайнады,ыза болдум, ошол жерден туруп алып кетип калгым келди, бирок "аны бир корсом" деген каалоом кучтуулук кылды. Акыры, кутуу моонотум да бутту.
Мен жалдырай караган каректерин коргондо чыдай албадым, козумдон эрксизден жаштар куюла баштады, денемдеги ыза заматта тарап кетти. "Сени сагындым" деп комокоюмон шыбырадым.
Арыктап, денеси кубарып турса да коздору ошол бойдон эле мундуу жалжылдайт.
Бир аз батынбай туруп, бирок эрки жетпеди корунот, мени бооруна тарта берди:
-Сени суйгонумо окунбойм, периштем озумдун!
Турмонун сыз, кир , муздак дубалдары анын отун очуро албаптыр, кучагы ошол мен билгендегидей жыпжылуу.
Эгер азыр ушул ысык кучактын ээси кайда десе да ээрчип кеткенге даяр элем.
Эч кимдин айтканын укпай, эч кимдин убалынан коркпой, омур бою ушул кокуроктон башымды которбосом.
Аттин ай, андай кун эч качан келбейт го эми?
Адатымча дилимдегини тилиме чыгарбай, нары жуттум.
Копко чейин ун'созсуз тиктешип отура бердик:
-Жакшы журосунбу, окууларын кандай, ооруган жоксунбу?
-Озунчу?
-Менден кабатыр болбо, жакында чыгам, Тилек чуркап журот азыр.
Демек, мага да жооп бербей жургонунун себеби бар тура Тилектин.
Созду алыстан баштадым:
-Кызынды сагынып жаткандырсын?
Улан коздорун ылдый тушурду:
-Жаннат, мен...
-Атымдан атабачы.
-Макул..
-Мен абдан озумчулмун Улан, кичинемден ушундаймын, озумдогу буюмду эч качан бироо менен болушкон эмесмин, азыр болсо ...
-Журогумду эзбечи?
-Мени эзилбейт деп жатасынбы? Билесинби сенин бироого таандык экенинди билгенде кандай абалга тушконумду?
-Мен бир гана сага таандыкмын, журогум сеники!
-Журогундун озу мага аздык кылат.
-Буйруса аз калды, баары оз жолуна тушот, мына коросун ошондоо..
-Мен эч нерсени корууну каалабайм, сенден суранам суйуумду кайрып берчи мага?
-Эгер колумдан келсе кана эле, сен учун баарына даяр элем.
-Жаш эле бироонун убалына калганча ошол куну жол четиндеги даракты сузуп, мен эле олуп калсам болмок, ушунча адамды кайгыга салбай.
Жашымды суртконго дарманым жетпей, ыйлап да, суйлоп да жаттым.
Анын абалы да менден отуп оор болчу, баарына козу жетип турса да, колунан келээр эч нерсе жок.
-Мен турмушка чыгам.
Улан бул созду менден угам деп кутпосо керек:
-Эмне учун, кимге ?
-Сага эмес албетте.
-Мага очошуп жатасынбы?
-Ооба, а эмне менин бактылуу болууга акым жокпу?
-Акылуусун албетте, каалаганынды жаса, бирок андай кылба.
-Эмне учун?
-Журогун башка адамды деп согуп, бирок башка адамдын койнунда жатуу канчалык оор экенин менден жакшы эч ким билбейт.
-Сен кайдан билесин, балким мен аны суйоттурмун?
-Озунду озун алдабачы жаным. Уксан, бир убакыттар келет, баары оз нугуна тушот, ошондо мен сага..
-Качан келет ал кундор,качан?
-Азыр кыйналып жатасын , бирок бул кайгыларын кийин эч нерсеге татыбай калат. Ортодо озун бактысыз болгонун аз келгенсип, аны да бактысыз кыласын.
-Ушул акылын, "сенсиз жашай албайм" деп мага козунду сузгондо кайда эле?
-Каалайсынбы, мен сага баарын тушундуруп айтып берем?
-Жок.
-Суранам Жаннат?
-Анда сенин ордуна озум турмодо отурууга уруксат бер, мага ушул оноюраак.
Улан тууттугуп туруп калды:
-Ага конбосон, мени кое бер!
Так ушул маалда убактыбыз бутуп, мен аны бир караган бойдон сыртка чыгып бараттым:
-Жакшылап ойлончу, шашылып чечим чыгарбачы.. деген бойдон калып кетти.
Мен андан "сени озум бактылуу кылам, мени кут" деген созун куткомун.
Баарын баштан тушундурбой эле, ошол созду кесе айтса болмок, же мен аны угушум керек беле ким билет?
Олдо акылсыз жаным ай!
****
-Бул сенин акыркы чечиминби?
-Ооба апа!
Бир туугандарым катар отурушат бизди тиктеп:
-Эми апам кыл кыягын чертсе, мен аккардеон тартсам, калгандары кол чаап турушса, атама бул "суук кабарды" угузуу керек эми, ансамбльдын коштоосунда, деди бири.
Апам жини келип кагып койду:
-Жон отургулачы, чекеден баарын акылдуу болуп кетпей!
Макул кызым, сен ошону кааласан мен сенин айтканыны бул жолу да аткарам.
Андан кийин атамдын алдында бетими кызартып, коздоруму жулжуйтуп туруп бердим.
Чындыгында атамдын ичи ачыштыбы, же ушунчалык ачууландыбы , айтор колун кезеп туруп:
-Козундун жашын агызып келе турган болсон, мен сени кечирбеймин кызым, мен созумду кайтарып алган адам эмесмин билесин!
Башымды аран ийкегенге жарадым.
Маанайым жок ашканада отургам, менден кийинки иним кирди:
-Сен кимге тийип жатасын?
-Эдилге.
-Кайсы?
-Баягычы, козунун устундо кашы бар.
-Кашы го мейли, чындап козу бар бекен?
-Эмне демекчисин?
-Сендей озумчулго кантип уйлоном деп жатат?
-Мен эмне адам эмесминби?
- Беттен алган адатынды таштачы. Апам ыйлап журот канча кундон бери, ойлонсон болбойбу?
-Сенин ишин болбосун!
-Башыма бир койсон, чимкириги чубала калчу, баягы жаш бала эмесмин эми мен сага.
Мумкун болушунча озумду кармаганга аракет кылдым.
-Туура, мен окушум керек эле , келечекте кесибимдин мыкты ээси болушум керек болчу,антейин десем менин козум эми эч нерсеге жетпей калды, атамдын акчасын калп эле жеп журо бербей, озум менен озум болоюн.
Алар деле мени ойлошот билем, бирок мен дагы эми секелек эмесмин, мага унунду которбо!
Той куну белгиленди, апам даярданып журот, менин оюм болсо таптакыр башка жакта.
Турмушка аттанчудай турум жок, бугун кетип, эртен эле кайра келчудоймун.
Журок тушумдагы жан кыйнаган оору бут денеме тарап, озумду коерге жер таппайм.
Бул балким кадимки турмуштун бир корунушудур, бирок мен учун ал учурда абдан оор эле.
Ызамды кантип кетирээримди билбей, бар кучумду Эдилден чыгарып журо бердим.
Той койногун тандаганы чогуу бардык, бирин да карап койбодум, улам ар бирин бирден корсотуп отуруп ,Эдил деле чарчап бутту:
-Озу кандай койнок кийем деп жатасын?
Ага жооп бербей, туз эле сатуучу кызга кайрылдым :
-Кокурок тушунда, анан этегинде кызыл гулдору бар койнок барбы силерде?
-Той койнокторунун баары аппак болот да чон кыз?
-Демек жок?
-Эгер атайын тиктирем десениз, анын деле айласын тапсак болот?
-А ал канча кундо даяр болот?
-Бугун буюртма берсениздер 15 кундун ичинде келип калат?
-Анда ошентебиз.
Эдил жаныма келди:
-Туура эки жумадан кийин тоюбуз да?
-Ошол койнок келбесе, демек той болбойт.
Эдил башын чайкап, сатуучу кызды нары жетелеп кетти.
Жалгыз калаарым менен ыйлагым келип чыкты, азыр Эдилдин ордунда Улан болгондо?
Мурдуман чымчып эркелетип, керек болсо кыпкызыл койнок таптырмак, же мындай болуп кежирленбейт белем анда?
Корсо ал кезде менин, дагы деле козум ачыла элек тура!
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 18 Январь 2019 - 17:53
#44 18 Январь 2019 - 18:11
#45 18 Январь 2019 - 18:20
Кайсы башым менен ошондой кадамдарга бардым экен?
Ошондогу атамдын ыйлаганы азыр да коз алдымда турат, башыман кучактап , жашын токкон. Кайраттуу эле адамдын бул кылыгы мага оон учураган, инилеримдин ыйлагандарычы, той эмес эле азага айланып кеткен эле.
Жузу жайнап турган менен, ичи калбыр болуп буткон мен, анан капастагы куштай канаты кайрылып, камалып отурган Улан экообуз гана бул кундун канчалык оор болгонун билебиз.
Мен сездим, ал да менден отуп азап тартканын.
Жакын курбум болуп Айганыш келип катышты тоюбузга.
Нике тунго келгенде, сырткы кийимин чечкен Эдил, мени артымдан келип кучактады. Анын денеси менин денеме тийгенде гана, уктап жаткан мээм ойгонуп, кулактарым ачылды. Бут денемди майда курттар каптагансып, жыйрылып кеттим.
Зиркилдеп аны кагып жибердим:
-Эмне кылып жатасын?
-Унуттунбу, мен эми сенин куйоонмун да.
-Куйоом болсон эмне болуптур, жолобо мага!
-Коркпо, баары жакшы болот, озунду бош карма.
Ал кенебей, акырын башымдагы жоолугумду шыпырып алды, мен чачым жазылып ,калган кийимимди чечпей бурушуп жуурканга оронуп алдым:
-Жакындасан менден жакшылык кутпо!
-Жаш бала болуп кеттинби эмне?
-Айтканымды укпадынбы?
Эдил шарт ордунан тура калып, эшикти тарс жаап чыгып кетти.
Эми гана эсиме келгенсип буркурап ыйлап жибердим.
-Кудай аай, эми кантип жашайм?
Ошентип,мен башка бироого було болуп бардым.
"Башка тушсо байтал жорго" дейт, убакыттын отушу менен козум ачыла баштады. Башы бек кочого кирип калганымды эми андап жеттим.
Бирок артка кайрылууга ото кеч калган элем.
Бармагымды кесе тиштесем да эми менин Эдил менен жашабагандан башка аргам жок болчу.
Айганыш болсо "озун бил,отугунду торго ил" дедиби, мурдагыдан алыстай тушту.
Бул мага "олгондун устуно комгон" дегендей эле кеп болчу.
Эч нерсе дей албадым.
Бактыма Эдилдин ата'энеси жакшы адамдар болуп чыкты, козумдун агы менен тен айланып, эмне десем баарын аткарганга даяр!
Ал байкуштар деле перзентинин бактылуу болуп жашап кетишин каалашкандыр?
Эдил болсо камкор, ашыкча жаман созу жок, козундо болсо, кандайдыр бир "кереметтуу куну" мен ал учун ачылып, аны суйуп кала тургандай, кутуу сезими жашаар эле.
Аны коруп, менда озгорууго болгон кучумду жумшадым, себеби жашоомо нааразы болуп, ата'энеме да баралбайм, окуумдан да айдалдым.
Апам айткандай "озум бышырган ашты озум гана жешим керек".
Бир гана жери, жанымды ооруткан оорунун айыгаар туру жок.
Уланчы?
Аны эстебегенге аракет кылдым, башка нерселер менен алаксыдым, бирок ал айткан азап, менде эми башталып жаткан сыяктуу!
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 18 Январь 2019 - 18:28
#46 18 Январь 2019 - 18:28
#47 18 Январь 2019 - 18:46
Stervamyn (18 Январь 2019 - 18:28) жазган:
Тиги Улан деле периште эмес го, уй булосу бар туруп жаш кыздын ишеничине кирип сезимдери менен ойноп, суйдуруп, ага умут берип...
#48 18 Январь 2019 - 18:55
cholpon119966 (18 Январь 2019 - 18:46) жазган:
Мумкун биз билбеген нерсе бар.Жондон жон антип журбогондур. Бирок кандай болсо да,бироону сузуп олтуруп,кантип тынч жашайт
#49 18 Январь 2019 - 19:13
#50 18 Январь 2019 - 20:02
Дуйнонун бар кызыгын алдыма жая салып, бардык кереметтер бир гана мен учун болсо да, мен учун алардын кыпындай да кадыры жок, ачыла турган убагымда, суу жетпеген гулдой соолудум.
Мунун баарына албетте озум гана себепкермин, озум гана!
Убакыт баарыбир озунукун албай койбойт экен, айлар алмашып, жылдар жылып баратты.
Инилерим четинен окуусун бутуп, Жогорку окуу жайларга отушту.
Куса болгондо апама барам, бир кун болсо да жытын жыттап, сагынычымды таратып келем.
Атам болсо саамай чачыман шуу'шуу жыттайт. Аталык сезими, жалгыз кызынын бактылуу эмес экендигин сезип эле жатты.
Айка кийинки жылы окуусун бутот буйруса, байкуш курбум тутподу белем, кетип калгандан коп отпой эле кайрылып келген.
Азыр менин андан башка сырдашаар адамым деле калбаган.
Апамды, мени ойлоп капаланбасын деп, коп нерсени жашырам, ал билип турса да айтпайм.
Жашоо оз нугу менен отуп жатты, бирок бул сырттан караган адамга гана.
Мезгил кимдир бироону дарылайттыр, бирок мени кемиргенден кемирип , жандуйномдогу жара улам чоноюп келе жатты.
Ушул жашоодон коро камакта чирип олсом эмне?
Арадан жылдар отсо да,Эдил экообуздун ортобузда наристе болбоду.
Мен умут деле кылбадым, анткени тагдыр мага оз жазасын берип жатканын кантип тушунбой калайын?
Бир жаманы Эдилге кыйын болду, ал деле элдерге окшоп балалуу болгусу келет, бизден кийин баш кошкондор азыр экиден'учтон балалуу болуп калышты.
Ал атамдын жардамы менен, чон жук ташуучу унаа айдап, тирилигибизди откоруп жаттык.
Кээде жумалап уйго келбей иштечу, кээде кызуу келчу, мындайда эптеп уктатуунун амалын издечумун.Ал бечара ошондо да мага катуу айтпай, кучагына мени бекем кыскан бойдон уктап калчу.
Бул корунуш мени ого бетер эзип жиберет.
Уландын акыркы айткандары кулагыма жанырат:
"Озун эмес, аны да бактысыз кыласын!"
Мына далили!
Эрдимди кесе тиштеп,унсуз ыйлап, мындай тандардын далайын атырып жибердим.
"Журогун башка бироону деп соксо, бирок денен башка бироого тийиштуу болсо, мындан откон азап жок" тура корсо?
Мага бул да аздык кылат, Улан коргон азаптардын чекесин да корбодум го мен.
Азыр кайда, эмне кылып жаттын экен?
Мен башына салган азаптардан кутулдун бекен?
Тан эрте телефондун чырылдаганынан ойгонуп кеттим, козумдун жарымын ачып эле трубканы котордум. Иним экен:
-Эже?
-Эмне болду?
-Атам ооруканада, сени апам келсин деп жатат.
Ыргып турдум, инимдин дагы бирдемелерди айтып жатканына кулак да салбадым.
Эдилди жулкулдатып ойготуп, чала'була чачымды ондоп, ооруканага жонодук.
Ыйлап да алгам.
-Кудай ай, эмне жазан болсо озумо берегор, жакындарымды болушунча азаптадым, эми мындан артыгына чыдай албайм!
Инилерим, тууган урук деген жайнайт. Апам корунбойт.
Журогум дукулдоп оозума кептелип калды:
-Эмне болду атама?
Эн чон иним колумдан кармады:
-Атам базардан келе жатып жол кырсыгына учураптыр, азыр оперцияга алып кирип кетишти. Кенжегул (синдим)жанында экен,ал. ал.. сабыр кыл эже!
Тик турууга дарманым жетпей, тизелеп отура калдым:
-Каралдым, кичинекейим! Чымындай гана жанын чыркырап учуптур го, эми кантем мен!
Анда эмне куноо болчу, эмне акысы болсо менден албайбы Жараткан?!
Апам да перзентинен ажыраганына чыдай албай эси ооп калыптыр, дарыгерлер биринчи жардамды корсотуп, аны озунчо палатага алышыптыр.
Башыбызга каран тун тушуп калды бир заматта. Куну'туну оорукананын алдынан кетпейбиз.
Кенжегулду жайына бердик.
Атам озуно келе албай копко жатты.
Менин абалымды коргон Эдил уч кундон бери уйго алып кете албай убара:
-Озуно келсе кабар беришет да, журу уйго барып эс алчы?
-Жок сен барабер, мен ушул жерде болом.
-Атам да, апам да, деги баарынын эле жакшынакай пейли бар, сен эле кимди тартып калгансын кежирленип билбейм!
Анын да ачуусу келди, деги туура созду айтты.
Бирок азыр, атамдын козун ачканы мен учун баарынан да маанилуу эле!
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 18 Январь 2019 - 20:07
#51 18 Январь 2019 - 20:45
Жазып берген куйма дарылары аябай коп, бир жолу дарыканага барып, тугол жеткире албай уч кундугун аран алдык. Кучтуу дарылар болгондуктан аябай кымбат турат экен.
Бизди эч нерседен кем кылбай, оксутпой баккан тура атам.
Карачы, заматта орду билингенин?
Акыркы жолу жазып бергенде мен чыктым.
Дары жазылган кагазды берип, эми канча дээр экен деп сатуучунун оозун карайм:
-Мына бардык жазган дарылары тугол бул жерде, акчасы толонгон.
-Кандайча толонгон?
-Сиздин алдынызда бир мырза келип толоп кетти
-Менин ким экенимди билет бекен?
-Анысын билбейм, дарылар сиздики!
Дарыны алып, жугуруп эле сыртка чыктым, эч кимдин карааны корунбойт.
Оюма биринчи келгени эле Улан болду, эгер ал болбосо анда ким болушу мумкун?
#52 18 Январь 2019 - 21:03
-Турунуз, атаныз сизди сурап жатат, деген унунон ойгонуп кеттим.
Уйкум умачтай ачылды.
Атам алсыз жылмаят. Караганынан жалтантып, ойдо карагандан коркутуп турчу атамдын ордуна башка эле адамды алып келип койгондой:
-Атоов, мен Жаннатмын?
-Кызым? Кызым эгер мага бир нерсе болчу болсо..
-Ата мени коркутпанызчы, мен ансыз да алдынызда куноолумун, эгер сизге бир нерсе болсо мен озумду кечирбейм!
-Кызым жок дегенде бир жолу угуп койчу мени?
Жашымды ичиме жутуп, атамдын колдорун бекем кармап, жакын бардым:
-Макул ата, кулагым сизде!
-Жаннат деп атынды озум койгом кызым, себеби сен менин жаннатымсын, бейишимсин!
Жашоомду нурга бологон, жалгыз кызымсын.
Сен торолгондо мен кубанган эмесмин, бирок сени менен откоргон ар бир кунум бакыт болду.
Биринчи "ата" деп тилин чыкты, анда менин кубанганымдан журогум жарылайын дечу.
Жаннат, бардык создордон кийин мени кечире алсан, анда бактылуу олум менен жаным жай тапмак?
Мен коркуп кеттим:
-Ата!?
..
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 18 Январь 2019 - 21:54
#55 18 Январь 2019 - 22:36
#58 19 Январь 2019 - 00:38
#59 19 Январь 2019 - 01:05
#60 19 Январь 2019 - 01:11