Канткенде баламды туура тарбиялайм? Кыргызда бала тарбиясы же бала тарбиялоодо сунуштар
#201 03 Июль 2015 - 16:09
адамдардын багуусуна
калтыруу – тобокелчилик
Бир жакшы, чынчыл ата-эненин 5 жана 4 жашар
эки уулу бар эле. Кичүүсүн бала бакчада түз жүр-
гөндүгү, жандуулугу үчүн бардыгы жакшы көрүшчү.
Ал эми улуусун анча жактыра беришчү эмес. Анын
кабагы ачылчу эмес, жүрүм-туруму да башкаларга
жакчу эмес. Бул абал, мындай айырма кайдан чыкты
деп ата-энеси абдан тынчсызданат. Акыры айла кет-
кенде дарыгерге кайрылышат. Узакка созулган су-
рамжылоолордон кийин энеси экинчисин төрөгөн-
дөн кийин өзүн жаман сезип, бир жашар уулун 6 ай
бою бала баккычка бактыргандыгы маалым болот.
Дарыгер баланын азыркыдай абалда болушу кен-
же курагында алган таасирлерден, буга чейин болгон
тынчсыздануудан болушу мүмкүн экендигин боолго-
лойт. Ал баланын кенже курагы жөнүндө айтып бере
ала турган багуучусу жана башка адамдар менен
кезигет. Көрсө, бала баккыч, жаш кыз, бала менен
эшикте сейилдегендин ордуна үйдүн артындагы эски
караңгы сарайда сүйгөнү менен жолугушчу экен,
бала алар кездешкен кезде алар менен бирге болгон.
Бул окуя күн сайын кайталанып турган. Бир жашта-
гы балага бала баккыч менен сүйгөнүнүн эмне менен
алек болуп жаткандыгы түшүнүксүз болгон, бирок
ал жалгыз турганда ар кандай үндөр анда коркууну
жана ишенбөөчүлүктү жараткан. Кыздын тынчсыз-
данган, күнөөлүүдөй сезилген жүрүм-туруму анын
аң-сезиминде орноп калган.
Дарыгердин баамында, дал ошол кенже куракта-
гы башынан өткөргөн нерселер баланы кабагы бүр-
көлгөн жана кыжыры кайнаган абалга алып келген.
Албетте, жашоодогу ар кыл жагдайлар ата-энелерди
балдарын башка бирөөлөрдүн кароосуна калтырып
турууга түртүшү мүмкүн. Мен ушул окуя өз балаңыз-
ды бага турган адамды тандоодо өтө этият мамиле
кылышыңыз керек экендигине сизди ынандырарына
ишенем.
Кенже курактагы таасирлер баланын
кийинки ойлонуу образын жана аракеттерин аныктайт
Сизден кенже курактагы бир окуяны айтып бе-
рүүңүздү суранышса, эгерде ал окуя адаттан тыш
окуя болбосо, таң калыштуусу, эч нерсе эстей албай-
сыз. Ал тургай 2-3 жаш курагыңыздагы тигил же бул
окуяны эстеген болсоңуз, өзүңүздүн жеке тажрыйба-
ңыздан улам эмес, апаңыздын же улуулардын айт-
кандарынан улам эстеген болосуз.
Бирок адамдын кенже курактагы окуялардын
баарын эсине сактабай калгандыгы толугу менен
баары унутулат дегенге жатпайт. 3 жашка чейин
баштан өткөн кайсы гана окуя болбосун инсандык
калыптанууда негиздин бөлүкчөлөрү болуп саналат.
Эгерде гипноздолгон адамга бир жашка чыктың деген
команда берилсе, ал өзүн кудум бир жаштагы баладай
элестетип, кыймылдап жана сүйлөй баштайт деп айтып
жүрүшөт. Бул бала кездеги бардык таасирлердин аң-се-
зимде сактала тургандыгынын далили болуп саналат.
Адам кескин абалга кептелген учурда көзүнө бала
кездеги көрүнүштөр элестей баштагандыгы айтылып
жүрөт.
Белгилүү саясий ишмер Кукуэй Манака согуш
мезгилинде госпиталда өлүм менен тирүүлүктүн ор-
тосунда жаткан мезгилде күтүүсүздөн бала кездеги
мезгилдер эсине келгенин эскерип айтканы бар. Ал
апасы кантип аны храмга алып баргандыгын, дарба-
занын оозунда турган кечилди, анын жүзүн, кийимин,
сүйлөө манерасын – бардыгын майда-баратына че-
йин эстеген. Анан ал эсине келген нерселерди апасы
менен бөлүшкөн мезгилде ал эки жашка келгенде
чындыгында болуп өткөн окуя экендиги аныкталган.
Никко изилдөө борборунун президенти Мориат-
су Минато мырза Кытайда төрөлүп, кенже курактагы
мезгилин ошол жакта өткөргөн. Үй-бүлөсү Жапо-
нияга көчүп келгенден кийин кытайча такыр сүйлө-
гөн эмес, кытай тилин таптакыр унутуп калдым деп
ойлочу. Көп жылдан кийин ал Кытайга иш сапары
менен келип калат. Мориатсу Мината бир нерсе ай-
тайын деп аракет кылганда оозунан кытайча сөздөр
чууруйт. Тил табигый жол менен, өзүнөн-өзү эркин
формада сүйлөп кирет, буга өзү да, кытай кесиптеш-
тери да таң калышат.
Бул дагы бир жолу кенже курактагы тажрыйбанын
мээге канчалык бекем орной тургандыгын көрсөтөт.
Эгерде эң башынан баштап бекем пайдубал куй-
баса, бекем имарат курууга аракет кылуунун за-
рылчылыгы жок: ал сыртынан татынакай көрүнгөнү
менен, катуу шамалдан же жер титирөөдөн кулап
калышы ыктымал.
Кенже куракта өнүктүрүү бекем пайдубал болуп
саналат. Аны эң башынан баштап бекемдеш керек,
имарат курулуп калгандан кийин пайдубалды кайра
куруу мүмкүн эмес.
3-бөлүк
Балага эмне пайдалуу?
Наристелерди окутуунун
даяр рецепттери жок
Буга чейин мен баланын сырткы чөйрөсүнүн
маанилүүлүгү жана анын кийинки жашоосуна тий-
гизген таасири жөнүндө кеп кылдым. Көптөгөн үй-
бүлөлөрдө, анын ичинде жапон үй-бүлөлөрүндө да
энелер балдардын тарбиясы боюнча бүт жоопкер-
чиликти өз моюндарына алышат, бирок менин азыр
айтайын дегеним кичинекей балдардын тарбиясы
менен алектенгендердин бардыгына арналат. Эне ба-
лага тарбия берүүдө анын кайсы өнүгүү баскычында
экендигин эске алып, баарынан мурда өзүнүн кыял
күчүн жана чыгармачылыгын колдонушу керек. Мен
бере турган кеңештерди идея катары гана кабылдоо
керек, ар бир эне баласына мүнөздүү өзгөчөлүктөргө
же өнүгүү деңгээлине карата тигил же бул кеңешти
кабылдаса же жокко чыгарса болот.
Мен дайыма баланы жакшы музыка жана сүрөт
менен курчоо керек дегенде, ак ниеттүү энелер “жак-
шы музыка” жана “чыныгы сүрөт” дегенде эмнелер-
ди айткым келип жаткандыгын сурашат. Бетховенби
же Моцартпы? Ван Гогбу же Пикассобу? Албетте,
биз айрым учурларда адистер менен кеңешкенден
кийин конкреттүү сунуштарды беребиз. Бирок ата-
энелер биздин айткандарыбызды догма катары ка-
был албастан, баласынын өзгөчөлүктөрүнө карата
биздин сунуштарыбызды ылайыкташтырып алуула-
ры максатка ылайык. Адатта, жапондор даяр рецепт-
терди издешет: конкреттүү жагдайда, так кадамдар-
ды жасаш керек болгондо, алар өздөрүн ишенимсиз
сезишет. Бирок тарбияда, өзгөчө наристе куракта
даяр формулалар болушу мүмкүн эмес. Эгерде эне
бир нерсенин баласы үчүн жакшы экендигин сезип
жатса, аны кечиктирбестен бериши керек.
Даяр формулаларды күткөн мындай жагдай –
жапон тарбиясынын кемчилиги. Мисалы, эгерде
бала 4 жашта болсо, ал бала бакчага барышы керек,
6 жаштагылар – мектепке. Мындай жалпы кабыл
алынган курактык негизге таянган система баланын
өздүк өнүгүү деңгээлин жокко чыгарууда. Жапония-
дагы билим берүү ар бир куракка карата бекитилген
программага негизделет. Кенже курактагы өнүгүү да
ушундай эле кабылданат: эгерде так эрежелер бе-
рилбесе, эч ким аны жасап көрүүгө киришпейт. Ме-
нин пикирим боюнча, даяр формулаларга жана че-
немдерге сын көз караш менен мамиле кылуу керек.
Баланы көбүрөөк
колго алыңыз
Бала ызаланганда апасы колуна алат, ал ыйлага-
нын токтотуп, күлө баштайт: мындай жагдай кимдер-
ге гана тааныш эмес, ар бир ата-эне мындай абалды
жүздөгөн жолу башынан өткөргөн. Бирок салттуу
акылмандык бала ыйлаган сайын, колго ала берүүнү
туура көрбөйт, анткени бала өз каалоосун ыйдын
жардамы менен аткартканга көнүп калышы мүмкүн.
Аны кандай алаксытпа, колуңа алмайын, сооронбойт,
- деп ата-энелерди коркутушат. Бул ушундайбы? Бул
өз баласына ашыкча ыксыз эле үзүлүп түшө берүүгө
карата эскертүү катары кабылданса, мен макул болу-
шум мүмкүн. Бирок муну сөзмө-сөз түшүнүүгө тап-
такыр каршымын. Мен баланы мүмкүн болушунча
көбүрөөк колго алуу керек деп эсептейм.
Өзүн билдирүүнүн башка жолун билбеген нарис-
те үчүн ыйлоо – өзүнө көңүл бурдуруунун бирден-
бир каражаты болуп саналат. Ал ыйлап жатса, бул
анын бир нерсени өтүнүп жаткандыгын түшүндүрөт,
анын өтүнүчүн жоопсуз калтыруу башынан баштап
аны баарлашуудан куру калтыруу дегендикке жатат.
Жүйөлүү маани, эне менен баланын баарлашуусу,
өзгөчө тактилдик баарлашуу анын акыл жактан өнү-
гүшү үчүн өтө маанилүү экендигин далилдөөдө.
Бир аз күн мурун жапон гезити маймылдар менен
жүргүзүлгөн кызыктуу эксперимент жөнүндө кабар-
лады. Америкадагы Висконсин университетинин при-
маттарды изилдөө боюнча борборунун жетекчиси
доктор Гарри Харлоу жаңы туулган маймылдын чы-
ныгы энесин жасалма куурчактар менен алмаштырып
коюп, кайсынысын тандай турганына байкоо салган.
Бир куурчак цилиндрдин формасында зымдан,
экинчиси кездемеден жасалган. Ар бир “эненин” ко-
лунда шише толо сүт болгон, эки жакка термеле ал-
ган. Маймылдын баласы жылуу, жумшак кездемеден
жасалган “энени” тандап, анын кыймылдарына реак-
ция кылган. Доктор Харлоу жаңы төрөлгөн адамдын
баласы да жылуу, жумшак жана кыймылдуу нерсени
издемек, эне баласын колуна алгандагы мээрим ба-
ланын эмоционалдык абалы үчүн маанилүү болгон-
дой эле, сүт да анын физикалык саламаттыгы үчүн
абдан маанилүү.
Мен мүмкүн болушунча балдарды колго алууну
колдойм. Анткени ар бир балада ата-энеси менен
жетиштүү өлчөмдө, тикеден-тике байланыш болсун,
дал ушул фактор жардамын аябаган, жакшы адам-
дын калыптанышына түрткү болорун көрүп турам.
Баланы койнуңузга алып
жаткандан коркпоңуз
“Баланы колго алуу” адаты сыяктуу эле “бала
менен уктоо” адаты да мурдагы муундардан мурас-
ка калган саркынды катары Жапонияда сындалып
келген. Албетте, эгерде ата-энесинин бири баланын
жанына жатмайын уктабаса, ыңгайсыздык жаратат,
бирок мындай учурларда ата-энелер эмне кыларын
билбей айлалары кеткен окуяны уккан эмесмин. Тес-
керисинче, баланын акыл жана физикалык жактан
өнүгүүсүн эске ала турган болсок, чогуу уктоонун
пайдасын да табууга болот.
Мисалы, керелден-кечке түйшүк басып, баласы
менен баарлашууга убактысы жетпеген эне баласы
уктаганча жанына жатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Бул кыска убакыттын ичинде бала абдан тынч жана
сезимтал болот. Сиз анын жанына жөн эле жатпас-
тан, же уктап калбастан, ага ырдап бериңиз, бул анын
өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.
Ошондой эле, апасына эмес, керелден-кечке үй
бетин көрбөгөн атасына сунуштоого болот, бул ба-
ласы менен баарлашуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Бизде Советтер Союзунда жүргүзүлгөн уктап
жатканда окутуу методу жөнүндө көп эле жазыш-
ты. Адам жарым-жартылай уктап жаткан мезгилде
магнитофонго жазылган маалыматтарды укса эстеп
калат, ал анын көмүскө сезиминде сакталып калат,
ойгонгондон кийин ал маалыматты жеңил эле алып
чыгууга болот. Бул изилдөөлөр баланы жарым-жар-
тылай уктоо абалында окутуу менен күтүлбөгөн на-
тыйжаларга жетүүгө болорун көрсөтөт.
Музыкалык угуму жок
эне тарбиялаган бала да
музыкалык угуму жок чоңоёт
“Менин баламдын угуму жок, эмне кыларымды
билбейм. Бул атасы тараптан болсо керек, алардын
үй-бүлөсүндө эч кимисинин музыкага шыгы жок. Бул
генетикалык жактан болсо керек”. Мен мындай дат-
танууларды көп эле угуп жүрөм. Ооба, чындыгында
эле музыкалык угуму начар балдар бар, алардын ата-
энелеринин кулагын аюу басып кеткен деп айтылат.
Бирок бул кенемте ата-энелерден балдарына өтүшү
да мүмкүн болсо да, музыкалык шыгы жоктук гене-
тикалык жактан берилет дегендикке жатпайт.
Мисалы, эненин угуму жок, а бала болсо анын
бешик ырын таптакыр туура эмес обон менен күндө
угуп жүрөт дейли. Ал бул ырды эстеп калат да, кийин
өрнөк катары колдонот, туура эмес ырдайт. Апасы
анын ырын уккандан кийин баласынын угуму жок,
дегеле угум – кудайдын бергени деп айтышы мүмкүн.
Эгерде Моцарт менен Бетховенди ушундай апалар
тарбияласа, музыкалык угуму начар болуп калмак.
Менин теориям боюнча угуму жок энеден төрөл-
гөн угуму жок делген балдар өзгөчө угуу жөндөмүнө
ээ, алар туура эмес угулган обон, күүлөрдү дал өзүн-
дөй кылып эстеп калгандыгы көп нерсени айтып турат.
Эми музыкалык угумдун жоктугу тукум куучулук
аркылуу берилбей тургандыгын көрсөтүү үчүн бир
адамдын таржымалын айтып берейин. Доктор Ши-
ничи Сузуки 6 жаштагы баланы окууга алып, анын
музыкалык угумун калыбына келтирген. Бул баланын
апасынын музыкалык угуму жок эле. Доктор Сузуки-
нин тезиси төмөнкүдөй болгон: “Баланын угуму жок,
анткени энесинде жок”. Энеси ага туура эмес ырдап
берип жүргөн ырды классикалык обону менен дайы-
ма коюп берип угузган. Акырындык менен апасынын
туура эмес созгон обону туура созулган обонго орун
бошотуп берген. Кийинчерээк ошол бала музыкалык
билимин улантып, Брамс менен Бетховендин скрип-
ка концерттеринде таптакыр катасыз ойногон, жада-
галса Канадада бир нече жеке концертин берген.
Демек, музыкалык кабылдоо, мүнөздүн жана жөн-
дөмдүүлүктөрдүн өнүгүшү ата-энелердин өнөкөттө-
рүнүн таасиринин астында калыптанат. Ата-энелердин
жүрүм-турумундагы маани берилбеген майда-барат
нерселер балага күчтүү таасир этиши мүмкүн.
#202 03 Июль 2015 - 16:12
эч качан этибарга
албай койбоңуз
Америкада чыккан “баланы тарбиялоодогу револю-
ция” деген китепте төмөнкүдөй эксперимент жазылган.
Вашингтондо негизинен негрлер отурукташкан
жакыр райондордогу үй-бүлөлөргө жана балдар
мекемелерине атайын даярдалган мугалимдер жи-
берилген, алар 15 айлык 30 баланы окута турган бо-
лушкан. Жекшембиден башка күндөрү алар балдар
менен бир саат ойноп, сүйлөшүп турушкан. Психо-
лог, доктор Эрл Шефер бул акция балдардын интел-
лекттин ойготуу максатында жасалгандыгын, өзгөчө
алардын сөз байлыгын өстүрүүдөгү таасирин белги-
лейт. Ушундай эле эксперимент 14 айлык балдар ме-
нен да жүргүзүлгөн.
Бул балдарга 2 жаш 3 ай болгон мезгилде жүр-
гүзүлгөн тесттердин жыйынтыгы алардын интеллек-
туалдык өнүгүү деңгээли, өзгөчө сөз байлыгы экспе-
риментке катышпаган курдаштарына караганда алда
канча жогору экендигин көрсөткөн.
Демек, эртеден кечке дейре иш менен алек бол-
гондуктан, тарбияга таптакыр маани бербеген үй-бү-
лөлөрдө да балдардын интеллектин жогорулатууга
болот. Ал эми ата-энелер өз балдарына көп көңүл бу-
руп, алар менен ойногон үй-бүлөлөрдө кандай ийги-
ликтерге жетүү мүмкүн экендигин элестете бериңиз.
Болжол менен 2-3 айлык болгондо ымыркай кү-
лүп, былдырап, айланада болуп жаткан нерселерди
эсине түйө баштайт. Биз энесинин адаттагы кый-
мыл-аракеттери, сөздөрү анын мээсинде орноп жат-
кандыгын элес да албайбыз, андыктан бала менен
көбүрөөк сүйлөшкөн энелер анын интеллектуалдык
өнүгүшүнө эң чоң таасирин тийгизет.
Мисалга көңүл буруңуз. Жаш жубайлар эркек бала
төрөлгөндө бир бөлмөлүү квартирада жашашчу. Квар-
тира ушунчалык кичине эле, эне аргасыздан дайыма
баласынын жанында жүрчү жана аны менен көбүрөөк
сүйлөшчү. Кийинчерээк ал үй-бүлө 3 бөлмөлүү квар-
тирага чыгат. Келинчеги экинчи жолу көз жарып, бул
жолу кыздуу болушат. Кызга энеси эң көп убактысын
өткөргөн ашканадан алысыраак, тынч бөлмөнү бө-
лүштүрөт. Улуу баласы болжол менен 7-8 ай болгондо
сөздөрдү айырмалап сүйлөп калат, ал эми анын ка-
рындашы 10 айлык болгондо болгону былдыраганды
үйрөнөт. Андан тышкары дайыма жүзүнөн күлкү кет-
пеген агасына караганда токтоо, түнт болуп чоңоёт.
Балаңыз менен тилиңизди
чайнап сүйлөшпөңүз
Мүмкүн, бардык өлкөлөрдө адамдар балдары
менен “балдардын тилинде” сүйлөшүшөт. Ошол эле
мезгилде радио жана телепрограммалар кадимки
“чоңдордун” тилинде жүрөт, эки жаштагы бала адат-
тагы берүүнүн тилин кадыресе түшүнө алат.
Албетте, бала жаңыдан сүйлөй баштаганда ал
сөздөргө окшотуп бир нерсени быдылдайт, бул анын
акылынын жетишпегендигинен эмес, тил мүчөлөрү-
нүн жакшы өнүкпөгөндүгүнөн болушу мүмкүн. Анын
артикулярдык аппараты жакшы калыпка түшө элек,
сүйлөө каалоосунун артынан жетишпей жатат деген-
дик. Эгерде чоң кишилер балдар түшүнбөйт деп алар
менен “балдардын тилинде” сүйлөшө баштаса, туура
тил көндүмдөрү эч качан калыптанбайт. Андан тыш-
кары балдар тилди өздөштүрүүдө өзүнүн айтканда-
рына эмес, чоңдордун айткандарына таянат.
Эгер кааласаңыз, балаңыз менен таптакыр эле ти-
лиңизди чайнап сүйлөшпөңүз. Бир канча айдан кийин,
ал чоңойгондо, жалпы коомчулук катары кабылдан-
ган тилди түшүнүүгө туура келет, бала бакчага барган-
да ал кичинекей эместигин, туура сүйлөө зарылдыгын
айтса, ал үчүн ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн.
Бир француз айым кызын турмушка берип жа-
тып, күйөө баласына минтип айтыптыр: “Менин кы-
зымдын себи жок, бирок ал француз тилинде кын-
тыксыз сүйлөйт”. Мындай сыймыктануу – эң эле
сонун нерсе, ар бир бала өз эне тилин мыкты билүү
мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун каалайт элем.
Балага көңүл бурбоо
эркелеткенден да жаман
АКШда негрлердин абалы барган сайын тынчсыз-
данууларды пайда кылууда, анын тамыры расалык
ырым-жырымдарда гана эмес, негрлердин мектепке
чейинки билим берүү системасында. Гарлемде жана
Нью-Йорктун башка негрлер жашаган райондорунда
жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөлөр түстүү бал-
дар менен актардын ортосундагы акыл коеффициен-
тиндеги айырмачылык мектепке чейинки жашоо
шарттарынан улам келип чыкканын көрсөттү. Мек-
теп жашына чейин толук кандуу берилбеген тарбия
мектепте дагы тереңдөөдө.
Жакырчылык көптөгөн ата-энелерди балдарын
кароосуз калтырууга мажбурлоодо, алар нан та-
буунун убарасы менен жүрүшөт, балдар төрөлгөндөн
баштап өздөрү менен өздөрү алек. Тескерисинче, ак
балдар ата-энеси жана мугалимдери тарабынан кам-
кордукка алынат, муктаждыктарына көңүл бурулат.
Бул алардын ортосунда айырмачылыктарды жара-
тып, актар менен каралардын ортосундагы мамиле-
лерде көйгөйлөрдү жаратууда. Бул көйгөйлөр азыр-
кы кезге чейин чечилбей келе жатат.
Ар кандай шарттарда жашаган үй-бүлөлөрдө
акылдуу жана макоо, таланттуу жана дээринде жок
балдар өсүп жаткан өлкөмдө да ушундай көйгөйлөр
бар. Менин оюмча, мындай айырма үй-бүлөнүн фи-
нансылык абалынан гана эмес, ата-энелердин бал-
дарды тарбиялоого карата ар кыл мамилесинен да
келип чыгат.
“Модерн Эспри” (№ 43) журналына жарыяланган
статистикалык маалыматтар боюнча, эгерде ата-эне-
лер балдарын канчалык “эркин” тарбиялашса, ошон-
чолук өзүнө ишенбеген балдар өсүп чыгат. Адатта,
мындай балдарга мээрим жетишпейт, алар бардык
убакта чоң кишилердин көңүл буруусуна муктаж.
“Эркин” тарбия дегенде, баланы анда-санда ка-
роону, бала өзү сураганда гана ага тамак берүүнү, оюн-
чуктардын көптүгүн, ошол эле убакта балага талапта-
гыдай көңүл бурбоону, жалаягын алмаштырганды,
убагында уктатканды унутуп калууну ж.б. түшүнөбүз.
Балага ашыкча эле үзүлүп түшө берүү да баланы
ачуулуу жана уялчаак кылып койгон бир нече ми-
салды билсек да, ошого карабастан, адатта, мээрим
менен чоңойгон бала бой жетип калганда коомго
ылайыкташып кетет, тең салмактуу жана мээримдүү
болуп чоңоёт.
Азыркы дүйнөдө көптөгөн аялдар үй чарбасына,
балдарды тарбиялаганга караганда өздөрүн жумуш-
ка көбүрөөк арнашууда, ошондуктан “ачкыч мойнуна
асылган” балдардын саны көбөйдү, алар мектептен
кийин бош квартирага барышат. Мен ата-энелердин
экөөсү тең иштеп акча табышына каршы эмесмин,
бирок балдарды “эркин” тарбиялайбыз деп жалгыз
калтырууга, аларды чоң кишилердин мээриминен
жана кароосунан куру калтырууга болбой турганды-
гына ишенем. Бул куракта алар мээримге муктаж.
Чоң кишилер
этибарга албаган нерселер
кээде баланын үрөйүн учурат
Биз, адатта, балалык – жашоодогу эң бактылуу
мезгил, аларда коркуу, курчап турган дүйнөгө кара-
та тынчсыздануу деген нерселерге орун жок деп ой-
лойбуз. Бирок чындыгында бөбөктүк мезгилибизде
бардык убактарда эле бактылуу боло бербейбиз. Чоң
кишилерде болгон сымал, балдардын да корккон
нерселери бар, алардын себеби биз этибарга албаган
нерселерде болушу мүмкүн. “Кенже куракта өнүктү-
рүү” деген журналдын 1961-жылы чыккан №41 са-
нында Киото университетиндеги обсерваториянын
директору Шотаро Миямото мырзанын башынан өт-
көргөн окуя тууралуу макала бар:
“Менин атам буддисттердин ыры болгон “Но” де-
ген ырды абдан жакшы көрчү окшойт. Анын достору
биздикине тез-тез келип, чогуу ырдашчу. Мени болсо
коңшу бөлмөгө уктаганга жаткырып коюшчу. Менин
эсимде калганы, бул муңдуу, эзилген үндөрдөн абдан
эле коркуп, катуу ыйлачумун. Бирок апам, көбүнчө
коноктордун ыңгайын ойлоп, мени тез уктатканга
шашылчу. Азыркы күнгө чейин ушул узун сабак буд-
да ырларын укканда көңүлүм бир жай болбой, үрө-
йүм учуп турат”.
Миямотонун ата-энеси чогуу ырдоо, бир топ
жашка чыгып калганына карабастан, баланын жан
дүйнөсүндө ушундай өчпөс из калтырат деп эч ой-
лобосо керек. Бала чактагы эстутум мындай кор-
кунучтуу үндөрдү гана эстеп калган эмес. Миямото
мырза чоң апасы уктаардын астында окуп берген
жомокторду, “Кармен”, “Айлуу соната” опералары-
нын музыкаларын канааттануу менен эстейт. “Мия-
мото мырзаны эмне себептен “Но” ыры ушунчалык
коркутту?” деген суроо туулат. Бул бизди ойлонууга
түртөт. Мүмкүн, муңдуу музыканын кайрыгы гана
эмес, жалгыздык, бөлмөнүн караңгылыгы да анын
коркуусун пайда кылгандыр. Мындай учурларда
эмне кылуу керектиги тууралуу рецепттерди бере-
йин деген жокмун, чоң кишилер эч маани бербеген
майда-барат нерселер баланын жан дүйнөсүндө те-
рең из калтырышы мүмкүн экендигин гана айткым
келип жатат.
Ата-энелердин
чатакташканын
жаңы төрөлгөн бала сезет
Баланын ата-энеси тилдешип, урушуп, чатак-
ташып жатканын баланын жүзүнө карап жеңил эле
аныктоого болот: анын жүзү көңүлсүз, беймаза. Сиз
бул – былжыраган нерсе, жаңы төрөлгөн бала ата-
эненин ортосундагы мамилени ийне-жибине чейин
кабылдай албайт дешиңиз мүмкүн. Ал ар бир сырткы
өзгөрүүлөргө жооп кайтарган сезимтал акылга ээ.
Ар күнү ата-энесинин эч нерсеге арзыбаган
уруш-талашына күбө болгон бала кандай абалда бо-
лорун ойлонуп көрүңүзчү. Албетте, ар бир кыжың-
кужуңдун маанисин түшүнбөйт, бирок каардануу,
тилдешүү анын сезимине, анын өзүнө сөзсүз таасир
тийгизет. Бири-бирине карата кастык жагдайда чо-
ңойгон балдардын капалуу, чыңалган жүздөрүн көр-
сөңүз таң калбаңыз.
Көз менен мурун балаңызга укум-тукумунан
өтөт, ал эми анын жүзүнүн көрүнүшү үй-бүлөдөгү
байланышты билдирген күзгү болуп саналат.
Өз ара мамилеси бузулган жана касташкан шарт-
та өскөн балада, бала бакчага бара турган мезгилге
карата, болочоктогу бактысыздыктын жана бузу-
луулардын үрөнү өсүп жатат.
Өспүрүм курактагы балдардын укук бузууларын
талдаган мезгилде алар негизинен өмүрүнүн алгачкы
жылдарын ынтымагы жок үй-бүлөлөрдө өткөргөн-
дүгү белгилүү болууда.
Доктор Шиничи Сузуки бир жолу минтип айткан:
“Үйүңүзгө барганда балдарыңызды астыңызга тургу-
зуп, алардын жүзүнө жакшылап карасаңыз, сиз өзү-
ңүздүн жарыңыз менен болгон үй-бүлөлүк байланы-
шыңыздын тарыхын окуй аласыз”. Мен бул сөздөрдү
эч качан унутпайм.
Балаңызды кенже куракта өнүктүрүү үчүн өзгөчө
бир нерсени жасоонун кереги жок. Башталыш үчүн
эң мыкты нерсе – эркек менен аялдын ортосунда
шайкеш мамилени камсыздоо жана үйдө жагымдуу
психологиялык атмосфераны түзүү.
Ата-энелердин
кызуу кандуулугу жугуштуу
“Менин балам атасына окшоп түрү суук” же “ме-
нин кызым апасына окшоп жүдөө”. Балдарына ар-
тыкчылыктар өзүнөн, ал эми кемчиликтер өмүрлүк
жарынан өткөн деп эсептеп алышкан ата-энелер,
адатта, ушинтип даттанышат. Менин китебимдин
ушул барактарына чейин окуган ата-энелер – алар-
дын балдарындагы жакшы жана терс сапаттар тө-
рөлгөндөн берки тарбиянын натыйжасы экендигин
түшүнүштү деп ойлойм.
Кенже куракта өнүктүрүүнү баланы маалыматка
сугаруу же кенже куракта окуганды жана жазган-
ды үйрөтүү деп түшүнүшкөн учурлар көп эле кез-
дешет. Мындан маанилүүсү – ой жүгүртүү, баалоо,
кабылдоо жөндөмдөрүн өнүктүрүү. Бул үчүн атайын
программалар жок, ата-энелер өздөрүн кандай алып
жүрүшөт, алар эмне менен алектенишет, сезимдери
кандай, бала менен кантип сүйлөшүшөт – ушулар-
дын бардыгы биригип келип баланын инсандыгын
калыптандырат. Бала сүйлөшкөндү жактырбаган үтү-
рөйгөн адам тарабынан тарбияланса, дайыма кабагы
ачылбаган маанайда болот, жүдөө адам тарбияласа,
жүдөө болот. Апасынын музыкалык угуму жок бол-
со, ырдап бербестен, пластинка коюп угузса болот.
Мүнөз, эмоция, сезимталдуулук сыяктуу нерселерди
адам өзү этибарга албайт. Адам өз кемчиликтерин
билсе да, аларды оңдоо оңой эмес. Андыктан өзүбүз-
дүн жүрүм-турумубузга сак болушубуз керек.
Эгерде энеси суукка урунуп калса, ал баласына ил-
детти жугузуп алгандан сактанат, өзүнө жакын жолот-
пойт же оозу-мурдун беткап менен жаап алат. Бирок
өз кемчиликтеринин балдарга өтүп кетишинен сактан-
ган энелердин саны өтө эле аз.
Энелердеги “кызуу кандуулук” деген вирус суук
тийгенден алда канча жугуштуу вирус болуп саналат.
Ата өзүнүн баласы менен
көбүрөөк баарлашышы керек
Биздин балдарыбыз чоңойгондон кийин атасы
менен өткөргөн жагымдуу убактыларын майрам
сыяктуу эстешет, анткени көптөгөн үй-бүлөлөрдө
бул дайыма эле боло бербейт. Менин тун уулум биз
чогуу жасаган нерселерди азыркыга чейин эстейт,
мисалы, бир жолу деңизде кайыкка түшүп кайтып
келе жатканда кызыл фасоль жегенибизден бери эс-
тейт. Бул мындан 30 жыл мурун болгон окуя, мен ал
жөнүндө таптакыр унутуп калдым.
Салт боюнча аталарга негизинен авторитардык
роль берилчү. Ал негизинен тартип сакчылыкка кө-
ңүл буруп, балдардын күндөлүк камкордуктарына
сейрек катышчу. Эгер бала атасын сейрек көрсө, анда
да кезектеги насааттардын үлүштөрүн алуу үчүн боло
турган болсо, ал атасын бөлөк адам, өзгөчө кырдаал-
дарда чакырылган дарыгер сыяктуу кабылдачу. Өзүнө
ишенбеген, таарынчак баланын атасына карата жылуу
сезимдери болчу эмес. Бирок “катаал ата” тарбиялаган
баладан гений өсүп жетилип, ал таанымал адам болу-
шу мүмкүн, бирок ал башкалардын тилинен чыкпаган,
өтүмсүз киши болушу ыктымал. Экинчи жагынан эгер
ата ичимдикке берилген, аялына орой мамиле кылып,
тарбия менен таптакыр иши жок болсо, мындай үй-
бүлөдө бала бузулат, ал тургай кылмышкер болушу
мүмкүн. Мындай окуялар сейрек эмес.
Балдарды тарбиялоодо
жана окутууда башкы роль
энелерге таандык
Бирок муну менен аталар баланы тарбиялоону то-
лугу менен жубайларына тапшырып коюшу керек де-
генден алысмын. Үйдөгү тарбиялоодо чыныгы дос жана
аялдын жардамчысы болуу – эркектин аткара турган
жумушу эмеспи? Үйдөгү атмосферанын шайкеш абал-
да болушу энелердин гана аракетинен болбойт.
Бир канча күн мурун автобуста баратып үй-бү-
лөгө байкоо жүргүздүм: атасы, апасы жана кызы. Үч
жаштардагы кичинекей кыз атасы экөө кызуу сүй-
лөшүп жатты. Алар экөө тең аңгеменин кызыгына
батышты, апасы алардын катарында эч нерсе укпа-
гандай түр менен бир журналды окуп жатты. Атасы
кызы менен жөн эле сүйлөшпөстөн, аны менен баар-
лашууга аракет кылып жатты, апасы болсо аларга
кийлигишпегенге аракет кылды. Мен бул кыз мыкты
аял болуп жетиле тургандыгын ойлондум. Чоң киши-
лер үчүн эч мааниси жоктой сезилген сүйлөшүү бал-
дар үчүн эң жакшы канааттануу болуп саналат.
Тарбия боюнча ишмердүүлүк эненин гана түй-
шүгүндө болуп, атасы анын өтүнүчү боюнча гана бул
иштерге аралашкан үй-бүлөлөрдө чыныгы мыкты
адамды тарбиялоого болбойт. Эч кандай убакыттын
тартыштыгы же жумуштан кийинки чарчап-чаалыгуу
аталардын балдары менен көбүрөөк баарлашуусуна
тоскоол болбоого тийиш.
#203 03 Июль 2015 - 16:13
канчалык көп болсо,
алар бири-бири менен
ошончолук жакшы баарлашат
Азыркы Жапонияда жаш жубайлар ата-энесинен
жана бир туугандарынан бөлөк жашаган салт бар,
ошол эле мезгилде бир үй-бүлөдө 3төн ашык бала
болбойт.
Мен үйдүн жалгыз уулу элем, ал убакта бул сей-
рек кездешчү. Эжелери, агалары бар досторума ка-
рап суктанчумун, бири-бири менен ойноп, урушуп,
чуру-чуу болгон үй-бүлөлөргө дайыма баргым кел-
чү. Айрыкча үй-бүлөнүн тун баласы көп учурларда
азыраак өнүгүп, токтоо болот эмеспи, анын жакшы
манералары бар, бирок анда шайырлык жетишпейт.
Же болбосо тескерисинче. Менин досум – бир туу-
гандардын ортончусу, эр жүрөк, өзүнө ишенген, ке-
рек болсо тайманбас, ал бир туугандары капа кылса,
такыр ыйлачу эмес. Мындай жагдайлардын күбөсү
мен эле эмесмин, көп эле кездешет.
Бир ата-энеден төрөлүп, тарбия алган балдар мү-
нөзү жана жөндөмдүүлүктөрү боюнча эмне үчүн ар
башка болушат? Адатта, ата-энелер экинчи же үчүн-
чү баласын биринчидей кылып эркелете беришпейт,
ошондуктан алар салыштырмалуу өз алдынча болуп
чоңоюшат.
Биринчи баласы үчүн ата-эне канчалык ыңгайлуу
жагдайды түзүп, ар кандай шыктандырууларды жа-
сабасын, ал экинчи уулдай артыкчылыктарга ээ бол-
бойт, анын ынактары бар, төрөлгөндөн баштап алар
менен мелдешип, кармашып жүрүп күчтүү, шайыр
болуп чыга келет. Бул үчүнчү жана төртүнчү болуп
төрөлгөн балдарга да тиешелүү, алар тулкусу чы-
мыр, духу күчтүү болуп чоңоюшат.
Эгерде бала, мисалы, скрипкадан сабак алып
жаткан болсо, аны менен чогуу эжеси же байкеси да
сабак алса, ийгиликтүү болору байкалган.
Адатта, көп балалуу, кедей үй-бүлөдө төрөлгөн
таланттуу адамдар чоң ийгиликтерге жетишкен.
Анткени мындай көп балалуу үйлөрдө баланын көп
кырдуу жөндөмдүүлүгү жана мүнөзү жеңил өнүгөт.
Чоң атанын жана чоң апанын
болушу баланын өнүгүшүнө
жакшы шарт түзөт
Көпчүлүк учурда жаш жубайлар ата-энесинен,
чоң ата, чоң апасынан бөлөк жашаган мезгилде
балдарын тарбиялоодон жана жаш үй-бүлөнүн жа-
шоосунан сыртта калат, кандайдыр бир кийлигишүү
тоскоолдук катары кабылданат. Тилекке каршы,
бул – азыркы коомдо типтүү жагдай. Кээде улгайган
адамдар балдарды ушундай эркелетишет дейсиң,
ата-энеси эмне кыларын билбей калат. Өзгөчө мын-
дай көз караш өздөрүн прогрессивдүү жана заманга
шайкешпиз деген энелерге мүнөздүү. Чоң атасы ме-
нен чоң апасынын жанында балабызга туура тарбия
бере албайбыз деген ойдон улам ата-энесинин үйү-
нөн көчүп чыгып, кичинекей бир бөлмөдө жашаган
бир үй-бүлөнү билем.
Толук кандуу үй-бүлө куруу үчүн сөзсүз ушундай
кылуу керекпи? Балдарды тарбиялоо темасында бул
– чоң суроо. Албетте, Жапонияда кайнене келинге
ыксыз эле кеңештерди бере берип тажаткан, улуу
баласына кумир сыяктуу мамиле кылып, башкалар-
га эч маани бербеген үй-бүлөлөр да бар. Ушундай
феодалдык калдыктар да бар. Ошол эле мезгилде
бир канча муундун өкүлдөрү жашаган үй-бүлөлөр-
дүн артыкчылыктары да бар. Улгайган адамдардан
маданиятты, акылмандыкты сиңире алабыз, ал эми
муундардын ортосундагы өз ара байланыш кайсы
убакта болбосун бай эмоционалдык тажрыйба бе-
рет. Баланы эркелетүү тенденциясы сүйүү, жомок-
тор, эскерүүлөр менен акталат. Ошондой эле бала-
нын жашоосун байытып, шыктандыра турган башка
каражаттар менен коштолот.
Таанымал жапон окумуштуусу Сейджи Кайа ага
кенже курагында чоң атасы менен чоң апасы абдан
таасир эткенин айтат. Айыл башчысы болгон чоң атасы
ушунчалык катуу киши болуптур, ал жөтөлүп койсо,
ыйлап жаткан бала дароо басылып калчу экен. Чоң ата-
сы катуу, талапчыл, бирок акыйкат болуптур. Натый-
жада доктор Кайа духу күчтүү, тулкусу чымыр болуп
өскөн. Ал эми анын өмүр бою жип ийриген апасы, тес-
керисинче, өтө токтоо аял болгон экен. Мүмкүн, ал ан-
дан чыдамкайлыкка үйрөнгөндүр: эгер чарбакты отоп
жатса, бир да отоо чөп калмайын эс албай турган жайы
бар болчу экен. Психолог Акира Тагонун белгилөөсү
боюнча, дал ушул бир ишке ыклас коё билүү жөндөм-
дүүлүгү доктор Кайанын мүнөзүн такшалткан, дүйнөгө
атагы чыккан окумуштуу болуусуна түрткү берген.
Балдардын
өз ара баарлашуусун
кубаттоо керек
Эртеден кечке баласынын жанында болгон ата-
эне анын мүнөзүнүн өнүгүшүнө толук мүмкүнчүлүк
түзөт. Бул анын акыл жактан гана өнүгүшүнө таасир
этпестен, сезимдерин да өнүктүрөт.
Ошол эле мезгилде бала апасы менен гана эмес,
атасы, ага, эжелери же башка балдар менен физика-
лык байланышта болсо дагы утушта болот. Бул анын
акылын өстүрүп, атаандаштык сезимин, мамилечил-
дигин, биринчи болууга болгон каалоосун өнүктүрөт.
Висконсин университетинин доктору Хари Хар-
лоу (АКШ) маймылдардын балдарынын социалдык
байланыштарын жана ал мамилелердин акыл жана
социалдык жактан өнүгүүгө тийгизген таасирин
иликтейт.
Харлоу биринчи тажрыйбасында маймылдын ба-
ласын туш тарабы жыгач менен бекитилген капаска
камап, анын ичине шишеге куюлган сүттү гана кал-
тырган. Изилдөөчү белгилүү бир убакытка чейин
башкалардан бөлүнүп жалгыз калган маймыл өзүн
кандай алып жүрөрүн көрүүнү көздөгөн. 3 айдан
кийин аны маймылдардын тобуна коё бергенде ал
алгач өзүн ыңгайсыз сезген, бирок бир жума өткөн-
дөн кийин өзүнүн туугандары менен ойной баштаган.
Экинчи тажрыйбада маймылдын баласын өзүнчө бө-
лүп 6 ай кармаган. Аны топко кошкондо ал бурчка
жашынып алып, обочолонуп, башка маймылдар ме-
нен ойнобой койгон. Үчүнчү тажрыйбада маймыл-
дын баласы 1 жыл өзүнчө кармалган, андан кийин ал
өзүндөгүдөй шартта кармалгандар менен да ойной
алган эмес. Акырында буга чейин өзүнчө бөлүнүп
кармалган бир канча маймылды капаска жайгашты-
рышып, алардын жанына мурда-кийин өзүнчө бө-
лүнбөй, маймылдардын арасында чоңойгон бирөө-
нү кошушкан, ал жалгыздыктан нервдик чыңалууга
тушуккан. Бул бөлүнүп кармалган маймылдардын
акыл жактан өнүгүү коэффиценти кадимки шартта
чоңойгондордон алда канча төмөн болгон.
Бул изилдөөлөр жөнүндө окуганда мен аны адам
баласына салыштырдым, баарлашуудан куру калган
балдар башкаларга салыштырмалуу акыл жагынан
артта калат жана мүнөзү оор болот. Азыр элдер би-
ри-бири менен аз сүйлөшчү болушту. Бул балдардын
тарбиясына таасир этпей койбойт. Ушуну эске алып,
жок дегенде өздөрүнүн балдары үчүн апалар көбү-
рөөк чогулуп турушса дурус болор эле.
Чатактар баладагы
баарлашуу көндүмдөрүн
өнүктүрөт
Адам коомдун жемиши экендиги, ансыз жашай
албай тургандыгы көп эле айтылат. Бирок экинчи
жактан аны топто жашоо инстинкти гана эмес, өзү-
нүн таанып билүү сезими да башкарат. Демек, ал
коомдук менен жекеликтин ортосундагы шайкеш-
тикти табууга умтулушу зарыл. Эгерде баланс та-
былбаса, ал коомго ылайыкташып кете албайт.
Бул шайкештикти табуу көпчүлүк учурда кенже
куракта өнүктүрүүгө байланыштуу. Менин оюмча,
кенже куракта калыптанган ойлонуу стереотипте-
ринин негизинде гана ал шайкештикке жетүүгө бо-
лот, ал өзүн-өзү сыйлоо укугун жана коомго карата
жоопкерчилик сезимин камтыйт. Мындай стерео-
типти бала менен баарлашуунун негизинде жара-
тууга болот.
Эки жашка келип калган куракта балага өзү ме-
нен өзү ойноо кызыксыз болуп, алар башкалар менен
ойной башташат. Ушул жерден ал топто кантип ала-
ка түзүү керек экендигин биринчи жолу үйрөнөт. Ал
өзү билгендей болбой, көпчүлүктүн каалоосуна баш
ийүүгө туура келе турган болсо, ыйлашы мүмкүн. Ал
башкалар менен тынч ойноп жатканда да, чатакта-
шып жатканда да жамаат менен жашаганды үйрөнөт.
Чыр-чатактар маанилүү, анткени ал жеке демилгени
өнүктүрөт.
Балдардын арасындагы чатактарды үч типке бө-
лүп карасак болот: бала өзүнүн каршылашына үс-
төмдүк кылат, башкага жеңилет жана катылгандын
катыгын берет.
Ар бир куракка карата чатактардын түрлөрү бар.
Мисалы, 2 жаштагы бала чатактын пассивдүү каты-
шуучусу болот, ал эми 3 жашка чыкканда чырдын чы-
гышынын себепчиси болушу мүмкүн. Бул анда өзү-
нүн “Мени” калыптанып жаткандыгынын түшүндүрөт.
Балдардын ортосунда түшүнбөөчүлүктүн ар кан-
дай себептери болушу мүмкүн: оюнчук, чана, селкин-
чек үчүн күрөш же сөз менен капа кылуу, чатактар
себепсиз эле чыга бербейт. Балага себебин түшүндүр-
бөстөн, чатакташкан жакшы эмес деп тилдөө, насаат
айтуу жардам бербейт, анда кызматташтык сезимин
жаратпайт.
Балдардын чатактарына аралашуу – алардын жа-
маатта жашоо инстинктинин өнүгүшүнө тоскоолдук
кылуу деп айтууга болот.
Балдардын өзүнүн логикасы бар, алар бири-бири
менен өздөрү билгендей баарлашышат. Бул жерде
чоң кишилердин логикасына орун жок. Эгерде сиз
балдардын чатагына чоңдордун логикасы менен ка-
рап, урушууга болбой тургандыгын, башкалар менен
урушкан бала жаман бала экендигин айтууга аракет
кылсаңыз, балаңыз өзүнчө тултуюп, ызасын ичине ка-
тат. Чатактар – жамаатта жашоодогу биринчи сабак.
Эки-үч жашында балада
өздүк касиеттер өнүгөт
“Ашыкча берилген министрлердин курчоосундагы
акылсыз падыша” – бардык каалоолоруна ата-энесин
багындырып алган, жаңы төрөлгөн баланы жана анын
ата-энесин бирөө ушинтип сүрөттөгөн экен.
Падыша канчалык акылсыз болбосун, аз азырын-
ча абдан эле кичинекей, дээрлик керээлден-кечке
уктайт, ата-эне үчүн оорчулук жаратпайт. Бирок 2-3
жашка чыгып калганда ушунчалык өзүмчүл болу-
шу мүмкүн, ошондо аны башкаруу мүмкүн болбой
калат. Ата-энелер аны жөнгө салууга аракет кыла
башташат. Алар бала “туура эмес” бир нерсе кылса,
күтүүсүздөн аздектөөчүдөн катаал тарбиячыга айла-
нышып, тилдешет жана жазалашат, бала бул өнүгүү
этабында күтүлгөн жыйынтыктарды бербейт.
Баланын алгачкы жылында ата-энелер өздөрү
байкабай “сокур берилген министр” катары мамиле
кылып жатып баланы бузуп коюшат. Болжолдуу 2-3
жашта баланын өзүндө “Мендик” сезим пайда болот,
“Менин” ал коргоого даяр. Ал мындан кийин ата-эне-
син уга бербейт, аны көбүрөөк тилдеп, урган сайын,
ал тил укпас жана кежир болуп чыга келет, ата-энеси
ого бетер кыжырданат. Бул ыксыз айлампадан ка-
чуунун бир эле жолу бар – бала бир жашка чыкканга
чейин, анын “Мени” калыптанганга чейин, аны тар-
типке үйрөтүү керек.
Жөнөкөй бир мисал келтирели. Бала так режим
боюнча тамактанышы керек, ошондо ал ашыкча та-
мактанбайт жана төшөккө сийгенин тез коёт. Андан
кийин бул өнөкөт менен күрөшүү үчүн сизге кошум-
ча убакыттын кереги жок. Эгерде бул маселеге көңүл
бурбасаңыз, “эркин” тарбиялоо принцибин карман-
саңыз, бул бала үчүн кыйроо болушу мүмкүн.
Бир жашка чейинки физикалык жазалоо баланы
кемсинтпейт. Тескерисинче, 2-3 жаштагы балага кол
көтөрчү болсоңуз, ал катуу реакция кылышы мүм-
күн. Андыктан алгач баланы эркелетип коюп, андан
кийин эле катаал боло калсаңыз, ал андагы каршы-
лык сезимин ойготот. Ата-энеси күткөн жыйынтык-
тын теңирден тескериси болушу мүмкүн.
Демек, баланы көтөнгө чабуу ал кичинекей кезде
гана мүмкүн, ал убакта бала аны кемсинтүү катары
көрбөйт.
Баладагы ачуулануу
жана кызгануу – алсыздыктын
билдирилиши
Кичинекей бала өзүнүн сезимдерин сөз менен
билдире албайт: андыктан анын ата-энеси маанайын
билүү үчүн жүзүн окуй алышы зарыл. Бардык энелер
балдарын өздөрү ойлогондой жакшы билеринен кү-
мөнүм бар. Көпчүлүк учурда үй жумуштары менен
алек болуп жатып, алар балдардын сезимдерине
олуттуу мамиле кыла беришпейт, анын нааразычы-
лыктарына жана кыжырдануусунун себептерин та-
бууга аракет кыла беришпейт.
Токио университетинин профессору, балдардын
психологиясы боюнча адис Тошио Ямашита балдар-
дын кыжырдануусунун негизги себептери катары тө-
мөнкүлөрдү көрсөттү:
• Оору менен байланышкан физикалык абал
• Ачкалык же чарчагандык
• Жагымсыз окуядан же коркуудан кийин күчтүү
дүүлүгүү
• Физикалык көнүгүүлөрдүн жетишсиздиги жана
анын натыйжасында коротулбаган энергиянын
топтолушу
• Өзүнүкүн бербөө каалоосу
• Кыжырданган ата-энесин тууроо
Бул тизмеден улам баланын кыжырдануусунун
себептерин аны курчап турган дүйнөдөн жана тар-
биядан издөө керек. Ачуулануунун себептерин анык-
тоонун ордуна сиз аны тилдеп же ага көңүл бурбай
койсоңуз, анда ал дагы өзүмчүл жана кежир болуп
чоңоёт.
Ата-энелер өз баласынын эмоционалдык абалын
абдан жакшы түшүнөбүз деп ойлошу мүмкүн, ал
эми бала болсо алардын түшүнбөй жаткандыгын се-
зет жана бул абал аны кыжырдантат. Ата-энелерден
бекем мүнөз талап кылынат, ал негиздүү талаптар-
ды кежирликтен ажыратууга жардам берет, мындай
акылга сыярлык бекемдиктин жетишсиздиги бала-
нын мүнөзүн бузат.
Балада кызгануу 1,5 жашында пайда болот. Ал
инилүү же карындаштуу болгондон кийин пайда бо-
лушу мүмкүн, өзгөчө бул үй-бүлөнүн тун баласына
мүнөздүү: ал жалгыз болгондо ата-эне ага гана тие-
шелүү болчу. Бул бала ата-энелер бири-бири менен
сүйлөшүп жатканда да кызганышы мүмкүн, мындай
жүрүм-турумду жөн эле кежирлик деп кароого бол-
бойт.
Кыскасын айтканда, баладагы ар бир мүнөздүн
көрүнүшүнүн принциби бар. Көпчүлүк учурда бул
– алсыздык. Эгерде ата-энеси анын сезимдерин эти-
барга албаса, тилдеп же мактап тим болсо, бала буга
канааттанбайт. Ата-эненин максаты баланын капа-
сын таркатпастан, анын себебин аныктоо болушу
керек.
#204 03 Июль 2015 - 16:14
башкалардын көзүнчө
шылдыңдабаңыз
Менин бир таанышымдын сүйлөшүп жатканда
мурдун кармай бермей адаты бар. Бирөө менен бир
нерсени далилдеп талашып жатса, өзгөчө кысылып
турган абалда, демек, нервдик чыңалуу мезгилинде
даана байкалат. Ал бул жөнүндө билет, ошол үчүн
тынчсызданат. Бирок бир нерсеге алаксыганда же
тынчсызданганда ал өзүн көзөмөлдөй албай калат,
колу өзүнөн-өзү мурдуна тартылат.
Ал бул адаты кенже курагынан бери келе жат-
кандыгын айтат. 3-4 жаштагы балдар кылгандай эле
оюндун кызыгына батканда ал мурдун чукуй башта-
чу, ата-энеси башка балдардан ийменип да койбой:
“Андай кылба, мурдуң килтейип чоңоюп кетет”, - деп
урушуп калчу. Ушул убактарда ал автоматтык түрдө
мурдун кармалап, кичирейтүүгө аракет кылчу. Акы-
рындык менен бул адатка айланып калат. Анан ал
күзгүгө көп карана баштайт, өзүнө мурду башкалар-
дыкынан чын эле чоң көрүнө баштайт, натыйжада ал
мүмкүн болушунча мурдун кысып, кичирейткенге
аракет жасай баштайт.
Адаты өмүр бою калбайт. Ал мектепке бара баш-
таганда балдар байкап калышып, шылдыңдай баш-
ташат. Бул тынчсыздануулар ага катуу таасир этет,
ал өзүн кемчилиги бардай сезип, натыйжада абдан
уялчаак болуп өсөт.
Ошол эле мезгилде анын мурду анчалык деле чоң
эмес болчу, өңүндө да өзгөчөлүк жок эле.
Ошондой болбогон шартта да мен мерез ата-эне-
лерди эч түшүнбөйм, алар өз баласынын кемчилигин
көргөзмөгө койгондой болушту.
Мындай жагдайлар көп эле кездешет, көптөгөн
ата-энелер балдарынын кемчилигин башкалардын
көзүнчө сөз кылышат, алар балдар эч нерсе түшүн-
бөйт деп ойлошот. Бирок болор-болбос кемчилиги
болсо да, эгерде аны элдин көзүнчө айта берсе, кан-
дай зыян алып келерин эч качан биле албайсың.
Баланы тилдегенден
көрө мактаган оң
Мактоо же жазалоо – экөөнүн ичинен акыркы-
сы таасирдүүрөөктөй, бирок такыр андай эмес. Жа-
залоо балада таптакыр тескери реакция жаратышы
мүмкүн – ачыктан-ачык баш ийбөө. Анткени мак-
тоону да, жазалоону да өтө кылдат колдонуу зарыл.
Дасторконго шире алып келе жаткан энени элес-
тетиңиз. Энесинин бардык кыймыл-аракетин туу-
рагысы келген бала аны кайталагысы келет. Энеси
болсо “болбойт” деп бакырып, ал төгүп алат деп
коркконунан ага учуп жетет. Бул туура эмес. Ал чо-
ңоюп калганда ошол эле энеси жардам бербейсиң
деп баласын күнөөлөшү мүмкүн. Жадагалса ал өзү
үчүн азырынча татаал болгон нерсени жасагысы
келип жатса да: “Сен чоңоюп калган турбайсыңбы”,
- деп аны мактап коюу керек, анан ширени кичине
бөксөртүп, стаканды алып баруусуна мүмкүнчүлүк
түзүү керек. Мындай мамиле өтө маанилүү.
Бир жолу Сузуки мага айылдагы музыкалык мек-
тептен жолуктурган бир бала жөнүндө айтып берди.
Бала эч үмүтсүз деп эсептелчү. Ал скрипкада абдан
начар ойночу, ага эч ким жардам бере алган эмес.
“Сен мага ойноп бересиңби?” – деп суранып калат
доктор Сузуки. Ал начар ойноп берет, бирок доктор
баланы мактап коёт: “Сонун, сонун”, – деп, артынан
минтип кошумчалайт: “А мен мындай ойнойм. Кан-
дай ойлойсуң, сен ушундай ойной аласыңбы?” “Ой-
ной алам”, – дейт бала, анан кайрадан скрипканы
алып, болгон күчү менен ойнойт. Таң калыштуусу,
анын ойногону жакшыра түшөт. Көрсө, акыркы мез-
гилде байкушту уруша эле беришиптир, ал болсо
колдоого, мактоого зар болуп жүрүптүр. Доктор Су-
зуки балдарды тилдебей, мактаса, алар менен иште-
шүү кыйла эле жеңил болот деп эсептейт.
Албетте, тилдей турган, мажбурлай турган жаг-
дайлар да болуп калат, ошол эле мезгилде татаал
кырдаалдарда балага тандоо укугун берип же көн-
дүргөнгө аракет кылуу керек. Эгерде бала сиз окуй
элек жаңы гезитти тытып жатса, колунан гезитти жөн
эле алып койбостон же аны колго чаппастан, ага эски
гезитти берсеңиз болот. Антпей, гезитти жөн эле
колунан алып койсоңуз, сиз андагы ишмердүүлүк-
кө болгон маанилүү импульсту токтоткон болосуз,
андан тышкары ага кызыктуу болуп жаткан буюмду
алып салып, аны ишсиз калтырасыз. Эгерде сиз бала-
га эч кандай альтернатива сунуштай албай жатсаңыз,
эмне үчүн аны жасабоо керектигин түшүндүрүшүңүз
абзел. Балким, ал сиздин сөздөрүңүздү түшүнбөстүр,
бирок сиздин үнүңүздөгү ишенимден улам сезип, ага
позитивдүү таасир этиши мүмкүн.
4-бөлүк
Тарбиялоонун
принциптери
1. Шыктандыруу
жана тартипке умтулуу
Кызыгуу – мыкты түрткү
Эки-үч жаштагы балдарды ар күнү көбүнчө эр-
кинен тышкары доктор Сузукиге скрипка сабагы-
на жетелеп келишет. Алар айлана-чөйрөгө кызыгуу
менен карашат, секиришет, коридордо ары-бери
чуркашат, скрипкага кызыгып да коюшпайт. Эгерде
ата-энелери аларды сабак окугун деп мажбурлай
турган болушса, ыйлашат, ызы-чуу салышат. Балдар
скрипканы жек көрүп калышат. Алардын мындай
күчтүү реакциясы ушул куракта алардын эч кандай
зомбулукту жактырбаган өздүк “Менинин” ойгонуп
жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.
Андыктан доктор Сузуки балдар эмне кылгылары
келсе, баарын кылууга уруксат берет, скрипкага жа-
кын жолотпойт. Кыска убакыттан кийин тынч алып,
башка балдардын ойноп жатканына канааттануу ме-
нен байкоо жүргүзө баштайт. Эки-үч айдан кийин
бала жолдоштору ойногон пьесанын бардыгын жак-
шы эстеп калат, ушул жерден ал өзү ойноп көргүсү
келе баштайт. Мугалим баланын чыдамы таптакыр
кеткенге чейин күтөт, ошондо гана ага биринчи са-
багын берет. Бардык балдарда даярдык мезгили ар
кандай. Эң узагы – 6 ай.
Сузукинин методунун башкы принциби – кы-
зыгууну ойготуу, а бул – эң жакшы түрткү. Анын
пикири боюнча, мажбурлоо – окутуунун эң начар
ыкмасы. Эгерде балада скрипкага болгон кызыгуу
пайда болсо, ал кыска убакыттын ичинде чоң ийги-
ликтерге жетишет, кээде мугалимдин күтүүлөрүнөн
да ашып кетет. Окутуу предметине баланын кызы-
гуусун жандандыруу – эң мыкты педагогикалык ме-
тод. Ошондуктан эгерде ата-энелер баланы бир нер-
сеге үйрөткүсү келсе, кызыгуу жаратуулары негизги
милдет болуп саналат. Мисалы, баланы санаганга үй-
рөтүүнүн ордуна анын сандарга болгон кызыгуусун
ойготуңуз. Аны жазууга үйрөтүүнүн ордуна жазуу
процессине болгон кызыгуусун жандандырыңыз.
Башка сөз менен айтканда, ата-энелердин милдети –
баланы окууга даярдоо.
Бул кызыгууну ойготуу үчүн негизги шартты тү-
зүү маанилүү. Мисалы, балада сүрөт тартууга болгон
каалоо пайда болсун десеңиз, анын айланасында ка-
рандаш жана кагаздар жетиштүү өлчөмдө болушу
керек. Эгерде шарт түзүлбөгөн болсо, балада тигил
же бул нерсеге болгон кызыгуу пайда болот деп кү-
түүнүн кажети жок. Музыкага же сүрөткө кайдыгер
болгон чоң кишилер аларды сүйбөгөнүнүн негизги
себеби кенже куракта мажбурлагандыктан же кызы-
гуунун пайда болушу үчүн тийиштүү шарттын түзүл-
бөгөндүгүнөн улам болгондугун тастыкташат.
Ыргактуу нерселердин
баары балага жагат
Америкада англис тили сабагына байланышкан
абдан популярдуу пластинка бар. Түлкү тууралуу
ырдын тексти ушундай ритмикалык музыка менен
коштолот, керек болсо мага окшогон чоң кишилер
да бийлей башташат. Ыргактуу музыка менен кош-
толгон сөздөр оңой эле эсиңде калат. Эстеп калуу эч
кандай атайын машыгуусуз же жаттоосуз өзүнөн-өзү
ишке ашат. Тилекке каршы, Жапонияда тилди музы-
канын коштоосунда үйрөнө турган техника иштелип
чыккан. АКШда кенже курактагы балдарга тил үйрө-
түүнүн ийгиликтери балдарды кыйнабастан, кызык-
тырууга аракет кылууда турат.
Биздин көпчүлүгүбүз “окуу” деген сөзгө терс
реакция кылабыз. Биз алдын ала терс мамиледебиз,
анткени окуу биздин аң-сезимибизде эркибизди кый-
ноо менен байланыштырылат. Негизгиси, окуу ка-
нааттануу менен коштолушу керек, биз ошондо чоң
ийгиликтерге жетебиз. Бир кечилдин баласы ар бир
аткан таңда атасы ырдаган диний сутраларды жөн
эле жаттап алган. Сутраларды гонг үнүнүн алдында
ырдашкандыктан, бала үчүн аларды жаттап алуу кы-
йынга турган эмес. Эгерде аны жаттатууга мажбурлай
турган болсо, ал үчүн абдан оор тапшырма катары ка-
былданмак.
Балдар кызыктуу нерселерди
туура, кызыксыздарды
туура эмес деп эсептешет
Сиз дубал кагазын айрып салгандыгы үчүн бала-
ны тилдейсизби? Сиз ага бул жакшы эмес экендигин
кантип түшүндүрөсүз? Сиз үчүн “жакшы” же “жа-
ман” жеке тажрыйбаңызга, жалпы коом тарабынан
кабылданган моралдык нормаларга байланышкан.
Бирок кичинекей балада тажрыйба жок, дубал кага-
зын тытуу жакшыбы же жаманбы деп чечим кабыл
алууда таяныч жок. Эгерде аны тилдесеңиз, жагым-
сыз жыйынтыктардан качуу үчүн муну кайталабашы
мүмкүн. Ошол эле мезгилде ушул окуя анда жаңыдан
гана пайда болуп келе жаткан чыгармачылыкка бол-
гон умтулууну жок кылып коюшу ыктымал.
Балдардын психологу Сейширо Аоки баладагы
“жакшы” жана “жаман” деген түшүнүктөрдүн калып-
танышын изилдеген, бала үчүн жакшы деген нерсе
– кызыктуу жана өзүнө тарткан нерселер. Мисалы,
уурдалып кеткен балдардан: “Буга чейинки бардык
эскертүүлөргө карабастан, эмне үчүн бейтааныш
адамдарды ээрчип кете бердиң?” - деп сурашканда
алар: “Алар менен абдан кызыктуу”, - деп түшүн-
дүрүшкөн. Балдарды уурдаган адамдар, кыязы, ба-
ланын психологиясын жакшы билишет. Алар аны
кызыктыра алышат, эмне менен кызыктырганды да
билишет. Кичинекей бала кызыктуу нерселердин
баары жакшы деп эсептеп, эч бир жамандыкты ой-
лобостон ууруну ээрчип кете берет.
Бул “жакшы” жана “жагымдуу” деген түшүнүк-
төрдү бириктирүү – кенже курактагы мезгилге гана
мүнөздүү нерсе. Акырындык менен бала тажрыйба-
луу боло баштайт, эми ал сени мактай турган нер-
селердин бардыгы “жакшы” деп кабылдай баштайт.
Эгерде ага берилген тапшырманы аткаргандыгы
үчүн, мактоо укса, ал туура кылдым, жакшы деп ой-
лонот. Тескерисинче, аны тилдеп же жазалай турган
болушса, демек, туура эмес иш кылган. Жагымсыз
сезимдер “жаман” деген түшүнүк менен байланыш-
тырылат.
Мисалы, сиз баланы скрипкада жаман ойногонду-
гу же шар окуй албагандыгы үчүн жемелейсиз. Бала
окуу процессинин бардыгын кыйынчылык тартуулай
турган нерсе, демек, начар нерсе деп кабылдайт. Көп-
чүлүгүбүз музыканы же англис тили боюнча сабакты
жагымсыз сезимдер менен байланыштырылгандыгы
үчүн гана жек көрөбүз.
Андыктан балага эмне “жакшы” жана эмне “жа-
ман” дегенде өз түшүнүгүңүздү таңуулагандын ор-
дуна, ал жакшы нерселерди кылып жатса, жагым-
дуу эмоцияларды, жаман нерселерди кылып жатса,
жагымсыз эмоцияларды чыгаруу кыйла жемиштүү
болмок. Балаңыздын жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүшү
сиздин мактоо жана жазалоо ыкмаларын канчалык
жемиштүү колдонгондугуңузга жараша болот.
#205 03 Июль 2015 - 16:17
бекемделүүгө муктаж
Албетте, баланы тарбиялоодо кызыгуу – мыкты
шыктандыргыч. Бирок бул жерде бир маселе бар:
баланын бир нерсеге көңүлдөнүүсү тез жоголот,
анткени анын кызыгуусу чексиз. Эгерде аны жайы-
на койсоңуз, анын көңүлү бир буюмдан экинчисине
тез-тез секирип турат. Албетте, бул – анын курагы-
на мүнөздүү нерсе, анын көңүл коюусун бир нерсеге
күч менен кармоо аракети тескери натыйжа бери-
ши мүмкүн. Баланын кызыгуусу – дүйнөнү таанууда
маанилүү шарт жана анын акыл жана интеллектуал-
дык өнүгүүсү үчүн маанилүү.
Мен балага толук эркиндик берүүнү сунуш кыл-
байт элем. Ал үчүн бир эле нерсеге такалып калуу
(бул абалдын татаал формасы аутизм деп аталат)
жана бир нерсеге көңүл токтотпостон ары-бери ча-
была берүү да коркунучтуу. Натыйжада ал жеңил
адам болуп өсүшү мүмкүн.
Бала өзүн курчап турган чөйрөдөгү кызыктуу
буюмдардан жан дили менен ойной турган бир нер-
сени таап алат, ага жанында бирөөнүн турушу да
маанилүү эмес. Адатта, ага чоң кишилердин жар-
дамы керек болот. Баланын тигил же бул нерсеге
болгон кызыгуусунун сакталып калышы, өнүгүшү
же кыска убакыттын ичинде жоголушу чоң киши-
лердин канчалык тез байкап реакция кылуусу менен
байланышкан. Андыктан бул мүмкүнчүлүктү колдон
чыгарбоо өтө маанилүү. Биз баланын кайсы кызы-
гуусу жөндөмдүүлүккө өсүп жетилерин билбейбиз,
ошентсе да анда аларды өнүктүргөнгө мүмкүнчүлүгү
болушу керек.
Кайталоо – баланын
кызыгуусун шыктандыруунун
мыкты ыкмасы
Эгерде чоң кишини бир эле баянды күн бою бир
канча жолу угууга мажбурласак, ал өлгүдөй зеригет.
Мен өзүм чыдамсыз адаммын, ал тургай бир эле нер-
сени эки жолу уга албайм. Бирок бала кезимде ата-
энемди бир эле жомокту кайра айтып бер деп кечке
кыйнай берчүмүн, уккандан эч тажачу эмесмин. Ба-
ланын мээсинде калыптанып жаткан байланыштар
үчүн кайталоо абдан маанилүү. Кайталоо бала та-
жабагандыгы үчүн эле маанилүү эмес, эң башкысы,
бала бул куракта зеригүү дегенди билбейт, бул ба-
ланын мээсинде туура схемалардын калыптанышы
үчүн маанилүү, ал анын кийинки интеллектуалдык
жашоосун аныктайт. Үч айлык бала, эгерде ага бир
канча жолу ойноп берсе, татаал музыкалык чыгарма-
ны эстеп кала алат. Баланын маалыматты сиңирүүдө-
гү жөндөмдүүлүктөрү абдан чоң.
Бул убакта кайталоо дагы бир маанилүү ролду
аткарат. Ырларды жана жомокторду көп жолу кай-
талагандыктан эстеп калып, бала бир окуяга же ырга
маани берип, анын мазмуну тууралуу бүтпөгөн су-
роолорду бере баштайт. Өзү жактырып калган жо-
мокту жаттап алат, анын материалынын негизинде
өзүнүн дүйнөгө болгон кызыгуусун белгилүү мезгил-
ге чейин канааттандыра алат.
Бир нерсеге кулак түрүү кызыгууну жаратат, ал
өз кезегинде өсүп-өнүгүүгө зарыл болгон эркти тар-
биялайт. Ишмердүүлүккө болгон эрк өзүнөн-өзү эле
пайда болбойт. Эрк кызыгуу менен шыктандырылат,
ал өз кезегинде адамды андан ары өнүгүүгө түртөт.
Бала жомокторду угат, кийинчерээк ал картиналарга
кызыга баштайт, анан тамгаларга кызыгуусу артат,
акырында окуганды үйрөнгүсү келет.
Мен бир ата-энени билчү элем, алар эртеден кечке
иштегендиктен, 1 жаш 2 айлык баласын интернатка
беришет. Бала үйгө келгенде өнүгүүдөн артта калып
жаткан. Бирок 4 же 5 жашка келгенде анын музыкага,
өзгөчө скрипка жана фортепьяно сабактарына кызы-
гуусу абдан артат. Мындай күтүүсүздөн ашып-ташкан
кызыгуу каяктан чыкканын ата-энеси түшүнө албайт.
Алар интернатта уктаардын алдында Моцарттын
жана Шуберттин бешик ырларын угузушканына ка-
рабастан, баланын интеллектуалдык жактан жетки-
ликтүү шыктандырылбагандыгын түшүнүшчү.
Бир жагынан интеллектуалдык жактан жеткилик-
түү шыктандырылбагандыгы, экинчи жагынан бир эле
музыканы кайталай бергендиги баланын акыл жактан
өнүгүүсүн жайлаткан, бирок анын музыкага болгон
сезгичтигин жогорулаткан. Бул окуя абдан көрсөтмө-
лүү жана кенже курактагы балдарга ар кандай таасир
этүүнүн бир жактуу эмес экендигин көрсөтөт.
Балдардын кыялы жана
фантазиясы чыгармачылык
жөндөмдөрдү өнүктүрөт
Көптөгөн ата-энелер баласын чыгармачыл инсан
кылып тарбиялагысы келишет. Бирок бүгүнкү күн-
дөгү чыгырмачылык башатты тарбиялоо системасы
кенже курактан баштап ойдогудай майнаптуу эмес.
Чыгармачылык деген эмне?
Так аныктама берүү кыйын, жөнөкөй маанисинде
бул – кыялдын эркин чабытташы, курч туюм, алар
ачылыштарга жана ойлоп табууларга түрткү болот.
Бул чыгармачылыктын жогорку деңгээлинде интел-
лект, эрудиция жана кыял жуурулушат. Чыгармачы-
лык ийгиликтин тамыры субъективдүү эмоционал-
дык кабылдоо жана кенже курактагы тажрыйбаларга
барып такалары күмөн жаратпайт. Башка сөз менен
айтканда, чоң кишилер үчүн реалдуу жашоодон аб-
дан эле алыстай сезилген балдардын фантазиясы чы-
гармачылыктын түйүлдүгү болуп саналат.
Мисалы, сиз балага кайсы бир айбанатты белекке
бердиңиз.. Ал өзүн ошол жаныбар менен окшошту-
рат, буга чейин уккан жомогунун же реалдуу таж-
рыйбанын негизинде ал жөнүндө бүтүн окуя ойлоп
табат. Же, мисалы, кайсы бир сүрөт анын кыял ча-
быттоосун ушунчалык жандандырышы мүмкүн, чоң
кишилер мындай нерсеге эч жөндөмсүз. Леонардо
да Винчи кичинекей кезинде шыптын астында учуп
жүргөн жез кемпирлерди, шыптын жаракаларынан,
тактарынан кыймылдап көрүнгөн ар кандай укмуш-
туу жаныбарларды көрчү экен.
Чоң киши чайнектин сүрөтүн тартса, бала сүрөт-
төн оозун ачып турган балыкты көрүшү мүмкүн. Чоң
киши: “Болбогон нерселерди айтпачы, бул чайнек”,
- деп баланы жемелеши мүмкүн. Мындай жооп туура
эмес, эми гана ачылайын деп турган гүлдү жок кылуу
менен барабар.
Балдардын туюмун
(алтынчы сезимин)
өнүктүрүңүз
Биз адамда беш сезим бар экендигин билебиз: кө-
рүү, угуу, жыт билүү, даам билүү жана сезүү. Бирок
анын алтынчы сезими да бар – туюм. Алтынчы се-
зиминен улам көптөгөн аялдар, мисалы, күйөөсүнүн
көзүнө чөп салганын катасыз билишет. Эгерде ток
этерин айта турган болсок, туюм ар бир чоң ийгилик-
тин негизин түзөт. Бардык улуу ойлоп тапкычтар өз-
дөрүнүн мол тажрыйбасына жана билимине карастан
туюмуна ишенишкен. Туюу беш сезимдин бардыгы-
нан ашып түшөт, демек, эң байыркы фундаменталдуу
сезим болуп саналат. Туюуну логикадан деп эсепте-
шет, ал эми жүйөлүү мааниге баш ийбеген туюмду
“айбандык инстинкт” деп да аташат.
Мен бала үч жашка чейин айбанатка абдан жакын
экендигин айттым, анткени ал дагы эле логикалык ой
жүгүртө албайт жана өзүнүн инстинктине таянат. Муну
эсибизден чыгарбастан, анын инстинктинин өнүгүшүн
колдообуз зарыл, жок дегенде логика жана акылдын
далилдери менен басым жасабастан, көндүмдөрдү
үйрөтүшүбүз максатка ылайык. Андан тышкары туюм
береги беш сезимдин жыйындысы болгондуктан,
анын өнүгүшү бардык сезимдерди курчутат.
Балдарды тарбиялоодо
жыныстык айырмачылыктар
керекпи?
Ата-энелер баласы ким болорун кыялданышкан-
да анын жынысын эске алышат: “Ал саясатчы болобу
же окумуштуубу? ”, “Ал сулуу жана акылдуу болот
деп үмүттөнөм! ”. Биз жаңы төрөлгөн балага же кызга
эмне себептен ар кандай мамиле кылабыз?
Чындыгында үч жашка чейин балдардын сырткы
көрүнүшүндө анчалык деле чоң жыныстык айырма-
чылык жок. Кээде ал тургай биз аларды сыртынан
айырмалай албайбыз. Айрым тилдерде кичинекей
бала ортоңку жакта колдонулат. Илим да жыныстык
айырмачылыктар үч жаштан кийин билине баш-
таарын айтат. Белгилүү балдар психологу Ван Орнш-
тейн бир канча изилдөөлөрдү жүргүзгөн, ага ылайык
үч жаштан кийин гана баланын жүрүм-туруму кайсы
жыныска таандык экендигин билдире баштайт, ал
эми төрт же беш жашка келгенде оюндарда балдар
өзүнүн жынысын так билдиришет. Демек, үч жашка
чейин жыныстык органдардын формасы гана бал-
дардын ортосундагы айырмачылыкты көрсөтөт.
Ошого карабастан, ата-энелер балдарды алардын
жынысын эске алуу менен тарбиялашат. Мисалы,
жаңы төрөлгөн баланы жалаң гана көк түстө кийин-
диришет, ал эми кызды болсо – кызыл түстө. Баланын
өзүнүн жактырганы жок, эгерде бала кызыл түстөгү
кийимди кийип жүрсө, кыз оюнчук пистолет менен
ойноп жүрсө, эмнеси жаман? Эгерде бала куурчак-
ка кызыгып калса, аны алып коюш керекпи? Ал бала
экендигин дайыма эскерте берүүнүн кереги барбы?
Эмне себептен кыз күрөшкө кызыкса болбойт?
Немис акыны Рилькени кыз сыяктуу тарбиялаш-
кан, ага ал тургай кыздардын кийимин кийгизишкен.
Бирок андан ал аялчалыш болуп өскөн жок. Кыз эр-
кекчалыш, бала кызчалыш болуп өсүп калбасын деп
тынчсыздангандын ордуна ата-энелер жыныстык
айырмачылыктар жөнүндөгү өз түшүнүктөрүн бала-
сына таңуулап жатып, анын психикасына кандай зыян
келтирип жаткандыгын аңдашса жакшы болмок.
Балага жыныстык темаларда
чындыкты айтыңыз
Жыныстык тарбия берүү акыркы мезгилде жалпы-
га маалымдоо каражаттарынын бардыгында актив-
дүү талкууланууда. Негизги суроо: жыныстык тарбия
берүүнү качан баштоо керек – башталгыч мектепте-
би же орто класска келгендеби? Менин оюмча, бул
суроо туура эмес. Жыныстык жашоо – инстинкттин
чөйрөсү, эмне себептен белгилүү куракка чейин ба-
ладан чындыкты жашырып, анан айта баштоо керек.
Кичинекей бала өзүн ортоңку түргө кирген жан-
дык катары сезсе да, эки-үч жаштан баштап эле жы-
ныстык маселелерге байланыштуу суроолорду бере
баштайт. Алгач, мисалы, сууга түшүп жатканда апа-
сы менен атасы башкача түзүлүштө экендигин өзүнө
ачылыш кылат. Албетте, ал суроо берет. Эгерде үй-
бүлөдө дагы бир бала төрөлгөн болсо, ал кичинекей
ымыркайдын кантип жарык дүйнөгө келип калган-
дыгы тууралуу суроо берет.
Мындай суроолорго бала так жооп алышы керек.
Аны тамашалоонун же калп айтуунун кереги жок.
Ата-эненин уялуусу жана чала-була бир нерселер-
ди кобурап коюусу бул теманы жабык нерсеге айлан-
дырып, анын кызыгуусун огобетер арттырат, ыксыз
фантазияны пайда кылат.
Эки-үч жаштагы баланын туюму аны алдап жа-
тышкандыгын билдирет. Ал жүзүнөн билдирбесе
да, ата-эненин кызыктай жүрүм-туруму анын кызы-
гуусун арттырышы мүмкүн.
Бала жыныстык жашоо жөнүндө билүүгө өтө эле
эрте деген аргумент бу саам туура эмес болуп саналат.
Жыныстык темаларда ал тээ башынан эле табигый
мамиле кылуусу үчүн жайбаракат, ынактарча отуруп
сүйлөшүү туура болот. Жыныстык мамилени тыюу
салынган тема деп эсептеген үй-бүлөлөр бала чагын-
да туура эмес тарбия алган кишилер болуп саналат.
Туура эмес тамактануу
өмүр бою кала турган
терс өнөкөттөрдү
калыптандырат
Тамактануу көйгөйү эртеби-кечпи ар бир үй-бү-
лөдө келип чыгат. Балдарды тарбиялоо боюнча аял-
дардын журналдарында жана колдонмолорунда бул
темада көп макалалар бар: “Баланы өзү жактырбаган
тамакты жегенге кантип көндүрүүгө болот?”
Бирок калыптанып калган нерсени оңдоого ара-
кет кылгандан көрө, тамактанууда көйгөй жараткан
себептерден кантип кутулуу керек деген суроону бер-
сек туура болот го. Туура эмес өнөкөттөрдөн кутулуу
абдан кыйынга турат. Эгерде баланы анын каалоосу-
на каршы мажбурлай турган болсо, жүрөгү айлануу
же тамакты жек көрүү өмүр бою калышы мүмкүн.
Менин ишенимим боюнча, айрым тамактарга ал-
лергиядан тышкары, балдарды ичирип-жедирүү көй-
гөйү кичинекей кезде туура эмес тамактануудан улам
келип чыгат. Эгерде сиз балаңызга күн сайын бир эле
тамактын түрүн жедире берсеңиз, анын даам татуу
сезими өнүкпөйт, ал тамактын жаңы түрүн жегенден
баш тартат. Башка сезимдер сыяктуу эле, баланын
даам татуу сезими бир жаштан үч жашка чейинки ку-
ракта калыптанат. Аны пайдалуу нерселер менен гана
ит же жылкы сыяктуу тамактандыра бербеңиз. Сиз-
дин балаңыз: “Бул даамдуу!” же “Мыкты даярдалган! ”
деп сизге айтпайт. Ошол эле мезгилде ал тамактан
канааттануу алышы үчүн тамак мүмкүн болушунча
ар түрдүү болушу маанилүү. Тамакка болгон табити-
нин туура калыптануусу үчүн мен балага абдан даам-
дуу нерселерди берер элем, анча даамдуу эместерин,
мүмкүн болсо, ата-энелер жеп түгөтүп коюшканы оң.
Бала көбүрөөк даамдарды татып билүүсү үчүн та-
мактарга кошулган ар кандай татымдарга, кошулма-
ларга да абдан көңүл буруу керек.
#206 03 Июль 2015 - 16:18
убакыт сезимин өнүктүрөт
Бала кезимдегиден айырмаланып, азыр телеви-
зордун заманы. Учурда балдар үчүн телевизорсуз
жашоо мүмкүн эместей. Ата-энелер балдар менен
байланышын жоготпош үчүн, каалабаса да, алар
көргөн берүүлөрдү көрүшөт.
Телевидение балдардын жашоосунда сааттын ро-
лун аткарып калды, анткени аларда убакыт сезими
жок. Ар бир программа кайсы бир окуя менен са-
лыштырылат – атасы жумушка кетет, атасы жумуш-
тан келет, уктоо сааты келди ж.б.. Телеберүүлөрдүн
регулярдуулугу балада убакытка карата сезимдерди
калыптандырат.
Адатта, кичинекей бала бүгүнкү күн менен гана
жашайт, ал үчүн “өткөн чак” жана “келечек” деген тү-
шүнүктөр жок деп эсептешет. Болжолдуу эки жарым
жашка чыгып, сүйлөй баштаганда ал “чейин”, “ки-
йин”, “кечээ” жана “эртең” деген түшүнүктөрдү аңдай
баштайт. Башка сөз менен айтканда, ал сүйлөп, сөздү
түшүнө баштаганга чейин убакыт сезими жок. Бирок
бала учурду, келечекти жана өткөн мезгилди кайта-
ланып турган телепрограммалардан улам түшүнөрү
практикада кездешүүдө. Телепрограммалардын так
регулярдуулугу, үй-бүлөдөгү эртең мененки тамак,
түшкү тамак, атанын жумуштан келиши сыяктуу үй-
бүлөлүк жашоодогу күндөлүк окуялардан дагы так
убакыт кесилишинде ишке ашат. Телевизор баланын
күнүмдүк тартибин уюштурууда жакшы кызмат кы-
лышы мүмкүн. Так режимди балада жакшы манера-
ларды камсыздоо үчүн гана эмес, убакытты сезе би-
лүүсү үчүн да сактоо керек. Кээ бир энелер балдар
санаганга чейин эле балдарын саатты карап убакыт-
ты билүүсүн үйрөтөт. Бала сааттын желесинин маа-
нисин түшүнбөйт, андыктан желеге карап: “Саат се-
гиз болду, уктай турган мезгил келди”, - деп айтуунун
пайдасы жок. Бала саат сегиз болгондугу үчүн эмес,
караңгы болуп калгандыгы, уйкусу келгендиги үчүн
уктайт. Регулярдуу күн тартиби балада абстракттуу
убакыт сезиминин иштелип чыгышына өбөлгө түзөт.
Бул тартип бала үчүн саатты алмаштырат.
Жаңы телепрограммалар
баланын туура сүйлөөсүнө
жардамдашат
Бир эне эки жаштагы баласы экөө радио жана
телепрограммаларды угуп отуруп, туура сүйлөгөндү
үйрөнгөндүгүн мага айтып берген.
Сиз, балким, бала түшүнбөгөн нерсени угуунун
зарылчылыгы жок деп айтышыңыз мүмкүн. Бирок
ага баарын түшүнүштүн кереги жок, негизгиси ал
туура басым, тыным жана сүйлөө менен айтылган
сөздөрдү эстеп калуу өнөкөтү жаралсын.
Сабатсыз сөздөр жана туура эмес сүйлөө – бала
чоңойгон чөйрөнүн таасиринен улам болот. Чөйрө
биздин эркибизден тышкары аң-сезимибизге өчпөс
из калтырат, аны өчүрүүгө мүмкүн эмес. Эгерде чоң
кишиде сүйлөөдө бир өзгөчөлүктөр болсо, ал сөзсүз
балага өтөт, өз кезегинде андан баласына өтөт. Ушин-
тип тилдеги туура эместиктер жана бузуктар муун-
дан-муунга өтө берет.
Баланын аң-сезимине туура сүйлөмдөр бекем
отуруп калса, массалык маалымат каражаттарында
кеңири кездешкен жаргондордун таасиринен куту-
лушу мүмкүн, эгерде колдоно турган болсо да, өзү-
нүн тилине зыяны тийбейт.
2. Наристе куракта
мүнөздү тарбиялоо
Музыкалык шайкештик
кенже куракта
баарынан мыкты өздөштүрүлөт
Чогуу ырдоого кызыгып кеткен үй-бүлө же дос-
тордун тобу өздөрүнүн бош убактыларын ушундай-
ча уюштурарын фильмдерден байма-бай көрсөтүп
калышат. Билими жок карапайым айылдык тур-
гундар канааттануу менен чогуу ырдашат, алардын
үндөрү укмуштуудай кубулжуйт жана уккулуктуу.
Мындай аткаруудагы ырларды укканда бала аны бө-
лөк-бөлөк ноталар аркылуу эмес, толук аткарылы-
шы боюнча үйрөнөт. Аларды салыштыруу аркылуу
үндөрдүн ортосундагы айырмачылыктарды үйрөнөт.
Бала белгилүү түзүмгө баш ийген нерселерди жеңил
түшүнөт. Үндөрдүн айкалышуусун, үндөрдүн орто-
сундагы өз ара байланышты жана ар бир үндүн же-
кече өзгөчөлүктөрүн сезүүсүнө жардам берет. Чоң
кишилерде кынтыксыз угумду тарбиялоого болбойт,
бирок кичинекей балдарга туура музыкалык билим
берилсе, бул болушу мүмкүн.
Скрипкада ойногонду үйрөнүү
кунт коюу жөндөмдүүлүгүн
өнүктүрөт
1970-жылы Осакадагы жармаңкеде БУУнун күнү-
нүн урматына кичинекей скрипкачылардын концер-
ти болду. Концерт саат 11де башталды, бирок саат
8ден баштап эле балдардын көпчүлүгү аянтка келип
алышыптыр. Суукка карабастан, алар репетиция
кылышып, скрипкаларын күүгө келтирип жатышты.
Мен балдардын максаттуулугун көрүп таң калдым.
Албетте, бала жандуу, бардык нерсеге кызыккан
бала бойдон калууга тийиш. Бирок жандуулук ме-
нен бир жерде отура албагандык бир эле нерсе эмес.
Экинчи сапат чоң кишилер үчүн жагымсыз сапат бо-
луп саналат. Бир нерсеге узак убакыт бою кунт коё
албаган адам көп убактысын жана күч-кубатын ар
бир маселеде бошко кетирет.
Бир нерсеге жогорку деңгээлде кунт коё алган
адам абдан чоң артыкчылыкка ээ. Адатта, музыка
мектебинин окуучуларын тартиптүү жана жакшы
тарбиялуу дешет. Сиз бул балдардын ата-энелери
аларды катуу кармашат, ошондон улам алар кичи-
некей кезинен баштап түнт жана олуттуу болушат
деп ойлошуңуз мүмкүн. Таптакыр андай эмес! Алар
сабакта ата-энелери отургандыгы үчүн эле тынч оту-
рушпайт, өздөрүн мажбурлабастан эле жогорку дең-
гээлде кунт коё алышат. Мындай балдар окууга да
жакшы үлгүрүшөт, алар бир эле убакта башка бал-
дарга караганда көп жумуш кылышат. Натыйжада
алардын бош убактылары көп.
Доктор Сузукинин скрипка классына барган бал-
дардын ата-энелеринин бардыгы экзаменге даярда-
нууда такыр кыйналбагандыгын, балдар менен ко-
роодо ойноп, көп убакыт өткөргөнүнө карабастан,
чыңалуусуз жакшы окугандыгын айтышат. Бул жаг-
дай жаңы интеллектуал баланын тибин ортого чы-
гарды: шайыр, акылдуу жана коомчулук тарабынан
кабылданган өңү купкуу, арык, көз айнекчен балага
таптакыр окшобойт.
Конфуцийдин “музыка менен шайкештикте” де-
ген белгилүү сөзү бар. Музыка жан дүйнөнү жиби-
тип, мүнөздү жакшыртат деген түшүнүктү берүүдө.
Музыка сабактары өз кезегинде кунт коюу жөндөм-
дөрүн тарбиялай турган үзгүлтүксүз машыгууларды
талап кылат. Ошентип, музыка мүнөздү туура калып-
тандырууга да өбөлгө түзөт.
Скрипкада ойноо
лидерлик сапаттарды
өнүктүрөт
Башка адамдарды башкара билүү жөндөмдүүлүгү,
чоң кишилерге гана мүнөздүү нерсе деп эсептелинет,
андыктан бул сапат кечирээк тарбияланат. Чындыгын-
да лидерлик сапаттар көптөр ойлогондон алда канча
эрте куракта өнүгө баштайт. Кайсы балдардын тобун-
да болбосун кимдир бирөө лидердин ролун аткарары
байкалган. Доктор Ямашита өзүнүн “Балдар психо-
логиясы” деген китебинде потенциалдык лидер, анын
айланасында толтура балдар болгонуна карабастан,
дайыма өзүнүн ойлоруна жана кыймыл-аракеттери-
не ыкластуу бойдон кала берерин жазган. Оюнда же
башка иштерде ал жаңы нерсени түзгөнгө жана өзү-
нүн идеяларын ишке ашырганга аракет кылат.
Бул сапаттар скрипканы үйрөтүүдө да тарбия-
ланат. Ошондуктан доктор Сузукинин окуучулары
– шайыр, лидерликке ыктаган кубаттуу балдар экен-
диги таң калыштуу эмес. Бул балдар убагы келген-
де коомдо лидерлерден болушат, коомдо мындай
адамдарга дайыма муктаждык бар.
Сузукинин көптөгөн окуучулары дүйнөгө аты
чыккан белгилүү оркестрлерде жетектөөчү кызмат-
тарды аркалашат.
Кенже куракта
музыкалык билим алуу
баланын сырткы
келбетине да чагылат
Адамдын сырткы келбети негизинен тукумунан
көз каранды дешет. Ошентсе да, анын жашоосунун
жагдайына жараша сырткы келбети өзгөргөндү-
гүн көп эле жолу көрсөңүз керек. Албетте, көздүн
же мурундун формасын пластикалык операциянын
жардамы менен гана кардиналдуу өзгөртүүгө болот,
бирок сырткы келбет жана жүрүм-турум, манера-
лар жашоонун жагдайларына жараша жакшы эле
билинерлик өзгөрөт. Бул өзгөрүүлөрдү балдардан
да даана байкоого болот. Мисалы, музыка уккан же
музыка сабагына барган балдардын сырткы көрүнү-
шү анын таасиринен улам сөзсүз өзгөрөт. Биз кенже
курактагы балдарды өнүктүрүү ассоциациясында
балдардын тобу менен эксперимент жүргүздүк, ал-
гач энелер аларды чогулткан мезгилде бири-бири-
нен эч айырмаланышкан эмес. Андан кийин алардын
ичинен айрым балдарды ой келди тандап алышып,
аларга Моцарттын “Кичинекей түнкү серенадасын”
угузуп турушкан. Төрт айдан кийин алардын башка-
лардан абдан эле айырмаланышкандыгы байкалган:
алар жандуу болушуп, көздөрү жанып турган.
Белгилүү жапониялык музыка сынчысы Маруо
мага жазган катында: “Үндөр адамга зор таасирин
тийгизет. Ынтаалуу ата-энелер Экинчи дүйнөлүк со-
гуштан кийин кандай өзгөргөндүгүн сезишкен чыгар.
Бул үч себептен улам ушундай болду: 1) энелердин
маданий деңгээли өстү; 2) тамактануу жакшырды;
3) үндөрдүн балдарга тийгизген таасири артты. Ма-
руо музыка балдардын бет түзүлүшүн өзгөртөрүнө
ишенет. Ал бул кызыктуу феноменди бир кача жолу
байкаган. Ал музыка адамды сулуу кыларына ишен-
гендиктен “Адамды музыкага чөмүлтүү” методун
колдонот. Ал бир айлык баланын сөздөрдү эле угуу-
су жетишсиз болуп калат, ал, албетте, радиодон, те-
левизордон, магнитофондук жазуулардан музыканы
да угат деп эсептейт.
Ырларды жаттоо
эстутумду машыктырат
Кар эрийт
бактын бутагында,
көгүчкөн сайраган жерде.
Карачы, кичинекей мый-мый
акырын басып жүрөт
түшкөн күзгү жалбырактардын үстүндө.
Эмгектеп, күлөт бала,
ал эки жашка толду
бүгүн таңда.
Бул салттуу жапон ыры – хайку орто кылымдар-
дын акырында жашаган Исса Кобаянинин калемине
таандык. Биздин таланттарды тарбиялоо боюнча
эксперименттик мектебибизде мындай хайкуларды
эстутумду машыктыруу үчүн жатташат. Хайку мын-
дай максат үчүн абдан ыңгайлуу, анткени алар кыска,
ыргактуу – жеңил эсте калат. Андан тышкары алар
балдар поэзиясына коюлган талаптарга жооп берет:
“Эсте кала турган ырлар балада асыл сапаттарды тар-
биялап, алар жагымдуу, көркөм жана аларды өмүр
бою эстеп жүргөнгө татыктуу болушу зарыл. Ошол
эле мезгилде алар балага жагышы максатка ылайык”.
Алгач балдар Иссанын ырларынан күндө бирден
окушат. Аларга ырдын мазмуну жөнүндө айтып бе-
ришет, кийинки күнү алар аны жатташып, жаңысын
окуп үйрөнүү тапшырмасын алышат. Ошентип, бала
өзүнүн эстутумун машыктырат, ошол эле мезгилде
канааттануу алат. Алгач бала ырды жаттоо үчүн он
жолу угушу керек болсо, кийинки жолкусунда үч-
төрт жолу угуу жетиштүү болот, андан кийин бир
жолкусу жетиштүү. Бир жылда бала Иссанын 170
ырын жаттай тургандыгын айтышты.
Кайталоо – окуунун негизи. Бул – аксиома. Эгер
бала бир сапты унутуп калса, ырды башынан аягына
чейин кайталап чыксын. Ушундай шарт менен өзү-
нүн эстутумун машыктыргандар жомокту үч же төрт
жолу окугандан кийин эстерине сактай алышат.
Кээ бир окурмандар эстутумду мындай машык-
тырууга күмөн саноо менен карашы мүмкүн. Мен
дагы башында Иссанын ырлары балдарга болбойт
деп ойлогом. Бирок мындай сабактардын максаты
ырды жаттоо менен эле чектелбейт, андан тышкары
баланын эстетикалык сезимдерин, акылын, чыгарма-
чылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Баланын мээси 100дөн 200гө чейинки кыска
ырларды жаттап калууга жөндөмдүү. Бирок мээни
колдонбосок, аны дат басат. Аны канчалык көп кол-
донсоңуз, ал ошончолук жакшы кызмат кылат жана
өнүгөт.
Бала кайталоодон канааттануу алган мезгилде
анын жаттоо жөндөмдүүлүгүн машыктыруу керек.
#207 03 Июль 2015 - 16:19
өзүңүздөгү эң жакшы
нерселер менен курчаңыз
Илгери эски буюмдарды саткан адам өзүнүн
болочоктогу шакиртин алгачкы алты айында ис-
кусствонун эң баалуу жана чыныгы үлгүлөрү менен
курчаган, ал аларды көзүнө сиңирген, чыныгы антик-
вариатты жасалмасынан дайыма айырмалай алсын
деген максатта ушундай кылган.
Окутуунун бир ыкмасы балдарды тарбиялоодо
жакшы колдонулат. Таза кагаздай болгон мээсинде
чыныгы искусствонун үлгүлөрү сакталып калса, ал
анын эсинде өмүр бою калат. Ал чоңойгон мезгил-
де мээси жасалма нерселерди кабылдабайт жана
ата-энеси анын табитине таасир эте албайт. Эгерде
анын мээсинде жасалмалар сакталып калса, чыныгы
искусствого сезимтал боло албайт. Албетте, нагыз
нерселерди жасалмалардан ажыратуу дайыма эле
оңойго турбайт. Ата-энелер өз баласынын эстетика-
лык муктаждыктарын канааттандырууда өздөрүнүн
табиттерине ишениши жана бардык мезгилдерде
бааланган искусствонун мыкты үлгүлөрүн жетекчи-
ликке алышы зарыл. Балага, сүрөттүн татаал тилин
түшүнбөйт деп, жөнөкөй сүрөттөр гана тартылган
китептерди берүү менен чектелбөө керек. Эгерде
ата-эне Матиссаны жана Пикассону бааласа, алар-
дын картинасын сөзсүз баласына көрсөтсө болот.
Эгерде ата-эне Бетховендин жана Моцарттын музы-
каларынан канааттануу алса, баласы да алардын му-
зыкасын мүмкүн болушунча көбүрөөк уксун.
Качан гана мээде анык искусствонун стереотиби
калыптанса, кийин искусство чыгармаларын баалоодо
негиз катары кызмат кылат.
Азыркы учурда бүткүл дүйнөдөгү энелер балда-
рын поп-музыкадан башка эч нерсеге кызыкпайт деп
тилдешет. Бирок кичинекей кезинен бери мындан
башка музыка укпаган балдардан эмнени күтүүгө
болот, ал музыка алардын мээсине бекем орноп кал-
ган. Албетте, андан татаал музыка укканга алардын
дараметтери жетпейт. Баланын аң-сезиминде белги-
лүү мөөрлөр калыптанып калгандан кийин балдарды
башка нерсеге үйрөтүү кеч болуп калат.
Эстетикалык табитти калыптандыра турган ис-
кусствонун эки түрү болгон музыканын жана сүрөт-
түн таасир этүү күчү кенже курактагы тарбияга бай-
ланышкан. Эгерде бекем пайдубал түптөлө турган
болсо, бул баланын кийинки жашоосун жеңилдетет.
Ата-эненин жардамы өз убагында болушу керек.
Бала – улуу туурагыч
Мен үч жашымда кошунабыздын кекечтенгенин
туураганды жакшы көрчүмүн. Апам мени: “Токтот-
кун! Кекечтенүү жугуштуу”, – деп урушчу.
Кенже курактагы балдар тууралуу көптөгөн ки-
тептердин автору К. М. Жоунс иттен корккон балдар-
ды өз иттери менен ойногон балдарга алып барууну
сунуштайт. Ал балдарды туурап жатып, өз коркуусу-
нан кутулат.
Мен бир энеден анын баласы алдына келген кан-
дай гана тамакты болбосун табит менен жеген кур-
даш балдар менен чогуу отургуза баштаганга чейин
өтө эле тандап жегендигин уктум. Кээде табити жок
балдар тамакты мыкты табит менен жеген үйлөргө
барып келгенден кийин жакшы тамактана башташат.
Эне анын жасаган тамагы балага жакпай жатат деп
ойлошу мүмкүн, чындыгында балдар башка балдар-
ды туурап жаткан болушу мүмкүн.
Балдар башкаларды биринчи жылдан баштап эле
туурай башташат, ал эми экинчи, үчүнчү жылдары
өзүнүн курдаштарын гана эмес, жашы улуу балдар-
ды да аң-сезимдүү туураганга өтүшөт. “Балдар – чоң
кишилердин күзгүсү” деп бекеринен айтышпайт.
Андыктан балдар менен болгон мезгилде өзүңөр-
дүн жүрүм-турумуңарга өзгөчө балдар туурамчыл
куракта болгон мезгилде көңүл бургула. Үч жашта-
гы балдар бардык жесттерди, башкалардын сүйлөө
манерасын, басканын ж.б. туурашат.
Алардын тууроого ык коюусу баланын эмоционал-
дык абалына да таасир этет. Бала ачуулуу бала менен
ойносо, ачуулуу болуп калышы мүмкүн же анын досу
самолёттон корксо, ал да корко башташы мүмкүн.
Туурап жатып бала жөн эле маймылга окшош-
пойт – бул чыныгы чыгармачылыктын үлгүсү болуп
саналат. Аны тилдебеңиз жана буга өтө эле маани
бере бербеңиз, жаңыдан гана ачылып келе жаткан
чыгармачылык инсандык данын тебелеп албаңыз,
бул сиздин максаттарыңызга туура келбейт.
Бир иштеги ийгиликтер
башка иштерде
ишеним жаратат
Биз бир нече жолу белгилегендей, скрипка сабак-
тары же чет тил дарстары баланы гений кылып өстү-
рүү үчүн эмес, негизинен анын жалпы интеллектуал-
дык өнүгүүсүн камсыздоо үчүн керек. Бала үчүн бир
эле нерсеге тартылып калбастан, өз күчүн мүмкүн
болушунча көп нерсени камтыган ар кыл сабактарда
сынап көрүшү пайдалуу.
Экинчи жагынан алганда, эгер ал бир тармакта
ийгиликке жетишсе, ал ага ишеним тартуулап, баш-
ка сабактарда да ийгиликтүү болушуна түрткү берет.
Мындай мисалдар өтө эле көп. Доктор Сузукинин
классында 3 жаштагы уялчаак бала бар эле. Ал баш-
ка балдарга салыштырмалуу начар сүйлөчү, алар ага
күлүшүп, оюнга кошушчу эмес. Андан скрипкада ой-
ноп кой деп суранганда ал ыйлап, скрипкага жолобой
да койгон. Ал чыдамкай доктор Сузукинин сабагына
эки ай баргандан кийин ойной баштаган, ал эми алты
айдан кийин ал пиццикатону баарынан мыкты ойноп
калган. Бул анын өз күчүнө ишенүүсүнө түрткү бол-
гон. Ата-энесин таң калтырганы – ал өз демилгеси
менен машыга баштаган. Андан тышкары ал башка
иштерде да жигердүү катышып, адамдар менен ма-
милечил боло баштаган. Ал өзүн дирижёр катары көп
элестетип, кошуналардын балдарынын арасында ли-
дер боло баштаган, анын кеп-сөзү абдан оңолгон.
Мындай өзгөрүүлөр чоң адамдарда да болот, би-
рок психологиялык тынчсыздануулар анчалык терең
эмес болгон кичинекей балдарда мындай өзгөрүүлөр
жеңил-желпи өтөт.
3. Чыгармачылык
жана көндүмдөр
Балаңызга карандашты
мүмкүн болушунча
эртерээк бериңиз
Сегиз айлык болгондо бала карандашты колу-
на кармай алат. Баланын кармоо жөндөмдүүлүгүнүн
башкалардан жакшы өнүккөндүгү саламаттыгынын
жайында экендигинен кабар берет. Ушул куракта бала
китептерди тытып, оюнчуктарды бөлүктөргө ажыра-
тып, энесинин айласын кетире баштайт. Башка сөз
менен айтканда, бала өзүн көрсөтүү баскычына кирет.
Баланын аракеттерин туура багыттоо маанилүү,
анткени баланын болочоктогу чыгармачылыкка жөн-
дөмдүүлүгү ушул учурдан көз каранды. Ага түстүү
карандаштарды бериңиз. Албетте, жердин баарын
боёп, чийгилей баштайт. Эгер ага таза кагаз берсе-
ңиз, бир канча кыйшык сызыктарды сызып, кагазды
тытып ташташы ыктымал. Сиз үчүн бул балдардын
тартайган жазуулары болушу мүмкүн, ал үчүн бул
өзүн көрсөтүү болуп саналат.
Бирок көптөгөн ата-энелер балдардын мындай
өзүн көрсөтүүгө умтулууларын байкабай басып кою-
шат. Алар балага өздөрүнүн көз карашын таңуула-
шат: “Карандашты мындай карма!” “Алмалар кызыл
болуш керек”, “Айлананы момундай тарт”, “Китепти
тытпа”, “Кагазды полго ыргытпа”, “Столго жазба”.
Кичинекей балага мынча тыюулар көп эмеспи?
Кээде кичинекей баласы бар үй өзүнүн тазалыгы
жана ирээттүүлүгү менен таң калтырат. Адатта, үйдү
да ушунчалык таза кармап, баланы да багып үлгүрүп
жаткандыгы үчүн мактоо айтышат. Чындыгында, ба-
лага эртеден кечке чейин караган учурда үйдү таза
кармоого күч да, убакыт да жетпейт. Эне үчүн анын үй
чарбасын жүргүзүүдөгү ак ниеттүүлүгү өз баласынын
чыгармачылыгын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылып жат-
кандыгын билүү күтүлбөгөн жагдай болушу мүмкүн.
Баланын колу менен жасаган нерсенин барды-
гы – сүрөт тартуу, оюнчуктарды ары-бери ыргытуу,
кагазды тытуу – анын интеллектисин жана чыгар-
мачылык дараметин өнүктүрөт. Балага карандашты
канчалык эрте берсеңиз, жыйынтыктар ошончолук
жакшы болот. Бирок ошол эле мезгилде аны тез-тез
токтото берсеңиз, баары бир анын чыгармачылык
жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылган
болосуз.
Сүрөт тартуу үчүн
стандарттуу барак –
стандарттуу адам
Сүрөтчү-жасалгалоочу Хироше Минабе азыркы
үч жашка чейинки балдарды тарбиялоого нааразы.
Менин оюмча, анын кээ бир идеялары көңүл бурууга
арзыйт.
Мисалы, сүрөтчү сүрөт тартуудан мурун кандай
форматта болорун чечип алат. Ал эми балага болсо
стандарттуу барак берилип, аны тандоо мүмкүнчүлү-
гүнөн ажыратып коюудабыз.
Ушундай эле абал башка жагдайларда кезигет.
Мисалы, балага атайын балдар ырлары жана жомок-
тор гана ылыйыктуу деп кабылданган. Чоң кишилер-
дин мындай чектелген ойлору өз кезегинде балдар-
дын кыял чабытын да чектейт.
Балдарга стандарттуу гана кагаз барактарын бер-
ген учурда алар ички сезиминде бардык сүрөттөр
бирдей өлчөмдө болушу керек деген ойду өздөш-
түрүшөт, бул ата-энелердин жана тарбиячылардын
каалаганы болуп саналат.
Бала карандашты колуна алган мезгилде абдан
чоң дүйнөнү көрөт (ата-энелер элестеткенден алда
канча чоң), таза кагазга из калтыра аларын байкайт.
Бул чоң дүйнө стандарттуу кагаздын барагынан алда
канча чоң. Мен балага үстүндө эмгектеп жүрүп тар-
та турган килтейген кагаз берер элем. Стандарттуу
кагаз чыгармачылыктан жана жеткиликтү жашоого
туруктуулуктан куру калган стандарттуу кишинин
калыптанышына түрткү болот.
#208 03 Июль 2015 - 16:20
баланын көңүлүн
чачыранды кылат
Менин оюмча, Жапонияда балдарга өтө эле көп
оюнчуктар белекке берилет. Дүкөндөрдө бала өзүнө
жагып калган оюнчукту сатып бер деп долуланганда
ата-энеси чыдай албай сатып берген учурларды көп
эле көрүп жүрөм. Бирок көптөгөн мектепке чейинки
тарбия боюнча адистер баланын каалаган нерселе-
рин баарын сатып берүүдөн баш тартуу балага болгон
мээрмандыктын жеткиликсиздигин көрсөтпөйт, тес-
керисинче, антүү баланын кызыкчылыгынын эске алуу
деп айтышат. Көптөгөн психологдордун ою боюнча,
балдардын айланасында ашыкча оюнчуктар болгон
мезгилде бул жагдай аны басмырлап, бирөөсүнө кунт
коюшуна тоскоолдук кыларын айтышат. Бала бир оюн-
чук менен эң жакшы ойнойт, аны менен ар кыл оюндун
түрлөрүн ойлоп табат. Анын кыялында жыгачтын сы-
ныгы же чайнектин сынган капкагы жомок үйүнө же
укмуштуу көлгө айланып, дүкөндөн алынган кымбат
оюнчукка караганда кызыктуурак болушу мүмкүн.
Демек, сиз баланын стандарттуу эмес ойло-
нуусун, тапкычтыгын өнүктүргүңүз келсе, ал сура-
гандын баарын эле сатып бербеңиз. Муну менен сиз
түптүз карама-каршы натыйжага жетишесиз.
Балага коркунучтуу болушу
мүмкүн болгон нерселердин
бардыгын андан алыс
коё бербеңиз
Өтө камкор энелер балага зыян келтире турган
нерселердин бардыгын андан алыс койгонго ара-
кет кылышат. Бала жаңыдан гана эмгектеп же баса
баштаган мезгилде, адатта, туруксуз болот, кумара-
ны оодарып таштаган болот, электр чубалгыларын
кармай калат, бетондолгон полдон сыйгаланып ке-
тет. Албетте, энелер баланы бардык коркунучтардан
алыс кармаганга аракет кылышат, мизи жок жана ал
ордунан жылдыра албаган гана буюмдарды калты-
рып, калган нерселерди алып ташташат. Натыйжада
алар өз балдарынын айланасында боштукту пайда
кылышат.
Мен буга чейин баланын тактилдик сезимдери-
нин маанилүү экендигин айткам. Монтессори айым
балдарга максаттуу түрдө катуу жана жумшак, орой
жана жагымдуу, мокок жана курч, оор жана жеңил
буюмдарды берүү керек деп сунуштайт. Баланы кур-
чап турган чөйрөнүн бардыгы кызыктырат. Ал буюм-
дарды кармап көрөт, кээде оодарат, бөлүп-тытат,
бул – анын кызыгуусу жана чыгармачылык жөндөм-
дүүлүгү өсүп жаткандыгынын белгиси.
Баланын тартип тууралуу
өз түшүнүгү бар
Бала үчүн үйдө идеалдуу тартиптин шартында
жашоо зыяндыгын айтуу менен үйдө башаламандык
болсун деген жокмун. Мен буга чейин бир канча жолу
айткандай, анын мээсинде стереотиптер калыптанат,
бул нерселер түстөргө, формаларга, турган жерине
карата сезимталдыгын арттырат.
Анын образдарды таанып билүү жөндөмдүүлүгү
дайыма кайталоонун негизинде калыптангандыктан,
эгер ал бир эле буюмду дайыма бир жерден көрүп
жүрсө, бул ага позитивдүү таасир этет, башка көн-
дүмдөрдүн өнүгүшүн жандантат.
Бала жашоосундагы өзгөрүүлөргө абдан сезим-
тал келет. Кээде бала эч себепсиз эле ыйлай баштайт,
тамакка табити жоголот, температурасы жогорулайт.
Бул симптомдор чоң кишилер байкабаган жагдай-
лардын өзгөрүшүнө карата реакция болушу мүмкүн.
Башка сөз менен айтканда, бардык өзгөрүүлөр
баланын тартип жөнүндөгү түшүнүгүн бузат. Эгерде
бул өзгөрүүлөр жагымсыз болсо, ал ага карата реак-
ция кылат.
Биз балдардын чоң кишилерге караганда айрым
өзгөрүүлөргө карата сезимтал экендигин мыйзам
ченемдүү көрүнүш катары карашыбыз керек. Бал-
дар буюмдарды өз-өзүнчө эмес, бири-бири менен
байланышта кабылдайт. Бул өз кезегинде алардын
өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, андыктан биз, чоң кишилер,
кескин өзгөрүүлөрдөн качышыбыз керек, алар бала-
нын дүйнөдөгү тартип жана туруктуулук жөнүндөгү
түшүнүктөрүн бузуп коюшу мүмкүн.
Балага байкоочулук кызмат
бериңиз
Коляскада жаткан баланы көргөндө ал жылаңач
шып же чиркейлерден коруй турган сеткадан башка
эч нерсени көрбөй жатат деген ой дайыма башыма
келе берчү. Кээде чоң кишинин жүзү пайда болот да,
тез эле жок болот. Бул жакшы эмес. Бала бир нер-
селерди карап, байкап турушу керек. Бүт дүйнөдө
керебеттин үстүнө шылдырак илип коюшат. Менин
оюмча, бул жетиштүү эмес.
Монтессори айым менин коркууларыма кошулат.
Анын ою боюнча, балдар бул куракта сезген нерсе-
леринин бардыгын өзүнө сиңирип алат, эгерде бала
дайыма өзүнүн керебетинде же коляскасында чал-
касынан эле жата берсе, анын мындай муктаждык-
тары канааттандырылбай калат. Чоң кишилер балага
эңкейишкени менен, бул жагдай алардын көзүн дүү-
лүктүрөт, анткени ал башын бура албастан көрүнбөй
калган нерсени ээрчигенге аракет кылат. Мен улам-
улам эңкейгендин же оюнчук менен толтургандын
ордуна жантайынан жаткызууну сунуштайм, бул
жагдайда ал үчүн баарын көрүп туруу мүмкүнчүлүгү
түзүлөт. Натыйжада ал колясканын сыртында эмне
болуп жатканын көрө алат.
Оюнчуктар колго жагымдуу
болууга тийиш
Сүрөтчү Хироше Манабе өзүнүн кайталангыс сү-
рөттөрү менен белгилүү. Анын өз балдары аркылуу
тажрыйбадан өткөргөн тарбиялоо теориясы бар.
“Балдарыма эч качан даяр оюнчуктарды сатып
албайм. Мен аларга бөлүктөрдүн топтомун берем,
өздөрү оюнчук чогултуп алышат. Эгерде алар чогул-
та алышпаса, ыйлай башташат, эч ким аларга жардам
бербей тургандыгын билишет. Эгерде аларга оюнчук
керек болсо, өздөрү чогултуп алышы керек. Ошон-
дуктан алар бардык күчү менен аракет кылышат”.
Бул мыкты тарбиялык ыкма – ал өз ичине “жетиш-
кендик кубанычын” камтыйт, даяр оюнчуктар менен
ойногон балдар мындай кубанычка бата алышпайт.
Чогултула турган оюнчуктар балдардын жаш кура-
гына туура келиши өтө маанилүү, андай болбосо, ал
бала үчүн кыйноонун булагы болуп калышы мүмкүн.
Балдар дүкөнүнө барган мезгилде ар түркүн түс-
төгү оригиналдуу оюнчуктарды көргөндө чоң киши-
лердин да көзү жылтырайт. Биз балдар да бул сатып
алууларга кубанышат деп тыйындарга чейин корото-
буз. Адатта, балдар жаңы оюнчуктар менен бир нече
мүнөт ойношот да, ыргытып коюшат. Ар бир ата-
энеде ушундай тажрыйба болгон.
Даяр оюнчуктар балдарга кээ бир учурларда гана
жагат, анткени алар курчап турган чөйрөгө көп деле
байланыштуу эмес. Аларга оюнчуктардын кооз жана
кызыктуу эле болушу жетиштүү эмес. Ал курула турган
темир жолду чогултуп, кайра курап, поезддин жылга-
нына байкоо жүргүзүп көбүрөөк ойношу мүмкүн.
Монтессоринин идеясы боюнча, тиричиликтеги
реалдуу нерселерге окшогон оюнчуктардын сериясы
иштелип чыккан. Аларды кармаганга, ыргытканга,
бири-биринин ичине салганга, чечкенге жана топ-
чулаганга, ачканга жана жапканга да болот. Бул көн-
дүмдөрдүн бардыгы балага жашоодо керек болот.
Чоң кишилерде тигил же бул оюнчуктун баалуулу-
гу тууралуу анын бала кезде алган таасиринен улам
бурмаланган көз караш болушу мүмкүн. Бала аны
курчап турган оюнчуктарды кызыгуу менен таанып
үйрөнөт, өзгөчө ага “жетишкендик кубанычын” тар-
туулаган, анын чыгармачылыкка болгон муктажды-
гын канааттандырган нерселерге өзгөчө маани берет.
Китептер окуу үчүн гана эмес,
ал эми кубиктер
курулуш үчүн гана эмес
Өзүбүздүн чектелген кыялдарыбыз менен биз,
чоң кишилер, китепти окуу үчүн, ал эми кубиктерди
куруу үчүн гана колдонобуз деп ойлойбуз.
Китепчелер жана кубиктер, адатта, баланын эң
алгачкы оюнчуктары болуп саналат. Чоң кишилер
алар менен кантип ойноо керектиги тууралуу өз көз
караштарын таңуулашат.
Эгерде бала эмне менен кандай ойноп жатканды-
гына карабастан, өзү билгендей ойноп жатса, демек,
максат орундалган болот. Аны тууралоо – анын чы-
гармачылыгына, өнүгүүсүнө жолтоо болуу же анын
оюнга болгон кызыгуусун жок кылуу дегендик.
Ал китепти туннель катары колдонушу мүмкүн
же ага сүрөт тартып, айрып да коюшу мүмкүн. Ага
китепти берип, окууну гана талап кылгандан көрө,
таптакыр бербей койгон эле оң. Анда окууга болгон
кызыгуу пайда болгон кезде китепти окуу баарынан
кызыктуу экендигин өзү түшүнөт.
Бала үчүн бир гана багытта колдонсо боло турган
даяр оюнчуктар менен ойноо кызыксыз. Канчалык
кымбат баадагы оюнчук болбосун, бала өзүнүн бай
ой чабытына карата колу менен ылайыкташтыруу
мүмкүнчүлүгү болбосо, ал бала үчүн эч кандай баа-
луулукка ээ эмес.
Ар бир ата-эне ушундан өткөн. Адатта, биринчи
балага абдан көп оюнчук сатылып алынат, ал эми
экинчи балага аз оюнчук сатылып алынат, ата-энелер
алардын ашыкчасы зарыл эмес экендигин түшүнүп
калышат. Эң жакшысы – бир канча, бирок пайдалуу
оюнчуктардын болгону.
Бала үчүн ойной турган материалдар – ал көргөн
жана кармай алган нерселер. Ага оюнчук сатып алуу-
га көп муктаждык жок, андан тышкары андан “кан-
дай ойнолушу керек болсо, ошондой ойногун” деп
талап кылбаңыз.
#209 03 Июль 2015 - 16:21
кагаздан оюуларды кесүү,
кагаздан фигураларды жасоо
баланын чыгармачылык
дараметин өнүктүрөт
Айланаңызга караңызчы – кылымдар бою колдо-
нулуп келген, сизди таң калтыра турган канчалаган
жөнөкөй оюнчуктар бар. Бул ылай, кесүү үчүн кагаз,
фигураларды жасоо үчүн түстүү кагаздар.
Бул материалдарга тиешелүү бир жалпы өзгөчө-
лүк бар – алардын аныкталган формасы же колдону-
луш багыты жок. Башка сөз менен айтканда, аларга
каалагандай форма берсе болот. Дал ошондуктан ин-
теллекти өтө тез темп менен өсүп жаткан кенже курак-
тагы балдар үчүн идеалдуу оюнчук болуп саналат. Ал
бул материалдар менен каалаган нерселерин жасай
алат. Мисалы, биз бир жашка чыга элек балага ылай
жана кагаз бердик дейли. Бала аларды эч максатсыз
эле бир нерселерди жасайм дебестен кармалай баш-
тайт, ал анын эмне экендигин талдайт. Бирок аларды
кармалап жатып алардын формаларын өзгөртөт, өзү
ал өзгөрүүлөргө таң калуу менен байкоо салат. Мунун
өзү ал үчүн чоң тажрыйба болуп саналат.
Бул курактагы бала ылайды жана кагазды улам-
улам бүктөп, кармалап жатып, бул процесстин өзү-
нөн канааттануу алат. Көмүскө сезиминде аракет ме-
нен жыйынтыктын ортосундагы себеп-натыйжанын
ортосундагы айырманы түшүнө баштайт.
Акырындык менен ал ылайга форма берип, кагаз-
дан кеме жасаганга аракет кыла баштайт. Баланын
өнүгүү мезгилине карата бул оюнчуктарды жөнөкөй
жана татаал нерселерге айландыруу өтө эле жеңил.
Кенже куракта жабыштырып баштаган бала ар
кандай көндүмдөрдү өздөштүрүүдө өзүнүн курдаш-
тарынан алда канча алдыга кетет. Мындагы ийгилик
анын эрте куракта жабыштыруу менен алектенген-
дигинде эмес, жабыштыруу анын интеллектуалдык
жана чыгармачылык дараметин ойготкондугунда.
Колдун эптүүлүгү жана өзүн жеткире алуу – жабыш-
тыруудан улам пайда болгон сапаттардын айрымда-
ры гана.
Ролдордо ойноо
балдардын чыгармачылык
дараметин өнүктүрөт
Музыка же чет тил сыяктуу сабактардын башкы
максаты, биз буга чейин бир нече жолу баса белги-
леп кеткендей, балдарды бир нерсеге окутуп коюу
эмес, анын чексиз потенциалын өнүктүрүү. Ролдук
оюндар ушул эле максатта кызмат кылат.
“Улуу адамдардын балалыгындагы айрым ас-
пекттер” деген китептин авторлору төмөндөгүдөй
жыйынтыкка келишкен: ар бир бала социалдык
абалына же расасына карабастан, өзүндөгү бардык
мыкты нерселерди өнүктүрүү үчүн, шыктуулугунун
деңгээлинен көз каранды болбостон, өздөрүнө кам-
кордук менен мамиле кылууга, шыктандырууга жана
жардамга муктаждыгы бар. Биз, чоң кишилер, аларга
ушул түшүнүктү камсыздап, жардам беришибиз ке-
рек, бул убакытты жана чыдамдуулукту талап кылат.
Балдар жазуучусу Горо Маки балдардын чыгарма-
чылыгын өнүктүрүүдө театр жана ролдорду аткаруу
– эң мыкты ыкма болуп саналат деп эсептейт. Бирок
ал өкүнүү менен, театралдык көрсөтүүлөр балдарга
шыр эле оң таасир эте бербегендиктен, тез жыйын-
тык алгысы келген ата-энелердин үмүттөрү акталба-
шы мүмкүн деген. Мен театрга ойноого жана пьесага
кызыккан балдарга жүргүзүлгөн байкоолордун жы-
йынтыктары менен тааныштым. Башталгыч класстын
биринчи, экинчи класстарында алар орто же ортодон
төмөн деңгээлде окушкан, андан кийин башка бал-
дарды артка калтырып, алдыга озуп кетишкен.
Мен балдарга пьесаларда ролдорду аткарууну же
кыйшактоону сунуштаган жокмун. Мен, карандаш-
тардан же музыкалык аспаптардан айырмаланып,
дене кыймылдары жана сөздөр аркылуу өзүн билди-
ре алуусу жөнүндө айтып жатам. Бул оюндардагы эң
баалуу нерсе – топтогу башка мүчөлөр менен болгон
мамилелерде өз оюн эркин жана түз билдире алуу
мүмкүнчүлүгү.
Дене көнүгүүлөрү
интеллекттин өнүгүшүнө
өбөлгө болот
Профессор Куньо Акуцу Кенже куракта өнүктү-
рүү ассоциациясынын тапшырмасы боюнча изилдөө
жүргүзүп, баскандагы жаман келбет бала кездеги
жетишсиз физикалык машыгуунун натыйжасы экен-
дигин аныктады.
Балдар эң эрте сегиз айлык кезинен баштап баса
башташат. Бул куракта аларды негизги кыймылдарга
машыктырбаса, алар аны эч качан туура жасашпайт
жана ушул эле мээ системасынын негизин түзгөн
башка көндүмдөрдү өздөштүрө алышпайт. Бул маа-
ниде алганда, басууга эрте куракта машыгуу кенже
куракта музыка сабагын же чет тилди үйрөнгөндөй
эле роль ойнойт.
Биринчиден, балдардын негизги кыймылдык
көндүмдөрүн бала кезден машыктыруу жана туура
физикалык даярдык балдардын акыл жактан өнү-
гүүсүнө негиз түзөрүн айтуу менен балдардын дене
тарбиясы жөнүндө сөз кылууну көздөп жатам.
Наристелик куракта баланын мээси денеден бө-
лөк өспөйт. Акыл жактан өнүгүү физикалык жана
сезимталдык өнүгүү менен жанаша жүрөт. Мисалы,
сууда сүзүү булчуңдарды гана эмес, рефлексти да
өнүктүрөт.
Профессор Ацуку: “Физикалык көнүгүүлөр бар-
дык органдардын иштешин жакшыртат жана бала-
нын сырткы стресстерге каршылыгын күчөтөт”, –
деп жазат.
Албетте, баланы тамактандырып, ага кам көрсө-
ңүз деле чоңоёт. Бирок, эгерде сиз ага башка эч нерсе
бербесеңиз, бала төрөлгөндөгү жөндөмдүүлүктөрдүн
топтому өнүкпөй калат. Физикалык көнүгүүлөр – анын
өнүгүүсүндөгү негизги компоненттердин бири. Алар
булчуңдардын, сөөктөрдүн, ички органдардын жана
мээнин өнүгүшүнө өбөлгө болот. Эрте баскан балдар
зээндүү болору байкалган. Бул ургаалдуу физикалык
жагынын интеллектинин өнүгүшүнө негиз түзөт.
Оң колуңуз сыяктуу эле,
сол колуңузду дагы
машыктырыңыз
Сиздин тааныштарыңыздын арасында сологой-
лор көппү? Балким, бирөө же экөөдүр. Ал эми эки
колун тең бирдей колдоно алган адамдар саналуу
эле. Адам ата менен Обо эне оң кол болушканбы,
билбейм, бирок адамзат тарыхынын бир этабында
оң колду колдонуу норма болуп калган. Баары – ав-
томобилди башкаруу, спорттук жабдыктар, ашка-
на буюмдары жана шаймандар оң колун колдонгон
адамдарга ылайыкталган. Андыктан ата-энелер бал-
дарын оң колун колдонгонго үйрөтүшөт.
Жапонияга караганда Америкада эки колун бир-
дей колдонгондордун саны өтө көп кездешет. Бирок
сологой эместердин саны алда канча көп. Бул оң
колду колдонууга артыкчылык берүү кандайдыр бир
негизге таянабы? Колго күч келтирүү жүрөккө күч
келтирет деген теория бар. Бирок мен жүрөгү оору-
луу сологойлорду эч качан кезиктирген эмесмин. Ки-
чинекейинен сологой болгонуна карабастан, оң колун
машыктырып алган бир адамды билем, ал азыр эки
колун тең бирдей колдонот. Бул жөнүндө укканда
сол колумду машыктырганга аракет кылдым, бирок
ийгилик болгон жок. Менин курагымда бул мүмкүн
эмес: сол колум кыйшык-мыйшык жазат, ал тургай
топ да көздөлгөн багытта учпайт.
Оң кол жана сол кол бир убакта жаралган, алар-
дын анатомиясы бирдей. Эмне себептен алар ар кан-
дай кызмат кылат? Сыягы, бала кезден баштап аларга
ар башка мамиле болгондугу үчүн.
Маймылдардын оң колу менен сол колунун ор-
тосунда айырмачылыктар болбойт, алар тамактануу
жана ойноо үчүн эки колун тең эле эркин колдону-
шат. Демек, адам бул жагынан маймылга караганда
азыраак өнүккөн.
Эне баланы эмизген мезгилде баланы дайыма сол
колуна кармап, оң колу менен бир нерселерди да жа-
сай турган болсо, баланын оң колу басылган болот
да, анын сол колу жакшыраак өнүгөт деген божомол
бар. Кээде бала күтүүсүздөн эле сол колу менен жаза
баштайт, бул учурда анын сол колу оң колуна кара-
ганда жакшы өнүгөт.
Ар бир адам кенже курактан эки колун тең кол-
доно баштаса, оң колу менен сол колун бирдей өнүк-
түрө алат. Манжаларды машыктыруу интеллекттин
өнүгүшүн камсыз кыларын айткам. Бул көз караштан
алганда, сол колду эске албай коюуга болбойт.
Балдарга
баскан пайдалуу
Машиналардын кыймылынан улам биз көчөдө
ойногон балдарды көрө албай калдык. Аларды эне-
лери жетелеп жүрүшөт, өздөрү ары-бери чуркаганга
уруксат берилбейт. Сизде балдарыңыздын ылдамды-
гы менен жүргөндөй убакыт жок деп арыздануудан
баштагандан мурда басуу аларга канчалык пайдалуу
экендигин ойлонуңуз.
Басканда дене толук иштейт. Биздин 639 булчу-
ңубуздун 400ү басканда ишке кирет. Башка физи-
калык көнүгүүлөрдөн айырмаланып, баскан учурда
чыңалуу менен бошоңдоо бир калыпта алмашып
турат. Туура баскан учурда бир буттун булчуңдары
чыңалса, экинчи буттуку эс алат. Кубатты жоготуусуз
салмактуу кыймыл ишке ашат.
Көптөгөн жазуучулар иши солгундап, алдыга
жылбай калган мезгилде чыгып басышарын, натый-
жада жаңы идеялар пайда болгондугун бекеринен
айтышпайт. Биз басууну өзүнөн-өзү боло тургандай
этибарга ала бербейбиз. Бирок бул мындай эмес. Ка-
рышкырдын үңкүрүндө чоңойгон эки кыздын окуясы
көрсөткөндөй, эгерде аны төрт буттап баскан жан-
дыктар коштоп жүрсө, ал эмгектеп басканын уланта
бермек. Кенже курактан баштап баланы туура ба-
сууга үйрөтүү өтө маанилуу.
#210 03 Июль 2015 - 16:22
машыктырууга муктаж
Жубайлар Икеда, экөө тең гимнаст, тун баласын
биздин Кенже куракта өнүктүрүү ассоциациясы иш-
теп чыккан система боюнча машыктырууну чечиш-
ти. Убакыт өткөндө ал укмуштуудай спорттук жөн-
дөмдүүлүгүн көрсөттү. Ата-энеси “ага бул талант
бизден жукту, бул анын канында бар” деп чечишти.
Андыктан экинчи баласы менен алектенбей коюш-
ту, ал ошол эле спортчу ата-энелерден төрөлсө да,
эч кандай спорттук жөндөмдүүлүктөрүн көрсөткөн
жок. Ошондо жубайлар кыймыл жөндөмдөрү машы-
гууга караганда тукум куучулуктан азыраак көз ка-
ранды деген тыянакка келишти.
Биздин денебиздин түзүлүшү жана кыймыл коор-
динациясы тукум менен байланышкан. Бирок жа-
ратылыштан алган шыкты кантип өнүктүрө турган-
дыгыңыз машыгууга байланышкан. Төрөлгөндө эле
сууда сүзүү же гимнастика менен машыгууга мыкты
мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок жетиштүү деңгээлде
машыкпаса, ал шыктар өнүкпөйт. Ошол эле мезгилде
начар физикалык белгилери бар бала ири спорттук
ийгиликтерди багындыра алат.
Мен мурдараак сөз кылып кеткен жети тилде
сүйлөгөн бир туугандар: агасы менен карындашы
физикалык жактан алсыз болуп төрөлүшкөн. Бирок
чуркоо жана кол булчуңдарын чыңдоо (отжима-
ние) менен системалуу машыгуунун натыйжасында
мыкты көрсөткүчтөргө жетишишкен. Кичүү карын-
дашын 11 айлык кезинен, ал эми агасын эки жарым
жашынан тартып машыктыра башташкан. Натыйжа-
да карындашы агасынан мыкты чуркайт. Бул мисал
кыймыл жөндөмдөрү тукумунан гана эместигин,
бул эрте жаштагы машыгууга байланыштуу экенди-
гин дагы бир жолу далилдейт. Спортко тубаса шык-
туулук деп аташканы, чындыгында, баланын спорт
чөйрөсүндө өскөндүгүнүн натыйжасы.
Спорт менен машыгууну
канчалык эрте баштаса,
жыйынтыктары ошончолук
жакшы болот
Мен буга чейин бир нече айлык балдардын суу-
да кандай сүзгөндүгүнө жана там-туң баса башта-
ган бала ролик, коньки тепкенди жеңил эле үйрөнүп
аларына токтолгом, ошол эле мезгилге чоң кишилер
үчүн бул көндүмдөрдү өздөштүрүү ушунчалык та-
таал болгондуктан, үйрөнүү каалоосу да жоголот.
Мен гольфту 40 жаштан кийин ойной баштадым. 15
жылдан бери аракет кылып машыкканыма карабас-
тан, дагы эле начар ойнойм. Эгерде бала кезден баш-
таган болсом, мынчалык күч коротпой эле жакшы
ойной алмакмын.
Менин бир таанышым балдарына бирөөсү жети
жашка, экинчиси тогуз жашка чыкканда гольф ой-
ногонду үйрөтө баштады. Азыр да, арадан 8 жыл
өткөндөн кийин да, агасы чымыр денелүү, спорттун
башка түрлөрү боюнча кичүүсүнөн мыкты болсо да,
кичүүсү улуусуна караганда гольфту мыкты ойнойт.
Атасы кичүү уулунун ийгиликтеринин себеби эмнеде
экендигин түшүнүүгө аракет кылды. Жападан-жалгыз
түшүндүрмө – анын эрте машыга баштагандыгында.
Бала үчүн иш менен оюн –
бир эле нерсе
Мен сизге төмөндөгүдөй кеңеш бергим келет:
сиздин балаңыз канча кааласа, ошончо эмгектенсин,
бирок бир шарт бар, сизге анын ишинин жыйынтыгы
маанилүү эмес.
Бала үчүн анын ишинин жыйынтыгы эмес, про-
цесстин өзү маанилүү. Биз, чоң кишилер, ар бир иш-
тин аягына чыгарылышын каалайбыз. Көңүл ачуу-
лардан иштин айырмачылыгын ушундан көрөбүз.
Иш канчалык жеңил болсо да, балага анын кандай
жасаларын көрсөтүшүбүз керек. Иш көпчүлүк учур-
да бизден оюнда талап кылына бербеген этияттыкты
жана кунт коюуну талап кылат. Андыктан баланын ин-
теллектинин жана кыймыл жөндөмүн өнүктүрүү үчүн
үйдөгү жөнөкөй жумуштарга баланын катышуусу аб-
дан пайдалуу. Таң калыштуусу, көптөгөн ата-энелер
балдардын чоң кишилер менен биргеликте бакчаны
отоп, сугарып, пол жууп, үйдү жыйнаша аларын унутуп
калышат. Бул нерселерди жеңил эле өздөштүрүп ал-
ганга болот, бул нерселердин күнүмдүк жашоого түз-
дөн-түз тиешеси бар. Албетте, баланы өз жайына коюу
баарынан жеңил. Баланы ойногонго үйрөтүүнүн кереги
жок, ага үйдөгү жөнөкөй нерселерди жасаганды үйрө-
түү кыйынга турат. Бирок жашоосун жеңилдетүү үчүн
“кичинекей балдарды иштөөгө мажбурлоо катаалдык”
деген ата-энелер өз балдарын куру калтырышууда.
5-бөлүк
Эмнеден качуу керек?
Келечекке көз караш
Кенже куракта өнүктүрүү –
бала бакчага даярдоо эмес
Мен көптөгөн каттарды алам. Айрымдар менин
көз караштарым менен макул эмес, бирок көпчүлүк
аларды колдойт. Тилекке каршы, көптөр, кенже ку-
ракта өнүктүрүүнү бала бакчага даярдоо же талант-
тарды тарбиялоо деп түшүнүшөт.
Бир эне: “Менин оюмча, негизги көйгөй кенже ку-
ракта эмес, мектептеги билим берүү системасынын
өнүкпөгөндүгүндө турат. Кенже курактагы балдарды
тарбиялоодо башталган нерселерди улантып кете
тургандыгынан күмөнүм бар. Мектептеги негизги
критерий – экзамендеги баалар. Бул система бала-
нын кенже куракта бир аз өнүктүрүп алган башка
шыктарын жок кылбайбы?”
Мен дагы Жапониядагы мектеп системасынын
жөндүүлүгүнөн күмөнүм бар, бала алты жашынан
баштап мектепке барат, анан жогорку окуу жайына
тапшыруу үчүн бирдей программа менен окуйт. Бул
система таланттуу балдар үчүн жеңил, жөндөмсүз
балдар үчүн татаал болгондуктан, эч кимисин ка-
нааттандырбайт. Стандарттуу билим берүү XXI кы-
лымда коомдун өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик ала
турган адамдарды тарбиялай албайт.
Дал ушул билим берүү системасынын жакшы
өнүкпөгөндүгүнөн мен кенже куракта өнүктүрүүгө
маани берем. Кенже куракта туура тарбияланган
учурда бала мектепте да жакшы окуйт. Ал мектеп-
теги “бааларды чогултуу” системасын жеңил өздөш-
түрөт. Эгерде кенже куракта өнүктүрүүнүн кыйла
татаал мезгилинде жакшы үрөндөр себилген болсо,
бала кандай гана кыйынчылыктарга болбосун каршы
тура алгыдай бир кыйла чыйрак болуп чоңоёт.
Андан тышкары учурдагы билим берүү система-
сы түбөлүк каларына ишенбейм. Мен ата-энелердин
зарыл өзгөрүүлөргө жетишерине ишенем. Демек,
коомдун жана келечектеги муундардын тагдыры
алардын колунда.
Кенже куракта тарбиялоо
кошумча убакытты да,
акчаны да талап кылбайт
Ата-энелер көп эле учурларда мага: “Менин ба-
лам менен алектенгидей акчам да, убактым да жок.
Сиздин идеяларыңыз шарты барлар үчүн”, - деп
арызданып калышат. Баланы тарбиялоо – дегеле
убакыт жана акча маселеси эмес.
Албетте, ата-энелердин арасында баласын му-
зыка же чет тилдер сабагына кадыр-барктуу бол-
гондугу үчүн гана алып баргандар бар. Ошондуктан
көп адамдар кенже куракта өнүктүрүүгө байлардын
сабагы катары да карашканы таң калыштуу эмес.
Бул сыртынан караганда гана ушундай. Чындыгын-
да, азыраак камсыз болгон ата-энелер үчүн балдар
менен алектенүүдө убакыт жана акча табуу кыйынга
турат, бирок музыка же тил сабактары балаңыздын
шыгын өнүктүрүүнүн жападан-жалгыз жолу эмес.
Балдарын жакшы көргөн ата-энелер окутуунун баш-
ка мүмкүнчүлүктөрүн дагы табышат. Көптөгөн адам-
дар ойлогондой, убакыт менен акча ушунчалык чоң
роль ойносо, байлардын үй-бүлөлөрүнөн акмактар,
ал эми кедейлердикинен таланттуу балдар өсүп чык-
кан фактыларды кандайча түшүндүрөбүз? Демек,
бул жерде маселе акчада гана эмес, негизинен ата-
энелердин мээриминде жана аракетинде.
Келечекке карай плансыз
туура тарбиялоого
мүмкүн эмес
Жапониядагы азыркы билим берүү системасын-
да мектепти бүтүргөн бүт жаштар тегине, социалдык
статусуна же мүлктүк абалына карабастан жогорку
окуу жайына тапшыра алышат. Бул эң сонун нерсе,
бирок бул система бир балакетти пайда кылды – жо-
горку билим берүү максат катары кабылданып, ага
ашыкча эле маани берилип калды.
Жогорку билимсиз жакшы карьера жасоого бол-
бойт деп эсептелинүүдө, ошондуктан баары окуп жа-
тышат. Жакшы университеттин диплому беделдүү
компанияга жумушка орношууңа кепилдик берет.
Башталгыч мектептен баштап экзамендердин артынан
экзамен тапшырышып, баары бир жолду басып өтү-
шөт. Ошондуктан кенже куракта тарбиялоо ата-энелер
тарабынан бүтпөгөн экзамен берүүлөргө багытталган
жолдун алгачкы тепкичи катары кабыл алынууда.
Азыркы тез алмашып жаткан дүйнөдө бүгүнкү баа-
луулуктар канча убакытка чейин сакталып турат? Бү-
гүн баалуу болуп турган нерсе эртең баасын таптакыр
жоготуп коюшу мүмкүн, ал эми жыйырма-отуз жыл-
дан кийин бүгүнкү бала чоң кишиге айлангандачы.
Эгерде сиз балаңызды бүгүнкү күндүн баалуулук-
тарына негизденип тарбиялап жаткан болсоңуз, ал
пайдасыз адам болуп чоңоёт.
#211 03 Июль 2015 - 16:23
Тарбия көпчүлүк учурда баланын каалоолорун
эске албастан инсанды зордоо менен байланышты-
рылат. Албетте, бала өз каалоосун билдире албайт,
бирок эне аны таанып биле алышы зарыл. Анын негиз-
ги иштеринин бири ушунда. Анын эркинен тышкары
бир нерсени жасоого мажбурлап жатып анын өзүнө
болгон ишенимин жок кыласыз. Билим берүү муга-
лимдин окуучуга билимдерди бере тургандыгынан
улам, мугалимдин же тарбиячынын ролун аткарган-
дар өздөрү байкабастан ойлорун таңуулап калышат.
Мындай өңүттөн алганда, менин оюмча, мыкты оку-
туу – биз билим берүү деп атаган нерсенин тышында-
гы нерселер. Мисалы, эч бир ата-эне балага эне тилин
үйрөтүп жатам деп ойлобойт. Ошол эле мезгилде ата-
эне менен болгон баарлашуу, билим берүү деп атал-
баса да, баланын сүйлөөсүнө түрткү берет.
Эненин тили, сезимдери, кылык-жоругу анын мү-
нөзүнүн жана жөндөмдүүлүктөрүнүн калыптануусу-
на таасир этип, балага өтөт. Башка сөз менен айткан-
да, алардын баарлашуусунун өзү - “билим берүү”.
Баланы ар кандай көндүмдөргө үйрөтүү – билим
берүүнүн бир гана жагы.
Качан гана балада эч кандай мажбурлоосуз бир
нерсени жасоо каалоосу пайда болсо, ушул идеалдуу
окутуу ыкмасы болуп саналат. Демек, кенже куракта
өнүктүрүү эненин жана анын айланасындагылардын
терең ойлоо жөндөмдүүлүгүнөн жана кунт коюусу-
нан көз каранды. “Ушул дүйнөнүн улуулары” (сего)
китебинин автору немис химиги Оствальд талант-
тар китептер жана шыктандыруу менен тарбияланат
деп белгилейт. Улуу адамдардын ата-энелери алар-
га китептерди таңуулаган эмес – бала кезден баш-
тап алардын айланасын китептер менен курчашкан.
Аларга: “Мен сенин улуу адам болушуңду каалайм”,
– деп эч качан айтышкан эмес. Аларга башкача: “Сен
улуу адам боло аласың, мен мындан күмөн сана-
байм”, – деп айтышкан.
Балаңызды тарбиялоону
үзгүлтүккө учуратпаңыз
Жапониянын өзүндө эле жылына эки миллион-
дон ашык бала төрөлөт. Мурунку убактарда “Төрө-
гүлө жана көбөйгүлө” деген насыятка ылайык үй-
бүлөлөрдө беш-алтыдан балдар боло турган. Азыр
орточо үй-бүлөдө, адатта, эки бала болот. Башка сөз
менен айтканда, бул эки миллиондун көпчүлүгү ал-
дын ала пландалган. Бул балдар жолдуу экен, алар –
тилек менен төрөлгөн балдар. Бирок алардын баары
жеткиликтүү деңгээлде багылып жана билим алып
жатышабы? Менимче, жок. Ата-энелер баланын тө-
рөлүшүн алдын ала пландашканы менен, ал төрөл-
гөндөн кийин көпчүлүк учурда турмуштун агымына
коюшат. Баланын алгачкы үч жылында баланы тар-
биялоого өзгөчө көңүл буруу керек экендиги эч кү-
мөн туудурбайт.
Бүгүнкү күндө көптөгөн энелер олуттуу себеп-
тери жок эле кош бойлуулукту үзгүлтүккө учуратып
жатышат. Бойдон алдыруу – бул балакет, жашоонун
тирүү уругун жок кылуу. Коомчулук бойдон алды-
рууну айыптайт, бирок баласына жашоо берип, аны
тарбиялабаган ата-энелерди айыптабайт. Менин көз
карашым боюнча, бул бойдон алдыруудан да жаман
нерсе, ага эч кандай актоо жок.
Согуштан кийин, башка өлкөлөрдөгүдөй эле,
Жапонияда да жашоо абдан оор болгон. Андыктан
көптөгөн балдар талаптагыдай багылбай чоңоюшту.
Бирок бүгүнкү шарттарда балдарга болгон кайды-
герликти эч качан кечирүүгө болбойт.
Балдар – ата-энелердин
менчиги эмес
Эртеби-кечпи бала ата-эненин жемелегенине:
“Мен сени төрө деп кыйнаган эмесмин. Эми тилдебей
эле кой!” – деп жооп бере турган куракка келет. Аныкы
туура. Чындыгында, бала ата-энесинин аракети менен
гана жарык дүйнөгө келет, ал чоңоюп, көз каранды-
сыздыкка жеткенге чейин алар толугу менен жоопкер.
Таң калыштуусу, көптөгөн ата-энелер, бала алар-
дын карамагында болгондуктан, эмнени каалаш-
са, ошонун баарын кыла алабыз деген иллюзиянын
туткунунан чыга алышпайт. Алар кийим тиккичке
костюм заказ бергендей эле, “Мен андан инженер
жасагым келет” же “Мен анын музыкант болушун
каалайм” деп айтышат.
Энелер Сузукиден: “Менин баламдан бир нерсе
чыгабы?” – деп сурап калганда ал, адатта, “эч нер-
се” деп жооп берет. Энесинин көңүлү чөгө түшкөнүн
байкаганда: “Ал бир нерсе эмес, мыкты адам болот”,
– деп кошумчалап коёт.
Өз балдарына менчигиндей мамиле кылуу өтө ке-
ңири таркалган. Бул баланын каалоосун, эркин жокко
чыгарууга, эсепке албоого алып келет. Балада өзүнүн
эрки өнүгө электе ата-энесинин таңуулаган мамиле-
син кабылдаган бала өмүр бою өз күчүнөн күмөн са-
нашы мүмкүн. Балаңыздын келечегин пландагандын
ордуна ага көңүл коюңуз, үңүлүңүз. Ата-энелердин
милдети – баласынын ким боло тургандыгы туура-
луу чечимди өзү кабыл алуусу үчүн кеңири мүмкүн-
чүлүк түзүп берүү. Ата-энеси эмес, баланын өзү – өз
келечегинин кожоюну.
Эненин ишенбестиги
балага зыян
Жапонияда согуштан кийин кабыл алынган де-
мократиялык тарбиялоо системасы иштеп жаткан-
дыгына 20 жыл болду. Ал көптөгөн адамдарга буга
чейин жабык болгон тармактарга кирүүгө мүмкүн-
чүлүк берди. Бирок бул системанын дагы кемчи-
ликтери көрүнө баштады. Буга чейин эч качан кен-
же куракта өнүктүрүү жогорку окуу жайына кеткен
жолдун тепкичи деп каралган эмес, бир аз мурдараак
эле ата-энелер балдарынын кайсыл жерде билим
аларына өзгөчө көңүл бурушчу эмес.
Тилекке каршы, ата-энелер тарбия маселелери-
не канчалык көбүрөөк тынчсызданышкан сайын, ар
кыл таасирлерге ошончолук көбүрөөк арбалып ка-
лышууда. Алар бир жаңылыктан экинчи жаңылыкка
чуркашат. Эски тарбия берүү системасы жокко чы-
гарылганда бул ата-энелер анда болгон нерселердин
бардыгы начар деп ойлошту. Алар өз балдары эмне
кааласа, баарын жасоого мүмкүнчүлүк беришти, чоң
апаларды баланы тарбиялоодон оолактатышты.
Эгерде демократиялык тарбияны сынга алып,
спартандык тарбиялоо системасын жайылта баш-
ташса, ал ата-энелер чоң ата, чоң апаларды кайрадан
баланы тарбиялоого чакырышат. Мындай энелер,
кийим тандап кийгендей эле, тарбиялоо модасын
ээрчигендер болуп саналат.
Албетте, сиздин пикириңиз боюнча пайдалуу
делген тарбиялоо методун сынап көрүүгө эмне үчүн
болбосун. Бирок эненин өзүнүн пикири, көз карашы
болбосо, анда ал кантип жакшы тарбиячы боло алат?
Спартандык жана эркин тарбиялоонун ар кандай
шарттарда, ар кыл курактарда з жакшы жагы бар.
Энелер өздөрүнө ишенишип, тарбиялоо систе-
масын тандоодо ырааттуу болушу зарыл. Бир чектен
экинчи чекке секире берүү балага зыян алып келиши
мүмкүн. Өзүңө ишеним, мүнөздүн бекемдиги баланы
тарбиялоодо өтө маанилүү. Ошол эле мезгилде эне
жаңылыш теориянын жетегинде калып, ага бекем
туруп, эч кандай чегинүүгө барбаса, ал дагы балага
зыяндуу болот. Андан тышкары эгерде ал тарбияга
маани бербесе, олуттуу мамиле кылбаса, бул дагы
жакшы жакка алып барбайт. Тарбиялоо – эненин эң
негизги иши, анда жеңил жолдор болушу мүмкүн
эмес. Энелер модалык агымдардан, штамптардан,
жеңилдетилген ыкмалардан эркин болуп, өзүнүн
тарбиялоо системасын иштеп чыгышы зарыл.
Эненин менменсинүүсү
баланы жалган түшүнүктөргө
жатыктырат
“Менин балам абдан таланттуу. Мен аны музыка-
га окутам”, “Кошунанын баласы скрипкада ойногон-
ду үйрөнүп жатат, меники да үйрөнөт”.
Менменсинген энелер тарбияга ушундай мамиле
кылышат. Андан тышкары кенже куракта өнүктүрүү
дайыма элитанын же генийлердин энчиси катары
каралып келген. Чындыгында, жасакер ата-энелер
музыка менен алектенүүгө мажбурлаган балдар
көпчүлүк учурда, энелери аларга беделдик жана
атаандаштык тууралуу жалган түшүнүктөрдү үй-
рөткөндөй, анткор жана жасалма болушат. Баланы
өнүктүрүү үчүн бериле турган музыка сабактары ал
үчүн руханий кыйналуунун булагына айланат.
Музыка сабактары максат эмес, белгилүү бир мак-
сатка жетүү үчүн каражат болуп саналат. Бул сабактар-
дан бала эмне аларын, андан улам анын кандай мүм-
күнчүлүктөрү өнүгөрүн сиз так көрө алышыңыз керек.
Музыка сабактарынын өзү эч кандай баага татыбайт.
Доктор Сузукинин классында башкалардан мык-
ты ойногон балдар дайыма бар. Эненин “менин ба-
лам баарынан мыкты ойносун” деген каалоосун
канааттандырууга мүмкүн эмес – же ал керексиз
менменсинүүдөн арылышы керек, же болбосо бала-
ны сабакка алган келгенин токтотушу керек.
Албетте, скрипкада ойной алгандыгы үчүн сый-
мыктанса болот. Бул баланын жалпы өнүгүшүнө
жакшы таасирин тийгизет. Менин балам скрипкада
ойногонду үйрөнүү менен өзүнө болгон ишенимин
бекемдеди, андан кийин гана башка тармактарда ий-
гиликтерге жетишти.
#212 03 Июль 2015 - 16:23
алгач өзүңүздү тарбиялаңыз
Ата-энелер балдарынын тил албастыгын айтып
арызданышканда мен бул жерде алардын өздөрү кү-
нөөлүү деп эсептейм.
Доктор Сузуки мага баласы менен тил табыша
албаган бир апа жөнүндө айтып берди, ал жаны ка-
шайганда: “Кудай мага кайсы күнөөм үчүн бул чатак
баланы берди?” - деп айткан күндөрү болуптур. Күн-
дөрдүн биринде доктор Сузики ага мындай дептир:
“Мунун баары сиздин аны дайыма урушканыңыздан
болуп жатат. Ал дайыма сактанып турат. Сиз мезгил-
мезгили менен өз катаңызды мойнуңузга алсаңыз,
балаңыз сизди угат жана сыйлайт”. Бир нече убакыт
өткөндөн кийин алиги эне Сузукиге келип, өз ара тү-
шүнүү аркылуу уулу менен мамилесин жөнгө салган-
дыгын кубануу менен айтып бериптир.
Ак ниеттүү апалар алардын талапчылдыгы көпчү-
лүк учурда нааразычылыкка кабылгандыгын көп эле
айтып калышат. “Сен өзүң жасабагандан кийин сага
айтканга оңой да”. Балдардыкы туура! Буйрук берүү
– тарбиянын жакшы ыкмасы эмес. Балдар бардык
күчүн жумшап бир нерсе кылып жатса, чоң кишилер
ата-эне катары жасай тургандарынын ондон бирин
же жарымын жасап жатса, мындан эч кандай жакшы
нерсе чыкпайт. Ата-энелер өз баласына алар өздөрү
да аракет кылып жатышкандыгын, мисалы, бир нер-
селерди чогуу жасап көрсөтүшү керек.
Атасы креслодо газета кармап отуруп алып:
“Муну жасап кой!”, “Муну жатта!” деген сыяктуу буй-
руктарды бергени – жалкоо адамдын методу. Бала-
ны тарбиялоо – бардык убакта өзүңдү өзүң тарбия-
лоо дегендик.
Сиздин балаңыз
сизден да мыкты болсун
“Устатынан шакирти озуптур” – бул тарбиянын
негизги максаты болушу керек.
Мен буга чейин бир канча жолу айткандай, та-
ланттар төрөлбөйт, тарбияланат. Эгерде бир адам-
дын жөндөмдүүлүгү 100 пайыз укум-тукумунан де-
генди аксиома катары ала турган болсок дагы, бул
– бала жок дегенде ата-энесинин деңгээлине жети-
ши керек дегендик. Эгерде сиз балаңызды өзүңүздөн
бир аз болсо да мыкты кылып тарбиялай албаган
болсоңуз, демек, сиз жалкоо ата-эне болгонсуз.
Биздин Таланттар мектебибизде балдарга бир
эле пластинканы көп жолу угузчубуз. Пластинкада
алар үйрөнүп жаткан скрипкалык пьеса жазылган.
Андан кийин мен алардан пластинкада жазылгандан
дагы жакшы ойноолорун суранчумун, балдар абдан
аракеттенишчү. Акырында көпчүлүгү жакшы ойно-
гонго жетишишчү, пластинкадагы пьеса менин атка-
руумда болгондугуна таң калуунун кереги жок.
Биздин Таланттар мектебибиздин негизги идеясы
– балдар мугалимдерден озо тургандай кылып оку-
туу. Мыктыларын биз “студент”, ал эми калгандарын
“студенттин окуучусу” деп чакырабыз. Эгерде окуу-
чулар мугалимдердин деңгээлине жете албай жатып
башкаларды окутушса, анда коом бузулуп кетмек.
Окуучу мугалимден озушу керек – антпесе прог-
ресстин болушу мүмкүн эмес.
Албетте, бардык ата-энелер балдарын өздөрү-
нөн озуп кетишин каалашат. Ал тургай ата-энелер-
дин жөндөмдүүлүктөрү жогору болбосо да, алардын
балдары илимде ийгиликтерди жарата алышат.
XXI кылымды
башкаларга ишенгендер
курушат
Бүгүнкү дүйнөдө биринчи эле көзгө урунган
нерсе – башаламандыкты, зордук-зомбулукту, эко-
логиялык көйгөйлөрдү пайда кылган адамдар орто-
сундагы ишенимдин жетишсиздиги. Эгерде адамдар
ортосунда ишеним болбосо, эч кандай байлык, жа-
шоо ыңгайлуулуктары бизге тынчтыкты жана бакыт-
ты алып келбейт.
Жапониядагы ар бир мектеп окуучусу адамдарга
ишенүү керектигин жана башкаларга ашыкча кыйын-
чылыктарды жаратпоо керектигин билишет. Бирок
буларды түшүнүү – бир гана жагы, мыкты принцип-
терди жашоодо ишке ашыруу – эң башкы нерсе. Бул
дал келбөөчүлүктөр, тилекке каршы, адамдын та-
биятына тиешелүү. Бала бул принциптерди теорияда
гана үйрөнсө, башка адамдарга ишенүүнү өздөштүр-
бөйт. Чыныгы жашоодо гана ал адамдарга ишенген-
ди үйрөнөт.
Эгерде адамдарга ишенүү принциби балага эне-
нин сүтү менен өтсө, бала коомдун келечеги үчүн
жоопкерчилик алууга жөндөмдүү болуп жетилет.
Бала башкалардан акылдуу болуп туруп адам-
дарга ишенбесе, ал жашоодо көп нерселерге жете
албайт.
Азыркы билим берүү системасы экзамендерге
жана бааларга өтө көп маани берет, бирок адамдарга
болгон ишенимди көңүлгө албайт жана колдобойт.
Ошондуктан бул сапатты кенже курактан баштап
тарбиялоо өтө маанилүү. Бул – мектепке чейинки
тарбиянын башкы милдети.
Бүгүнкү балдар
согуштарды жана
расалык түшүнбөстүктөрдү
жеңишет
Биздин цивилизациянын жогорку деңгээлин
даңазалап жатып согуштарды, расалык түшүнбөс-
түктөрдү, улуттук келишпестиктерди унутуп ка-
луудабыз. БУУ, ЮНЕСКО, БССУ ж.б. уюмдардын
болгондугуна карабастан, булар дагы эле токтой
элек. Биз өзүбүздө өз ара ишенүүчүлүктү жана чы-
дамкайлыкты тарбияламайын, элдердин ортосунда
тынчтыкты кура албайбыз. Муундан-муунга өтүп
жаткан жек көрүүчүлүк, душмандык жана агрессив-
дүүлүк, антогонизм жана шектенүүчүлүк дээрлик
биологиялык мүнөздөмөгө айланып калды. Бул се-
зимдерди бала кезден баштап сиңиргенде, алардан
бошонуу кыйынга турат.
Биз, чоң кишилер, өз балдарыбызды мындай жа-
ңылыш пикирлерден оолак тутушубуз керек. Нарис-
телер расалык жек көрүүчүлүктү али жугузуша элек.
Эгерде ак балдар менен кара балдар кичинекейинде
чогуу, бирдей ойношсо, алар адамдардын ортосун-
дагы терисинин түсү боюнча айырмачылыкты, сырт-
кы көрүнүшү жана бою боюнча айырмалангандай
эле, табигый нерсе деп кабылдап чоңоюшат. Эгер-
де алар расалык түшүнбөөчүлүктү өздөштүрүшкөн
болсо, анда ал чоң кишилердин үйрөтүүсү менен бо-
лот. Согуштарды токтоткусу келгендер бүгүнкү дүй-
нөдөгү саясий абалга гана кам көрбөстөн, ал канча
каражатты талап кылса да, кичинекей балдарды тар-
биялоого да кам көрүүгө тийиш. Дал ушул бүгүнкү
балдар эртеңки коомду түзүшөт.
Бүткүл дүйнөдөгү тынчтык бизден, бүгүнкү чоң ки-
шилерден, көз каранды болбой калды, ал бүгүнкү күн-
дө жалаякка оролуп жаткан балдардан көз каранды.
Кенже куракта тарбиялоонун ролун өтө ашырып
жиберген жокмун, менин сөздөрүм кандайдыр бир
аракеттерди жасоого түртөбү, билбейм. Мүмкүн, көп
нерсе, ал тургай менин негизги жоболорум, тарбия-
лоо методдорум жана эненин ролун кандай түшүн-
гөндүгүм сынга кабылар. Бирок кандай болгон күндө
да, менин китебим дүйнөдө адамдарды бир нерсе-
лерди өзгөртүүгө түртүп, баланы кенже куракта, ай-
рыкча 3 жашка чейинки куракта өнүктүрүү көйгөйү-
нө кызыктырарына ишенем. Менин китебим – бул
максаттарга алып барчу жолго ташталган биринчи
кадам экенине ишенем.
Масару Ибука
Үч жаштан кийин кеч
Котормочу: Асылбек Жоодонбеков
Редактор жана корректор: Самат Тоялиев
Дизайнер: Абийбилла Абдукаримов
#213 10 Июль 2015 - 03:36
Sen özündü tarbiyala sebebi bala baaribir seni tartat...
Eldik sozdordon.
#214 26 Август 2015 - 19:17
Маани бербей айтып койгон ар
кандай сөздөрүбүз баланын
психикасына олуттуу таасир
этерин психологдор айтып
келишет. Андыктан балаңыз
менен сүйлөшүүдө сөзгө кылдат
мамиле кылуу зарыл. Ал эми
айрым сүйлөмдөрдү ата-эненин
таптакыр эле унутуп койгону
жакшы. Анткени алар баланы
тартынчаак, өзүнө ишенбеген,
өтүмү жок кылып
калыптандырып коёт. Алар
кандай сүйлөмдөр?
«Сендей кезимде мен жалаң
“5ке” окучумун»
Бала төрөлгөндөн баштап 6-7
жашка чыккыча атасы менен апасы
ага “Кудай” эле болот. Бул учурда
бала ата-энесинин өзүнө кылган
мамилесине жараша калыптанат.
“Мен сендей кезимде укмуш элем,
мыкты окучумун, сен мага
жетпейсиң” деген сыяктуу
сүйлөмдөрдөн бала менен ата-
эненин ортосундагы атаандаштыкты
көрүүгө болот. Мындай үй-бүлөдө
чоңойгон бала ата-энесиндей боло
албаганына капаланып, баары бир
аларга жетпесине ишенип эч
нерсеге аракет да кылбай коёт.
«Сен менин маймылымсың,
мышыгымсың. ..»
Балдарыбызды эмне гана деп
эркелетпейбиз. Күчүгүм, мышыгым,
торпогум, маймылым... Балаңыз сиз
эмне десеңиз, ошонун баарына
ишенет, кабыл алат. Натыйжада
“менин” жоготуп, өзүн кандайдыр
бир оюнчук же жаныбар катары
кабыл алып калат. Адамдын ысмы
биринчи планда болушу керек,
эгерде сиз жогорудагы аттар менен
балаңызды көп чакырсаңыз, анын
дүйнөгө болгон көз карашын
өзгөртүп, “мендигинин” бир бөлүгүн
тартып алган болосуз.
«Карачы, Аяна текшерүү иштен
“5” алыптыр, сен болсо “4”
алыпсың”
Көп ата-энелер балдарын ушинтип
башкалар менен салыштырып катуу
жаңылышат. Ушинткенде Аянага
атаандашып жакшы окуп калат деп
ойлошот. Жок, тескерисинче,
мындай салыштыруу балдарга өтө
оор тиет. Бала ошол Аянаны кийин
да жаман көрүп калат. Кичине
кезинде ата-энеси башкалар менен
салыштырган бала чоңойгондо
өзүн-өзү башкалар менен
салыштыра берет да, дайыма андан
артта экенин сезет.
“Эгерде сен мындай кылсаң, мен
сени жакшы көрбөй коём”
Мындай фразадан кийин бала
болгон күчү менен ата-энесине
жакканга аракет кыла баштайт.
Өзүнүн каалоосу менен талаптарын
артка жылдырып коюп, атасы же
апасы эмне каалап жатканын билүү
үчүн алардын көзү менен тең
айланат. Баланын мындай өзгөрүүсү
ошол учурда жакшы сезилиши
мүмкүн, бирок келечеги үчүн жакшы
эмес. Анткени мындай балдар өзү
каалагандай эмес, башкалардын
көңүлүнө карап жашоого
калыптанып калат. Аларда “мени
башкалардын сүйүшүн каалайм, ал
үчүн мен аларга жагышым керек”
деген түшүнүк жашайт.
“Мени уят кылба”
Ушул сыяктуу фразаларды көп угуп
чоңойгон бала өзүнүн чындыгында
кандай экенин башкаларга
көрсөтүүнү абдан каалашат. Кокус
ага кимдир бирөө көңүл буруп калса
эмне кыларын билбей өзүн жоготуп
коёт. Чоңойгондо да өзүн эркин
алып жүрө албайт, анда “бирөөнү
уят кылып койбоюн” деген коркуу
сезими жашайт.
“Атаңдын (апаңдын) эле өзүсүң”
Мындай сүйлөмдөр көбүнчө
ажырашып кеткен үй-бүлөлөрдө
айтылат. Түгөйлөр мамилелерин
жекеме-жеке чечишип алгандын
ордуна бири-бирине болгон терс
мамилелерин ортодогу баласы
аркылуу билдиришет. Тилекке
каршы, бул терс мамиленин баары
балада калып кетет. “Атаңа окшоп
неге мынча кежирсиң?” деген
сүйлөмдөн бала атасынын сөзгө
келбеген начар адам экенин
түшүнөт. Демек, өзү да начар. Өзүн
башкалардан начар деп билген бул
сезим балада өмүр бою
калыптанып калат.
“Жаман бала болсоң, желмогузга
берип коёбуз”
Мындан улам бала ата-энеси
каалагандай болгондо гана алар
үчүн баалуу экенин түшүнөт. Буга
окшогон сүйлөмдөрдү айтуу менен
ата-эне балага “өз билгениңдей
болбо, сен биз каалаганыбыздай
болушуң керек” деп айткан болот.
Мындай балдар чоңойгондо
өздөрүнүн эмне каалап жатканын
өздөрү билбейт,
айланасындагылардын баарына
жакканга аракет кыла берет.
“Үйгө барганда бирди көрөсүң”
Мындан улам балада ата-эне
баласын эмне кылса да баарына
укуктуу деген түшүнүк калыптанат.
Бала чоңойгондо ата-энеси тууралуу
мындай түшүнүк жумуштагы
жетекчисине алмашат. Анан ал жаза
алып калбайын деп жетекчисинен
корко баштайт. Ага жагуу үчүн
ашыкча эле жасакерленип,
тескерисинче, жетекчинин
кыжырына тиет. Коркок, жасалма
кызматкер эч бир жетекчиге
жакпасы турган иш.
“Көзүмө көрүнбөй жогол!”
Муну бала “сен менин жашоомду
буздуң, сен жок болушуң керек” деп
түшүнөт. Буга окшогон сөздөрдү көп
уккан бала ата-энесинин алдында
чоң күнөөкөр болуп жашайт.
Алардын бактылуу жашоосуна
тоскоол болуп жатам деп ойлойт.
Баласына мындай орой мамиле
жасаган ата-эне ошол учурда
баласынын мойнуна өмүр бою жүк
артып жатканын түшүнбөйт.
Булардан тышкары...
Чыгармачылык жөндөмүн
өстүрүңүз. Балаңызды кичине
кезинен көңүл борборунда болууга
көндүрүңүз. Бул ага коомго
аралашуусуна, адамдар менен
сүйлөшө билүүсүнө жана келечекте
ийгиликтүү адам болушуна жардам
берет. Балаңызды бий ийримине,
спорттун түрлөрүнө катыштырыңыз,
же болбосо ыр жазуу жөндөмүн
кеңейтиңиз.
Чеги менен көзөмөлдөңүз. Баланы
себепсиз эле мактоо же урушуу
туура эмес. Ал эмне үчүн мактоо
укканын же жаза алганын так
билсин. Өзүңүздүн эмоцияңызды
көзөмөлдөп балага кыйкырбаңыз,
болбосо канча бир убакыт өткөндөн
кийин сизге дал ошондой мамиле
кыла баштайт.
Кечирим сурай билүүгө үйрөтүңүз.
Кандай гана адам болбосун, ал ката
кетирерин балаңызга айта жүрүңүз.
Бирок аны оңдосо болорун баса
белгилеп айтыңыз. Кечирим суроо
бул басынуу эмес, адамдагы эң
мыкты сапат экенин балаңызга
жакшы түшүндүрүңүз.
Сынды туура кабыл алууга
үйрөтүңүз. Эгерде сиздин балаңыз
түнт болуп адамдар менен
сүйлөшүүдөн качса, анда ал өз
дарегине айтылган терс ой-
пикирлерди көтөрө албайт.
Балаңызды өзүнө айтылган сынды
туура кабыл алууга үйрөтүңүз. Өз
эмоциясын көзөмөлдөй билүү
келечекте ийгиликтүү адам болуп
жашоодон өз ордун татыктуу таба
алуусуна жардам берет.
Маселени чечилбеген бойдон
калтырбаңыз. Балаңыздын ички
дүйнөсүндө эмне болуп жатканы сиз
үчүн баары бир болсо, анда
балаңыз сизге ишенбейт жана
тартынчаак бала болуп чоңоёт.
Эгерде балаңыз өзүнүн
маселелерин сиз менен бөлүшсө,
ага олуттуу мамиле жасаңыз, бир
эле жолу кайдыгер болуп койсоңуз,
бир омурго азап берери анык.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 26 Август 2015 - 19:19
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#215 19 Январь 2016 - 20:50
Чилистен (01 Декабрь 2007 - 11:53) жазган:
Кудайга шугур, кыргыздар бала тарбиясынын озуно таандык улгусун колдонуп келген. Ошого карабастан, акыркы учурларда бул жаатта айрым оош-кыйыштар болуп отту окшойт. Кантсе да, биздин коомубуздун онугушу чондордун иш-аракетинен эмес, озубуздун бала тарбиябыздан улам болуп жаткандыр. Билсениздер, кыргыздар "Уядан эмнен корсо, учканда ошону алат" деп коюшат. Ушуну эске алуу менен назарыныздарга томонкудой соболдор менен кайрылмакчымын:
1. Азыркы коомдо кыргыз баласын кандай тарбиялап жатат? Сиздин ой-пикириниз, сунуштарыныз. ..
2. Бала тарбиясындагы артыкчылыктар жана мучулуштуктор кыргыз турмушун кайсы жерге чейин алып келди жана алып барат?
4. Бала тарбиясындагы ата-эненин ролу. Бала табигый, б.а. генетикасынан тарбия алабы же чойролук, б.а. озунун айланасынан тарбия алабы? Булардын пайыздык катыштары эмнени тузот?
3. Жалпысынан, башка улуттардын бала тарбиясындагы колдонулган тажрыйбасы менен кыргыздык тушунукту салыштырууга болобу? Болсо, аргументтер жана далилдериниз. .. Болбосо, таяныч пикириниз...
Ар дайым баланын кулкусу ар бир уйдо болуп, кубанычка болоп турсун!
1. Менин оюмча коомго жараша, заман кандай озгорулсо, оз аракети менен ийгилике жеткенге, иштегенге, акча тапканга жыйынтыгы жаман эмес .
2. Оз алдынча болгону, оз аракет кылганы, артыкчылыгы, ал эми мучулуштугу озу менен озу, кайрымсыз, оройлук, бир аз ийгилике жетсе текеберчилик .
3. Башка улут башкада, озубуздун кыргыз жыттанган тарбиясы бар, салт-санаасы, урп адаты, башка улуттун тарбиясы жакшы болсо да бизге оон учурап, жат корунот .
4. Бала тарбияны ата-энеден алат, себеби бала ата-эненин жанында коп болот жана бала ата-эненин созун коп угат .
#216 29 Май 2016 - 00:53











Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 29 Май 2016 - 01:00
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#217 09 Ноябрь 2019 - 08:32
Билдирүүнү түзөткөн: Marveli: 09 Ноябрь 2019 - 09:06
#218 09 Ноябрь 2019 - 14:51
#219 06 Декабрь 2019 - 19:15
Бир мисал:
Бала эс тарткандан баштап ата-энесинен, жашына жараша аз суммада айлык алып турат, ай сайын. Аны ата-энеси алып койгонго, бербей койгонго, бала каалабаган нерсени алып бергенге болбойт. Бирок акырын айтып, жол корсотуш керек болот. М: ага жаккан оюнчугун айтып кызыктырып, баланын канча айлыгы кетээрин айтып, аны кутконго, САБЫРДУУЛУКа, САРАМЖАЛДУУЛУКа, максатка жетууго жашынан уйротушот. Оз алдынча кыялындагы нерсеге жеткен бала, оз оюн ачык айта алат, озуно ишенуу, саморазвитиеге жол ачат ....
Бизде баланын каалоосун айттырбай аткаргандар коп. Кобунчо балага мумкунчулук берилбей калат. Же оной жашоого жол ачып берилет. Бирок ушундай кичинкей нерселерге конул бурулбаса , бала менен жай олтуруп суйлошуу, тушундуруу, жол корсотуу деген нерсе болбосо, ата-эненин мээнетинин кобу текке кеткен болот экен.