1993-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун 2 жылдык жогорку адабий курсун бүтүргөн.
«Кыргызстан», «Адабият» басмаларында редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунда жаштар секциясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын өкмөт аппаратында референт, өкмөттүк «Эркин Тоо» гезитинде башкы редактордун 1-орун басары болуп эмгектенген.
Бишкектеги «Азаттык» медиа институтунда кабарчы болуп иштеген.
Кожогелди Култегиндин алгачкы чыгармалары 1976-жылдан баштап «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланат.
Поэзия дүйнөсүнө эртелеп аралашып, 1982-жылы «Ала Тоо поэзиясы» фестивалынын, 1986-жылы Чыгармачыл жаштардын республикалык III жумалыгынын лауреаты болгон.
1989-жылы Бүткүл союздук жаш акын-жазуучулардын Москвада өткөн V семинар-кеңешмесине катышып, ошол семинар-кеңешменин жолдомосу менен 1989-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Ага 1995-жылы «Дарбаза жолго ачылат» аттуу ыр жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы сыйлык, 2002-жылы «Бал ууртам» китеби үчүн Ош облустук мамлекеттик акимчилиги уюштурган Жолон Мамытов атындагы сыйлык ыйгарылган.
«Түндүктү ким көтөрөт?» аттуу драмасы Ош кыргыз драма театрында коюлган.
Кожогелди Култегин орус акындары Сергей Есениндин, Арсений Тарковскийдин, Юрий Кузнецовдун, болгар акыны Любомир Левчевдин, балкар акыны Кайсын Кулиевдин, казак акындары Мухтар Шахановдун, Мукагали Макетаевдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 09 Сентябрь 2013 - 11:44