Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

СУПЕР-ИНФОдо жарнама
Реклама в СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама на SUPER.KG
SUPER TVда жарнама
Реклама на SUPER TV

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
Башкы бет
Соңку кабар
Супер-ИнфоСупер-Инфо
Super TV
Супер-Инфо Медиа-портал
Супер-Инфо Кинозал
Супер-ИнфоСуперстан
Маек Маек
Маек Жарыялар
Супер-Инфо Жылнаама
Супер-ИнфоЭрежелер
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#41 Пользователь офлайн   sestra   14 Февраль 2012 - 21:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

lapyska (13 Февраль 2012 - 23:31) жазган:

ар бирибиз эле бироодрн калган кийимди кийгибиз келбейт, бироо жаткан тошоко жаткыбыз келбейт, бироо тамак жеген аяктан, тамактанууну каалабайбыз, а эмне учун эркек бироодон калган кызга, аялга ашык болот?
Эми сизге суроом озунуз ушундай куйоо менен жашагыныз келеби? Азыр баардык эркектер ушундай,ойлонуп корчу жакшылап

эркеке тенелген кызды, аялды жек кором. Аллах аялзатын эркектин кабыргасынан жараткан. Аллах эркекти аялзатынан жогору койгон. бизге, аялзатына, Аллах абийир, тазалыктын белгисин берген. аны биз козубуздун карегиндей сактышыбыз керек. алакандай абийирине алы келбесе, назиктигин, тазалыгын сактай албаса- ал кыз жубай болууга, эне болууга татыктуубу?

аял бузулбаса, эркек эч качан бузулбайт. кыздардын намысы томондоп калса, халявшик эркектер созсуз аны шылдынга салат да.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   kgkgz   14 Февраль 2012 - 22:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 106
  • Катталган: 16 Май 11
  • Соңку аракети: 13 Янв 2014 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалалабат, убактылуу РФ

Сурак беруучу кунундо денесин жашырбай жургон аялдын кел бетин коптогон коздор курчап калат, жанында топтошкон эркектер озунун коздорун таппай убара болушат экен. АСТАГФИРУЛЛАХ
[/quote]




Бир жерден окуп калдым эле пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) айткан кыяматтын белгилеринен : бир убакыт келет кийим кийип туруп жылаңач жүргөн адамдар пайда болот. Азыр көчөдө баратсан эркектер да бар бирок айрыкча кээ бир кыздарыбыз кийимди жарашсада жарашпасада денесине жабыштырып кийип жүрүшөт. Караган адамга ал кыздын башынан баштап бутуна чейин кайсыл жери кандай экени(параметрлери) баары көрүнүп турат. Кыз деген бир аз да болсо тыкан, сырдуу кийим кийсе өзүнө эле жакшы болот беле өзүн жарыя кылбай деген ой келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Daud   15 Февраль 2012 - 14:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 627
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 06 Янв 2019 22:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

sestra (12 Февраль 2012 - 00:03) жазган:

жаман аялдын кесепети жонундо коп мисалдар бар. Ибрахим пайгамбарыбыздын жубайы Саара кандай ичи таар аял эле, тукумун караныз - еврейлер, ичи таар, озумчул калк.



Айткан көп сөздөрүңүзгө кошулсам да бул сөзүңүзгө кошула албадым. Ибрахим пайгамбарыбыздын (алейхис салаам) аялы Саара ичи таар болгонун кайсы булактан алып жаздыңыз? Жаман аялдын кесепети деп аны мисал кылганыңыз менин жеке пикиримде туура эмес. Себеби кемчилдиксиз адам адам болбойт. Анан кайсы бир кемчилдиги учун кайсы бир адамды жаман адам деп атоо туура эмес.


Тукумун караныз еврейлер, ичи таар, озумчул калк деп айтыпсыз. Бирок еврейлерден чыккан Исхак, Якуб, Муса, Иса ж.б. көптөгөн пайгамбарлар да ошол Сара энебиздин тукумунан экенин унутуп коюптурсуз.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   talan   16 Март 2012 - 01:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 13
  • Катталган: 26 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Апр 2012 02:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

solnyshko (10 Февраль 2012 - 11:42) жазган:

меники туура деп айтпайлем... мен дагы сага окшоп өз оюмду жаздым...анын неси жаман?туура ошондой аялдар дагы бар...мен ал учун талашпайлем. ..Бирок аялзаты жонундо ушунча жаман создорду жазып атса,мен кантип унчукпай коем?...менин жообума кайра комментарий жазыштын кереги жок!мен оз оюмду жаздым...болгону ошол...........

аял затын ушунчалык жамандаган екен демек анын созундо жан бар же аял заты андай емес дегени тураспы.чындык чычалатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   egemberdievagulbara   16 Март 2012 - 02:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 15 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 18 Фев 2019 17:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:saturn

Ар кимдин ар кандай мунозу болот...ички дуйнону Аллага туура кылуу керек Ар ким ар кайсы куноосу учун артынан созсуз жазасын тартат Аллахым ар кимге ыйман берсин


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Jyrgal_msk   15 Апрель 2012 - 02:35

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 16 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 04 Дек 2018 22:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Sestra,эн туура байкагансын. Сенин жазгандарынды окуп кубандым.Сага терс пикирлерин айтса да, айтышпай кайра жаза бергенин жакты.Бирок азыркы жаштардын тушунбой жатканы окунучтуу.Озу адамдар кандай журсо журо беришсе,бирок башкаларга жакшы создорун айтышса дейм.Эгер эч ким айтпаса,эч ким унчукпаса анда биздин келечегибиз кандай болот?Урматтуу форумчулар автор коомубуздагы терс корунушторду айтып жатат.Силерди эмес.Андан коро колдоп,ыйманга чакыра турган создорду жазгылачы.Эмне туура эмеспи жазгандары? Ушул форумдан эле окудум ,,азыр демократия, азыр жаштардын заманы кандай журом озум билем'' деп жазыптыр.Анын айтуусунда кыргыздын улуулугу,наркы, салты СССР менен кошо кетиптир.Азыр кээ бири батышты,орусту туурап жашап жатышат.А орустар ,,силердин салтынар жакшы аялдар эркектерин сыйлашат,кичуулору улууларын урматтайт' ' деп суктанышат. Жараткандын мыйзамын,жаратылыштын мыйзамын жана адамзаттын мыйзамын аралаштырбай туура тактап,туура сактап журсок жакшы болоор эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Jyrgal_msk: 15 Апрель 2012 - 05:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   altinim   07 Декабрь 2012 - 18:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Түйүлдүк
  • Билдирүүсү: 2 169
  • Катталган: 06 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 22:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:..........sonuuuuuun jerde

sestra сиз аялдарды массалык турдо айыптап кээ бирин калдык депсиз ал эми калдык эмне экени белгилууго исламга ишеними жогору адам экенсиз аял кишини ушунчалык акарат кылып жазыш шарт беле акарат озу исламда куноо эгер бирок ким эмне дебесин мен кыргызымдын энелерин аялдарын сыйлайм сыймыктанам себеби алар бар турмуш кочу уланып келуудо алар бар кыргыз деген улут бар биз жашоого келдик муноздомо бергенинизде кичине аялдык назиктигинизге, акылынызга салып жазсаныз бирок сиз айткандай уй булодо 1су албетте шогураак чыгат анан баарын кошуп аялдар бузулду деп айтыпсыз кошулбайм
Мен жөнүндө эмне деп ойлоcоңор да мага баары бир, мен силер жөнүндө таптакыр ойлонбойм.
Coco Chanel
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   chike87   08 Декабрь 2012 - 22:27

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 288
  • Катталган: 22 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2012 00:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каракулжа Ылай талаа ай.

Исламдан алыс болгон адамдар бул дүйнөнү тандап,ал үчүн бул дүйнө түбөлүк бейиш деп ойлойт.Өмүрү жыргалчылык менен өтүп,бардыгын байлык гана чечет деп көңүлүгү ай таппай келет.Анткени ал адам күнөөнү сатып алып күнөөдөн чарчаган эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   aiza11.3   10 Март 2013 - 14:43

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 225
  • Катталган: 28 Январь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2014 21:32
  • Жынысы:Аялзаты

sestra,азаматсыз! !!дагы жазыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   aijan   10 Март 2013 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 922
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: Кечээ, 23:01
  • Жынысы:Аялзаты

sestra (14 Февраль 2012 - 15:28) жазган:

1.эркеке тенелген кызды, аялды жек кором.
2.Аллах эркекти аялзатынан жогору койгон.
З.бизге, аялзатына, Аллах абийир, тазалыктын белгисин берген. аны биз козубуздун карегиндей сактышыбыз керек.
4.алакандай абийирине алы келбесе, назиктигин, тазалыгын сактай албаса- ал кыз жубай болууга, эне болууга татыктуубу?

2а.аял бузулбаса, эркек эч качан бузулбайт.
5.кыздардын намысы томондоп калса, халявшик эркектер созсуз аны шылдынга салат да.

1. Женоненавистница ты наша :)
2.+2а менимче, мурдатан акылдуулар акылсыздарга жол корсотуп келген. Мээси бар полноценный жогору турган эркектин башын мээси жок болгону бир кыйшык кабырга буза алабы? %) (менимче тен элебиз гоо). Анан акылсыздык кылган кабыргага эркек азгырылбай эле койсо болмок да, ал деген жогору болуватпайбы %)
3. Кошулам. Себеби, бизде патриархат. Балким кыз белгини уят коргон аралда торолгонумдо, тандаган жигитиме алдырып салмакмын %) Ошого созду кескин эмес, кенеш катары айтсаныз, он болмок.
4. Мындай кескин созду айтып жатып, жакын кабырга(тоюсс аял) урук- туугандарды унутпасаныз. Тоодон тушуп, элге аралашсаныз, жакындарыныздын арасынан сиз жек коргон же намысын ар турдуу кырдаалда жоготкон (озунузго окшош) кабыргаларды коросуз. Баса, качан эне болуу бакыты боюнча окумдар болгонсуз? Бала кимге буюрган болсо берилет. Сиздин окумунуз кыпындай да кудайды кызыктырбайт деп ойлоп койдум :) кудай менен ар бир адам жеке баарлашат, маегине арачы болбой бери турунуз.
5. Халявщик эркектер да аялдардан жогорубу?
Пы. Сы. Оздон чыккан жат жаман дечу эле, бул фанатизминиз менен катын болуп эркеке, жек корумчу орой болуп аялга жакпайсыз.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Kosmopolitka   16 Март 2013 - 17:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Түйүлдүк
  • Билдирүүсү: 5 572
  • Катталган: 09 Июнь 12
  • Соңку аракети: 01 Фев 2017 07:10
  • Жынысы:Белгисиз

Sestra eje kuyunup bywkanynan jazyp atat go deim. Kandai soz bolbosun tuura kabyl alyp,chechim chygaruu ozunuzdordon.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   meerimka86   16 Март 2013 - 17:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 729
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: Кечээ, 18:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

Мен Айжан сага кошулам.Эн туура,Шумида деген болчу анча мынчалардын катыгын колуна берчу....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   raia   16 Март 2013 - 19:15

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 477
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: Кечээ, 09:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

АЯЛ- бул эне,Энеден баардыгыбыз торолобуз,чонойобуз, акылыбызга жараша чонойобуз.ЭНЕ- торойт биорок кыял жоругун кошо торобойт.Сестра сен эмнеге аялдар бузук дейсин,ар бир баскан жолунда жаман жаштар,жаман кыздар жолугат же жаман чойродо ,бузуктар шаарчасында турасынбы?Сен айтканчалык эмес тура бузулгандар бар бирок баардыгы эмес да.Мен да шаарда жашайм домубуз 4 дом квадрат болуп салынган ошол домдон бузулган кыз корбодум,жакшына эле той кылып куйого узатканын кордум .Жаныбызда эки мектеп бар орус анан кыргыз мектеп ушунча жашка келип кыздарды басынткан,кордогон соз укпадым.Эмнеге биз дайыма кыздарды кордоп,басынтып келебиз,биздин душманыбызбы? Адашып калган кызды акылман жигит акылга салып жаман жолдон кайтарып алса жаманбы?Менимче сооп эле иш кылат болуш керек.Кыздар жаман бузук дейбиз ошону ким бузду,ким жолдон адаштырды,ким зордоп келет,канчалаган кыздар бей куноо зордолуп келет аны эмне учун айтпайбыз.Ачылып зордолсо ,жабык кыздарыбыз деле зордолуп келет.,коз жашы колдайра куйого тийе албай картайып баратканы канча анын убалын ойлогон ким бар?Ал эми бактылуу,ыймандуу иштеген жана окуган кыздарыбыз канча? Келин болуп керилип бир уйдун куту болуп,бир жигиттин жары болуп иштеги ишин,уйго келип уйдун ишин кылган жаштарыбыз канча?Журогунон мээрим чачып эки жагынды карагын кыргызыбыздын акылдуу,ыймандуу жана да сулуу пери кыздарыбыз коп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   raia   16 Март 2013 - 19:25

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 477
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: Кечээ, 09:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Сен чучука жеткирген соз менен эмес ,сен хадистер бар го кыздар учун жана аялдар учун ошону жаз,эгер илимин болсо.Ошону жазсан деле ар ким денгелине жараша озуно синирип алат.ошондо кобурок сооп иш кыласын го деп ойлойм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 344
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 03 Мар 2015 22:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Бул окуяларды интернет булактарынан алдым. Балким окугандар бардыр, окубагандар дагы бар чыгаар деген ойдо бул жакка көчүрүүнү туура көрдүм.

Аалымдардын айткандары, насааттар дагы камтылган.

Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 20 Июнь 2013 - 20:35

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 344
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 03 Мар 2015 22:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Жаш жигиттин окуясы.

“Мен Аллахтын динине кайдыгер караган адам элем. 2000 - жылдары Рамазан айы келгенге чейин мен мечитке барчу эмесмин. Күндөрдүн биринде үйдө уктап жатып, таң калыштуу түш көрдүм. Түшүмдө өзүмдүн керебетимде өзүмдүн уктап жаткандыгымды көрдүм. Аялым келип, мени ойготуп атты. Мен андан: “Эмне болду?”-деп сурасам, бирок ал негедир мени укпайт. Мени кайра-кайра ойготуп жатты. Мен андан кайра-кайра “Эмне болду?”-деп сурасам ал менин сураганымды укпайт. Менин ойгонбогонумду көргөн аялым бир убакта чочуп, агаларымды чакырып келди. Бир кезде врач келип, мени көрө баштады. Мен врачтан: “Эмне кылып жатасың?”-десем, ал да укпайт. Мени текшерип көргөн врач агаларыма менин өлгөндүгүмдү айтты. Алар менин өлгөндүгүмө аябай кайгырышып, аябай ыйлашты, аларды көрүп мен да ыйлап жаттым. Эмнеге булар мени укпай жатышат, эч түшүнө албай жаттым. Келесо болуп калгансыдым. Эмнеге мындай? Эмнеге мен агаларымды, аялымды көрүп, угуп жатам да, алар мени угушпайт? Алар мени жерге көмүү жөнүндө сүйлөшүп, “Эгер бул жакшы адам болсо, Аллах менен эртерээк жолуктурушубуз керек. Эгер жаман адам болсо, анда мындан эртерээк кутулушубуз керек”-деп жатышты. Мени жууп, кепинге орошту. Көрүстөнгө алып жөнөштү. Мен болсо, алдымдан чыккан адамдын баарына “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун”-деп айтып жаттым, бирок мени эч ким укпады, эч ким мага жооп бербеди. Көрүстөнгө жеткенде мени жерге имамдын алдына коюшту. Оролгон бойдон жерде жатам, имамды жалооруй карап, “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун. Эмне кылып жатасыңар?”- деп жаттым. Бирок имамдан да жооп болбоду. Баары бир добуштан куран окуй башташты. Куран окуп болушкандан кийин мени кабырга кое башташты. Ал эми мен болсо, “Токтоткула! Мени көмбөгүлө! Мен тирүүмүн! ”-деп кыйкырып жаттым. Эч ким укпады. Алар кабырды тактайлар менен тосуп, үстүнө топурак сала башташты. Ошондо мен Мухаммаддын (САВ) бир хадисин эстедим: “Чындыгында, өлүү адам сөөктү көмүп бүтүп бараткан адамдардын ар бир кадамын угат”. Мен да мени көмүп бүтүп бараткан адамдардын кадамдарын угуп жаттым. Караңгы, ным жерде жатып мунун баарына түшүндүм. Ошол убакта эки адам пайда болду. Бирөөсү менин баш жагыма, бирөөсү бут жагыма туруп, мени сурап башташты.

- Сенин кудайың ким?

- Менин кудайым....... ... Менин кудайым....... ...........

Кудайым ким экенин билчүмүн, бирок эстей албай жаттым, ким эле... кантип анын атын унутуп калдым...... ким эле....... ким эле...........

Алар дагы суроо берди.

- Сенин Элчиң ким?

- Менин Элчим........... ... Менин Элчим........... .......

- Сен диниң кайсы?

- Менин диним........... .. Менин диним........... .........

Менин аялымдан, дүкөнүмдөн, акчаларымдан, машинамдан башка эч нерсе акылыма келбей койду. Жашоомдогу эң жагымсыз, уяттуу учурлардан башка эч нерсени эстей албай жаттым. Бир кезде алар мени дубинка менен катуу уруп жиберишкенде, мен кыйкырып жибердим. Ачуу үнүм менен кыйкырып, үйдө уктап жаткандардын баарын ойготуп жибердим. Коркуп кеткен аялым: “Эмне болду? Эмне кыйкырып жатасың? Тез жардам чакыралыбы? ”-деп сурап жатты. Ошондо гана мен мунун баары түш экенине түшүндүм. Анан эле мечитте багымдатка азан чакырып калды. Ушул жерден менин жаңы жашоомдун барагы ачылды. Бул түш менин жакшы жолго түшүшүмө, Жараткан тарабынан тыюу салынган нерселерден алыс болуума себеп болду. Мен Жараткандын буйругу менен ага баш ийип, ислам жолуна түштүм.

Азыр аялым, балдарым, агаларым менен бактылуу турмушта жашайм, мени адашуудан сактап калган Аллахга шүгүр кылам жана биздин жаныбызды алып жатып, бизден мусулман катары ыраазы болушун суранам.

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 344
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 03 Мар 2015 22:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Аял жана арстан.

Бир күнү бир Аалымга бир аял келип, күйөөсү өзүнөн башканы сүйбөй турган кылып, уу чөптөрдөн дары жасап беришин сурайт. Аалым айтты:

- Бисмилях! Макул, жасап берейин.

- Чын элеби?

- Ооба, бирок ал дарыны жасаш үчүн мага бир нерсе керек.

- Эмне?

- Мага тирүү арстандын жалындагы кылынан алып кел.

- Мен аны кайдан табам? Тирүү арстандын жалынын кылын кантип алам? Өлүк арстандан болсо, алып келмекмин.

- Жок, тирүү арстандыкын гана алып келишиң керек.

- Макул, алып келгенге аракет кылам.

Аял күйөөсү өзүн гана сүйөрүн аябай каалагандыктан, мергенчилерге барып айтты.

- Арстандын жалынан кылды кантип алууга болот?

- Арстан адамды жанына жакын жолотпойт, кылды арстандын курсагы ток кезинде гана алса болот.

Аял аракет кылып көрүүнү чечет. Мергенчилерден арстандар жүрчү жерлерди билип, эт сатып алып, токойго жөнөдү. Күткөн арстандарга кезигип, эттен аз-аздан ыргытып бере баштады. Ар бир күнү ушинтип арстанга эт берүүсүн уланта берди. Арстан да аялдын курсагын тойгозгонун сезип, ага үйрөнүп калды. Экөөнүн аралыгы күндөн-күнгө жакын болуп баратты. Акыры бир күнү арстандын жанына барды. Жалын колу менен сыйпалады, арстан каршылык көрсөтпөдү. Ошол убакыттан пайдаланып, аял арстандын жалынан бир тутам кыл кесип алып, артка карай жөнөдү. Аалымдын айтканын алып келди.

- Мынаке, алып келдим.

- Субхан Аллах! Мага айтып берчи, кандай айла менен алып келдиң?

Аял болгон окуянын баарын айтып берди.

- Мен арстандын мүнөзүн, адаттарын, өзүн кантип алып жүрөөрүн, баарын үйрөнүп чыктым. Анан мен ага жакындоонун эң жакшы ыкмасын тандадым.

Анда окумуштуу жылмайып, “Эми үйүңө бар да, ушул ыкманы күйөөңө колдон! Бирок ал арстандай жырткыч эмес, ал сени жебейт!”- деди.

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 344
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 03 Мар 2015 22:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Эненин көз жашы.

Жаш кезинде күйөөсү каза болуп калган аял төрт баласын өзү жалгыз тарбиялап чоңойтот. Эң улуу баласы күйөөсү каза болгон убакта араң гана 11 жашта болчу. Күйөөсү аябай камкор эле. Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин күйөөсүнүн милдеттери аялына түшүп, бардык убактысын балдарын тарбиялоого, балдарына кам көрүүгө жумшады. Күнү-түнү иштеп, жалгыз көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Күндүзү иштесе, түнкүсүн балдарына тамак жасап, түн жарымда араң уктачу. Кайрадан эрте менен эртелеп туруп, балдарынын тамак-ашын, кийим-кечесин даярдап, аларды мектепке жөнөтүп, кайрадан алардын мектептен келерин чыдамсыздык менен күтчү. Балдарынын эр жетип, мыкты уул болушу үчүн баарына чыдачу эле.

Түйшүктүү күндөр, айлар, жылдар өтүп балдары бой жетип чоңойду. Балдары баралына жетип, өз алдынча турмуш өткөрүп, үй-бүлөлүү болушса деле апасы балдарынын бардык түйшүктөрүн өз мойнуна алып жүрдү. Арадан жылдар өттү. 60 жашка келген апасы бапестеп өстүргөн уулдарына оор жүк болуп, жалгыз калды. Апасын карагылары келбеген балдары бир күнү чогулушуп, апасын кезектешип карай турган болушту. Апасынын ден соолугу начарлап, сүйлөй албай калды. Убакыттар өттү, апасы керексиз буюмдай бир баласынын колунан экинчи баласынын колуна өтүп, күн өткөрүп жатты. Келиндери да жаман сөздөрүн айтышып, орой мамиле жасашты. Ал мындай кордукка чыдады. Унчукпады. Төрөгөндөн үйлөнгөнгө чейин кам көргөн уулдарынан ушундай мамилени көрдү. Уулдары болсо, апасынын жоопкерчилигин алыштын ордуна бири-бирине түртө салышты. Апасын карагандан айынан бири-бири менен урушушту. Кароо кезеги кичүү баласына келди. Ал аялы экөө достору менен конокко бармак болушкан. Бирок апасын ким карайт? Жинденген уулу улуу агасына чалды.

- Байке, бүгүн менин аябай зарыл жолугушум бар, барбасам болбойт. Апамды сеникине алып барам, бүгүн менин ордума сен карап тур.

Агасы ачууланып инисине: “Алып келсең мени эшикти ачат деп ойлобо”-деп кыйкырып, экөө урушуп кетишти. Урушканына карабай иниси апасын агасыныкына алып жөнөдү. Дарбазаны такылдатты. Эч ким ачпады. Дагы такылдатты. Агасы дарбазаны ачмак турсун, кызыгып келип сурап койбоду. Такылдатып тажаган иниси: “Дарбазанын артында апаң отурат. Дарбазаңды ачып, апаңды үйүңө алып кирип ал”-деп кыйкырып, барчу жагына кетип калды. Апасы булардын баарын көрдү. Көзүнүн жашы көл болуп куюлду. Кыймылдаганга алы келбеди. Сүйлөй да албайт эле. Көпкө отурду. Эч ким дарбазаны ачпады. Бир тирүү жан апасын издеп чыкпады. Эч ким апам тамак жейт бекен, уктайт бекен деп ойлободу. Апасы уулдарына жасаган көп жылдык камкордугуна ушинтип таш боор жоопту алды. Уулдарынын жаш кездерин, уулдары үчүн тамак, кийим-кече издеп өткөргөн күндөрү элестеп жатты. Өзүнө-өзү: “Чын эле ушулар менин балдарымбы? !!!.... Мен буларды аздектеп сүйүп, ыйласа кошо ыйлап, сүйүнсө кошо сүйүнүп чоңойттум... . Түнкүсүн суу ичет элем, тамак жейт элем деп түн уйкумду канча бузушту... Ага жинденбедим. ... Оорушса кошо оорудум... Окуттум, үйлөнттүм, үйлүү-жайлуу кылдым, бирок акырында жалгыз калдым, суукта калдым! Ачка калдым. Караңгы түндө жалгыз калдым! Апасы аябай ызаланды. Өткөн күндөрүн эстеп аябай ыйлады. Караңгы түндө кароосуз жалгыз калды.....

Эрте менен жумушка жөнөгөн уулу дарбазасын ачса, апасы дарбазанын артында өлүп калыптыр....

Ыйык Куранда айтылат: “Ата-энеңерге камкор болгула жана аларга эч качан “уфф” деп айтпагыла! Аларга мээримдүү сөздөрүңөр менен кайрылгыла! ”.

Ата-энеңерге жасаган жаман мамилеңер үчүн бул жашоодо жазаланышыңар мүмкүн! Ошондуктан, ата-энеңерге алар мындан ары силерге керек эместей мамилени сездирбегиле! Ата-энеңер менен бирге жашагыла! Аларга жылуулук бергиле, мээрим чачкыла, көңүл бургула! Алар ар дайым силердин жылуу мамилеңерге муктаж экендигин унутпагыла! Ата-энеңерди таштабагыла! Силер ата-энеңерге кандай мамиле жасасаңар, силер да балдарыңардан ошол мамилени көрөсүңөр! Ата-энеңерди карагыла!

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 344
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 03 Мар 2015 22:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Абу Ханифа жана атеист
Бир атеист адам: “Кудай жок, эгер бар болсо, аны мага көрсөткүлөчү. Бул ааламды Аллах эмес, жаратылыш жараткан”-деп мусулмандар менен дайыма талашып тартышат. Аллах темасында сүйлөшүү үчүн мусулмандардан чоң мусулман окумуштуусуна жолуктурууну суранат. Мусулмандар атеистке Абу Ханифа имамды жолуктура турган болушат. Атеист менен Абу Ханифа бир күндөн кийин жолугууну чечишет.

Жолуга турган күн да келди. Мусулмандар менен атеист белгиленген убакытка чогулушту, бирок Абу Ханифа кечигип жатты. Арадан бир саат өттү. Абу Ханифа келбеди. Арадан канчалаган сааттар өттү. Абу Ханифа дагы деле келбеди.

- Көрдүңөрбү? Силердин имамыңар корккондугу үчүн келбей койду.

Ушул убакта Абу Ханифа кирип келди. Атеист анын кечиккендигин айтып ачууланды.

- Мени күнөөлөгөндөн мурун менин эмне үчүн кечиккендигимди сура. Менин үйүмдөн экөөбүздүн жолуга турган жерге жетүү үчүн дарыяны сүзүп өтүү керек. Мен жолугушууга камданып, жээкке келгенимде жээкте кайыктар да, эч нерсе жок экен. Мен башка жээкке бардым. Бирок ал жерде да кайыктар жок экен, мен күтүүгө аргасыз болдум. Ошол убакта катуу шамал болуп, бак-дарактардын бутактарын сындырды. Бутактар топтолуп, кайыкка окшоп калганынан мен топтолгон бутактар менен экөөбүз жолугушчу жээкке жөнөдүм. Бирок катуу шамал мени башка жээкке алып барып койду. Ошону үчүн мен кечигип калдым.

Абу Ханифаны уккан атеист аябай күлүп, мусулмандарга кайрылды.

- Карагылачы, силердин имамыңар эмне деп тантырап атат. Ал акылынан адашкан окшойт.

- Эгер сен менин айткандарыма ишенбесең, мындай нерселердин болушуна ишенбесең, анда башкаларга, бул дүйнө өзүнөн өзү жаралган деген сөзүңө кантип ишенесиң?

Абу Ханифа ушул суроосу менен атеисттин пикиринин абсурд экендигин далилдеди.


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Evelet   09 Июнь 2013 - 09:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 344
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 03 Мар 2015 22:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор


Күмүш эшик жабылса алтын эшик ачылат


Илгери бир падыша жашап өткөн экен. Анын аябай акылдуу вазири бар эле. Бир күнү падышанын жакшы көргөн аты жоголуп кетет. Падышанын аты аз кездешүүчү породадагы ат эле. Падыша аябай кайгырат. Аны көргөн вазири:

- Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат

Менин сүйгөн аргымагым жоголуп жатса, кайдагы жакшысы күтүп турат!

Ошол убакта падышанын аргымагы башка үйүрдөгү жылкылар менен кошулуп кетип калган жактан табылгандыгы жөнүндө кабар келет. Аргымакты тапкан аскерлер падышанын атын бир үйүр жылкылар менен кошо айдап келишет. Аргымагынын арты менен көп жылкылуу болгон падыша туура эмес кылгандыгын айтып, вазиринен кечирим сурайт.

Бул окуядан кийин падыша аңчылыкка барып, бир манжасын оорутуп келет. Натыйжада манжасын кесип салышат. Падыша буга аябай кайгырат. Анда вазири:

- Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат

Падыша: “Мейли, аргымагым жоголгондо, кайра таап келишти. Эми манжамды кесип салышты, эми аны кайра таппайбыз. Мындан да эмне жакшылык күтүп турмак эле ! - деп вазирине ачууланып, вазирин түрмөгө каматып салды.

Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин падыша дагы аңчылыкка жөнөдү. Падыша менен аскерлери адам жегичтердин туткунуна түшүшөт. Алар качып кутула албайт эле. Алардын баарын адам жегичтер жеп баштады. Падышанын кезеги келгенде адам жегичтер анын бир манжасы жок экендигин көрүшүп, аны жебей коюшат, себеби адам жегичтердин салты боюнча бир мүчөсү кем жаныбарларды жешчү эмес. Аскерлердин баарын жегенден кийин падышаны кое беришет. Падыша хан сарайына кайтып келип, вазирин өзүнө чакырып,андан кечирим сурап, мындан ары ал менен талашып, тартышпай тургандыгын, камабай тургандыгын айтат. Анда вазир падышанын кечирим сураганынын зарылдыгы жоктугун, андан көрө аны түрмөгө камагандыгы жакшы болгондугун айтат. Себеби, падыша вазирди түрмөгө камабаганда, ал да падыша менен аң уулоого барып, адам жегичтерге жем болмок эле.


Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Фев 2019 03:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
Тел.: +996 312 88-24-00
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: