" Кыргызчылык"...
#1 17 Ноябрь 2011 - 16:41
Ассаламу алейкум форумчулар!
Мындай тема барбы же жокпу билбедим . Бирок баары бир ачууну туура деп таптым. Мени коптон бери кыйнап жургон бир суроо бар эле . Ошого оз оюнарды билдирип кетсенер мумкун болсо . Ал мындай суроо: Эмнеге баарыбыз туура эмес иш жасап койсок эле " Кыргызчылык " деп кутулабыз ? Эмнеге жакшы иштин баары башка улутка таандык болуш керек да , эмнеге туура эмес жасалган иштердин баарыны КЫРГЫЗ улутуна шылтап коебуз ? Жалан жакшы иштерди " Кыргызчылык " деп айтсак болбойбу?
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#2 17 Ноябрь 2011 - 16:44
мен мисалы антпейм! Мен жаман ишти эврейчилик деп коём!
кандайсынар?
#3 17 Ноябрь 2011 - 20:55
Албетте айтсак болот жакшы жактарын!
"Кыргызчылык" кылып жыт чыгарып кой деп айтып калышат айыл-аксакалдыры!
"Кыргызчылык" кылып ала кет жол киреси жок экен.
"Кыргызчылык" кылып жакыр үй-бүлөөгө жардам берип кой.
"Кыргызчылык" кылып тойдон келген тамак-ашты кошунага узатып кой.
Айта берсе көп "кыргызчылык" !
Жаман жагы да бар:
"Кыргызчылык" кылып мунообу акчаны алып кой(пара)
"Кыргызчылык" кылып тууганыңды ишке ал.ж.б.
"Кыргызчылык" кылып жыт чыгарып кой деп айтып калышат айыл-аксакалдыры!
"Кыргызчылык" кылып ала кет жол киреси жок экен.
"Кыргызчылык" кылып жакыр үй-бүлөөгө жардам берип кой.
"Кыргызчылык" кылып тойдон келген тамак-ашты кошунага узатып кой.
Айта берсе көп "кыргызчылык" !
Жаман жагы да бар:
"Кыргызчылык" кылып мунообу акчаны алып кой(пара)
"Кыргызчылык" кылып тууганыңды ишке ал.ж.б.
Мен "кока-кола" ичпейм таңдай катып турганда,
Мен "гамбургер" жебейм курсак ачып турганда,
Берчи мага,берчи мага жарым "мб" интернет!
Мен "гамбургер" жебейм курсак ачып турганда,
Берчи мага,берчи мага жарым "мб" интернет!
#5 13 Январь 2012 - 19:05
Жакшы тема экен,негизи эле баардык кыргыз кыргызчылык деп жатып бутубуздан тура албай жатабыз го ээ?Бул менин жекече оюм да,мисалы кыргыздар жөнүндө сөз болсо эле баягы эле өзбек туугандарга барып такалып чоң тема ачылат(андан башка дунгандар) дагы бар.Жакында эле менде мындай ызы чуу тема болду мен жашаган өлкөдө" силер улутчулсуңар,
өзбектерди кордойсуңар"
- деп башталды.Мен айтып кирдим: алар абдан бай,биздин өлкөдө эркин сонун жашашат,биз баштаган жокпуз урушту деп.Андан башка бай көп улуттар жашйт биз мейман доспуз эч кимди бөлбөйбүз алар бизди жаман көрүшөт.Анан силер эмнеге бай эмесинер же жалкоосуңарбы?
деген суроо берилди.Кайра эле биз жалкоо эмеспиз,жалкоо болсок темселеп баардык өлкөнү кыдырып иштемек эмеспиз.Эмнеге анткени биз Кыргызбыз биз өзүбүздү эле ойлобойбуз биз баарын жүрөгүбүзгө батырып,баарын ойлогон калкпыз.Бир тууган,ата эне,жана баардык тууган тушкан.Бутубуздан турганыбыз ошол да баары аман эсен жаныбызда болсо болду,эч нерседен кем болбой.Байлык бийлик акча табылат,көңүл деген табылбайт.
#6 17 Январь 2012 - 02:20
менимче бмындай корунуш арбир улутта болот, оздорунун кемчиликтерине басым жасап, мына ошону ондоо же тузотуу максатында озунун аты менен жээрип турган жакшы да, мисалы биздеги "Кыргызчылык"
тын Туркчо варианты "Бизим Турклер" дешет, эми жаман адатты коруп атсан башкага танууламак белен анан, ошончун эле айтылып калган мындай кеп...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#7 19 Январь 2012 - 16:55
Ар ким өз кемчилигин билип турушу керек. Кыргызчылыгыбыздын деле жакшы жактары бар. Бирок кыргыздар кыйынбыз, кечигип калганыбыз эле болбосо.

Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#8 19 Январь 2012 - 17:35
Кыргызсчылык деп айткан адамды,корбодум,
укпадым билбейм чын эле жакшылык болсо ошентип эле койбосо.бирок Москваны дайым эле угам жаман иш болсо эле,иии Москвачылык даа деп коюшат тооба Москвага атайын жамандык учун келегендей.
Кыргыз,мусулман болсон да жакшы,себеби менин жанымдагылар,
орус молдованкалар да анан согунуп суйлошсо,кыздардын алдында уялбайсынарбы десем селерде ошодой мусулмандарда бизде андай эмес деп талашышат анан оло урушуп мен прав экенимди барибир далилдесем унчукпай кулушуп калышат.Аа билем Кыргысчылык деп мен билем ал дайым кандай нерсеге болсо да 1 саат,1саат кеч калганыбызды билем мына ошону айтса болот.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#9 19 Январь 2012 - 19:35
Мен негизи кутконду жана куттургонду жаман кором. Белгиленген жерге оз убагында барганга аракет кылам. Анан эле оз убагында барып алып куткон ушунчалык жакпайт да, жарым саат, бир саатка чейин чууруп келе беришет го, мисалы, конок же тойго болсо. Ошондо аргасыздан кыргызчылык да деп каласын. Элибиздин кечикмей адатын кантип калтырса болот аа?
#10 22 Январь 2012 - 19:30
MaRmeLaDka (19 Январь 2012 - 19:35) жазган:
Мен негизи кутконду жана куттургонду жаман кором. Белгиленген жерге оз убагында барганга аракет кылам. Анан эле оз убагында барып алып куткон ушунчалык жакпайт да, жарым саат, бир саатка чейин чууруп келе беришет го, мисалы, конок же тойго болсо. Ошондо аргасыздан кыргызчылык да деп каласын. Элибиздин кечикмей адатын кантип калтырса болот аа?
тойго кабарды эки саатка эртереек берсениз....
Өзүмдү сыйлайм,өзгөнү дагы....
#11 22 Январь 2012 - 21:31
замандаштар эми ар нерсеге ар тараптуу карасак жакшы болот ко дейм. Мисалы "Кой" деген созду бир жаныбар эле деп тушунсок башка маанилери кайда кетет?
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
#12 25 Январь 2012 - 04:57
#13 09 Август 2014 - 00:04
кыргыздардын жана Кыргызстандын кемчиликтерин көп жаза берип, далай сын угуп, каккы жеп келем. Бирок өзүбүздүн терс жактарыбызды жаап-жашыргым келбейт, “эл эмне дейт?” деп коркуп отуруп, биз - кыргыздар жылдан жылга алдыга эмес, артка кетип бараткандай сезилет.
Акыркы убакта “кыргызчылык” деген сөз эмнегедир жалаң терс гана мааниде кулакка угулгансыйт. “Кыргыз” дегенде жалаң гана жылуу сезимге бөлөнгүм келет, бирок аттиң, улутубуздун атын чагылдырган бул сөз улам жагымсыз мааниге ээ болуп баратат.
Акыркы убакта “кыргызчылык” деген сөз эмнегедир жалаң терс гана мааниде кулакка угулгансыйт. “Кыргыз” дегенде жалаң гана жылуу сезимге бөлөнгүм келет, бирок аттиң, улутубуздун атын чагылдырган бул сөз улам жагымсыз мааниге ээ болуп баратат.
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 09 Август 2014 - 00:05
#14 09 Август 2014 - 00:05
“Кыргызчылык” – бул сөзүнө турбаган, жери менен уруусуна карап бөлүнгөн, чоңдору мамлекеттин байлыгына колу-бутун малган, көрө албас, жалкоо, беленге тап жана бир катар алгылыксыз салттары ушул учкул заманда да кулк-мүнөзүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калган көрүнүш. Эмне үчүн өз мээнети менен ийгиликке жеткенде же башкалардын убактысын баалаганда “кыргызчылык” деген сөз айтылбайт? Андай кыйын кыргыздарды “еврей” же “немис” деп мыскылдайбыз.
Эмне иш болбосун, дайыма кечигип башталса, кадыресе көрүнүш катары “эми кыргызбыз да” деген шылтоо менен өзүбүздү жубатып, көз жумуп коёбуз. Өлүк чыккан үйдө эт-май чайнап отуруп, дасторконду жабыла күбүп кеткенде уялбастан, кыргыз салты ушул деп кутулабыз. Чынында ушундай майда көрүнгөн нерселердин баары биригип келип, биздин улуттун жалпы өңүн, портретин түзүп жатпайбы!
Ошол өңүбүздү башкалар карап, ичинен мыскылдап жатышканын сезебизби?
#15 09 Август 2014 - 00:07
“Кыргызчылык”.
Мен үчүн “кыргызчылык” – бул биздин оорукчан, ыраңы суук, оту жок, өлүк көздүү, колун жайып кайыр сураган кебетебиз. Бул биздин митеге айланып бараткан коомубуз. Эгемендик доордобу же же ага чейинби, билбейм, иши кылса, кыргыз эли накта мителерге айланып калдык.
Мителик эң алгач үй-бүлөдөн жаралат. Бир туугандардын бирөөсү ийгиликке жеттиби, башкалары дароо кудум эле бүргөчөсүнөн анын жонуна жабышып, туш-туштан канын соро башташат. Эгер байкеси ишкер чыкса, ини-карындаштары өздөрүнүн жеке жашоосунун жана иш көйгөйлөрүн ошол бечаранын мойнуна жүктөй салышат: аялымдын төрөтүнө төлөп кой, баламды мектепке орноштур, мага майлуу жумуш тап, диплом сатып бер, машина алып бер, үй салып бер, менин нике тоюмду көтөр, жада калса өлүгүмдү каржыла...
Мителик эң алгач үй-бүлөдөн жаралат. Бир туугандардын бирөөсү ийгиликке жеттиби, башкалары дароо кудум эле бүргөчөсүнөн анын жонуна жабышып, туш-туштан канын соро башташат. Эгер байкеси ишкер чыкса, ини-карындаштары өздөрүнүн жеке жашоосунун жана иш көйгөйлөрүн ошол бечаранын мойнуна жүктөй салышат: аялымдын төрөтүнө төлөп кой, баламды мектепке орноштур, мага майлуу жумуш тап, диплом сатып бер, машина алып бер, үй салып бер, менин нике тоюмду көтөр, жада калса өлүгүмдү каржыла...
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 09 Август 2014 - 00:08
#16 09 Август 2014 - 00:08
Мейли,
тың байкеси колдоосун көрсөтүп, бир туугандарынын дагы бутуна турганына өбөлгө болсун – ошону түшүнө билип, баалап, андан ары аракет жасап, өз ишин жөндөп кетсе кана? Бечара байкеси күч-кубатка толуп турган ини-карындаштарын,
алардын аял-күйөөлөрүн жана балдарын багып жүрүп, жалкоо жана мите туугандарынын айынан аялы менен ажырашууга жетип турганы менен эч кимисинин иши жок. Керек болсо жеңесин жек көрүшөт, алардын оюнда, ошол шүмшүк жеңеси байкесинин тапканын жылдырбай басып отурат, туугандарына бербей, алардын мамилесин бузуп жатат. Байкеси болсо бир туугандарын багууга, жамандык-жакшылыгын көтөрүүгө милдеттүү.
#17 09 Август 2014 - 00:12
Ар бирибиздин ушундай тууганыбыз бар, чынбы? Ал сөз жок эле бир тууган эмес, балким аталаш туугандардын же жээндердин арасынан чыгар. Андайлар өздөрү жасай албаган же жасагысы да келбегени үчүн ийгиликтүү туугандарын күнөө сезимине батырып, ошол күнөөсүн ай сайын акчалай же башка колдоолор менен жууганга аргасыз кылышат. Жалкоо тууганыңа жардам бербей көр - жакындарыңдын каргышына каласың, кала берсе ата-энең да кечип кетиши ажеп эмес.
#18 09 Август 2014 - 00:15
Мителик үй-бүлөдөн тышкары да кадам сайын кездешет. Чоңойгон мите адамдар турмуштан же ишинен жолу болбой калгандыгы үчүн “чыгым ордун” өкмөттөн, бейөкмөт уюмдардан, саясатчылардан,
бизнесмендерден талап кылышат. Бейөкмөт уюмдар жалкоолорду жана беленге таптарды ар кандай тышкы гранттар, акысыз тренинг жана семинарлар менен “курсагын” тойгузуп, анан көпчүлүк дайыма ушундай “бекер аш” болуп турарына биротоло ишенип алат. Колун жайып, байкуш болуп көрүнүп койсо эле жетиштүү да.
#19 09 Август 2014 - 00:16
Сен байсың жана ийгиликтүүсүң,
а мен – бечарамын, демек сен мага жардам берүүгө милдеттүүсүң.
Батыш өлкөлөрү байгер жана өнүккөн, а Кыргызстан кедей, ошондуктан алар бизге жардам берүүгө милдеттүү. Керек болсо бардыгы мага жана менин мекениме берген кредиттери менен карыздарды кечиши керек. Өлкө президенти болсо күнүгө менин үйүмө келип, ал-акыбалымды сурап, тамак-ашка, жол киреге, дары-дармекке деп колума акча карматып турушу керек. Эмне үчүн мен добушумду 500 сомго сатып, аны шайладым эле? Же болбосо, чет өлкөлүк инвесторлордун баарын кубалап чыгып, алтыныбызды өзүбүз казышыбыз керек. Ошондо жыргал заман башталат. Азыр баары бизди талап-тоноп отурат, алтынды килдеп эшигимдин түбүнө ыргытпайт, президент босогомо басып келбейт. Ал эми байыгандын баары уурулар, алдамчылар.
А мен болсо апакай кишимин, ошондуктан улгайган ата-энемдин жана бир туугандарымдын мойнунда отурсам боло берет.
#20 09 Август 2014 - 00:18
Мителердин дагы бир түрү – бул мигранттардын балдары. Алардын ата-энелери Орусияда баш көтөрбөй, ысык-суукта калып иштешет. Бир эмес, эки-үч жерде чала уйку болуп жүрүшөт, пол жуушат, аларды кемсинткен кардарларды тейлешет, улутчулдардан жана полициядан качышат. Тар батирлерде 10-15тен жашашат. Жегени кытай кукси. Кыргызстандагы балдарын окутуп-кийинтип,
татыктуу адам кылабыз деп ар жерде кор болуп жүрүшөт. Алардын балдары каалаган учурда ата-энесине телефон чалып, таарынган же талап кылган үн менен акча сураса, сураганы алеки саатта чөнтөгүндө болуп каларын билип чоңоюшат. Ата-энесине сессияга же китепке акча керек деп, өздөрүнө жаңы кийим, акыркы моделдеги телефон сатып алып, же кафеге барып, көңүл ачышат.