Футболдогу чоң жоготуу. Шапекоэнсе клубу!
#2 01 Декабрь 2016 - 13:46

Бразилиялык футболдук клубдар өлкөнүн Футбол федерациясына кайрылып, "Шапекоэнсе" клубунун келечеги тууралуу сунуштарын айтышты. Белгилүү болгондой, Колумбияга бет алган футболчуларды алып бараткан учак кырсыкка учурап, борттогу 81 адам жабыркаган. Анын 72си жүргүнчүлөр, 9у анда кызмат кылган адамдар болчу. Учак кыйраган окуяда 6 гана адам аман калган, анын үчөө футболчулар.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, жергиликтүү клубдар "Шапекоэнсе" клубуна оюнчуларды берүүгө даяр. Ошондой эле команданын лигадан "ыргып" кетүүсүнө жол бербөө аракетин көрүүнү сунушташат клубдар.
Демилге көтөргөн клубдардын катарында "Сан-Паулу" , "Коринтианс" , "Сантос" , "Палмейрас" жана "Португеза" бар.
Учурда Колумбияга барбай турганы чечилип, Бразилияда калган 3 футболчу кийим которуучу жайда сүрөткө түштү. Төмөнкү сүрөттү карап, футболчулардын орду толгус жоготууга ичи ачышып жатканын айттырбай түшүнүү мүмкүн.

#3 01 Декабрь 2016 - 13:47

Колумбияда учак кырсыкка учурап, борттогу 81 адам жабыркады. Анын 72си жүргүнчүлөр, 9у анда кызмат кылган адамдар болчу. Учак кыйраган окуяда 6 гана адам аман калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, бортто бразилиялык "Шапекоэнсе" футболдук клубунун оюнчулары да бар болгон. Учактын Боливиядан абага көтөрүлүп, Колумбиянын үстүнөн учуп баратканда кырсыктаганы маалымдалууда.
1-декабрда Колумбиянын "Атлетико Насьональ" клубу жогоруда сөз болгон "Шапекоэнсе" командасы менен беттешмек. Команда Түштүк Америка Кубогуна катышуу үчүн Медельин шаарына жөнөгөн.
#4 01 Декабрь 2016 - 13:48

Колумбияда 70тен ашык адамдын өмүрүн алган авиакырсык күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам болгон. Бул тууралуу Колумбиянын тиешелүү кызматтарына шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Кырсык 29-ноябрда орун алган. Анда борттогу 81 адам жабыркаган. Анын 72си жүргүнчүлөр, 9у анда кызмат кылган адамдар болчу. Учак кыйраган окуяда 6 гана адам аман калган, анын үчөө бразилиялык "Шапекоэнсе" клубунун футболчулары, кызматкерлери эле. Эки күндөн кийин футболчулардын бири ооруканадан каза тапкан.
"Кырсык болгон жерде изилдөө иштерин жүргүзүп, лайнерде тиешелүү деңгээлде күйүүчү май болгон эмес деген тыянак чыгардык. Эл аралык практика көрсөткөндөй, учакта кошумча 30 мүнөт учуу үчүн "резерв" болушу керек эле", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда кырсыкта каза тапкандардын 59нун өздүгү аныкталды. Анын 52си бразилиялыктар болуп чыкты. 5 адам Боливиянын, бирөө Парагвайдын, дагы бирөө Венесуэланын жараны болгон.
#6 01 Декабрь 2016 - 14:10
ERNlS (01 Декабрь 2016 - 13:46) жазган:

Бразилиялык футболдук клубдар өлкөнүн Футбол федерациясына кайрылып, "Шапекоэнсе" клубунун келечеги тууралуу сунуштарын айтышты. Белгилүү болгондой, Колумбияга бет алган футболчуларды алып бараткан учак кырсыкка учурап, борттогу 81 адам жабыркаган. Анын 72си жүргүнчүлөр, 9у анда кызмат кылган адамдар болчу. Учак кыйраган окуяда 6 гана адам аман калган, анын үчөө футболчулар.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, жергиликтүү клубдар "Шапекоэнсе" клубуна оюнчуларды берүүгө даяр. Ошондой эле команданын лигадан "ыргып" кетүүсүнө жол бербөө аракетин көрүүнү сунушташат клубдар.
Демилге көтөргөн клубдардын катарында "Сан-Паулу" , "Коринтианс" , "Сантос" , "Палмейрас" жана "Португеза" бар.
Учурда Колумбияга барбай турганы чечилип, Бразилияда калган 3 футболчу кийим которуучу жайда сүрөткө түштү. Төмөнкү сүрөттү карап, футболчулардын орду толгус жоготууга ичи ачышып жатканын айттырбай түшүнүү мүмкүн.

#8 01 Декабрь 2016 - 14:16
Ото окунучтуу, жакындары эмне болуп жатты экен, эхх, бир кем, Дуйно.((
#10 01 Декабрь 2016 - 17:06
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
#11 01 Декабрь 2016 - 17:14
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
#12 02 Декабрь 2016 - 01:01
Аябай окунучтуу.Баардыгы жаш эле оюнчулар болсо керек эле ))
Alhamdulillah
#13 02 Декабрь 2016 - 11:41
Лео Месси Шапекоэнсе клубунун авиа кырсыктан курман болгон оюнчуларынын жакындарына,
бир туугандарына 10 млн евро курмандык кылды.Бул тууралуу аргентиналык El Intransigente басылмасы кабарлайт.
Респек Лео!
Респек Лео!
"Барселона-моя первая любовь!"
#14 02 Декабрь 2016 - 12:39
FCMUKG (02 Декабрь 2016 - 01:01) жазган:
Аябай окунучтуу.Баардыгы жаш эле оюнчулар болсо керек эле ))
Кайо Жуниор (тренер,51 жаш)
Канела (нп. 22)
Денер (зщ. 25)
Марсело (зщ. 25)
Матеус Битеко (пз. 21)
Матеус Карамело (зщ. 22)
Жименес (зщ. 21)
Лукас Гомес (пз. 26)
Эвертон Кемпес (нп. 34)
Артур Майя (пз. 24)
Ананиас (нп. 27)
Данило (вр. 31)
Филипе Машадо (зщ. 32)
Сержио Маноэл (пз.27)
Жил (зщ. 29)
Бруно Ранжел (нп. 34)
Клебер Сантана (капитан. 35)
Жозимар (пз. 30)
Виллиан Тиего (пз. 30)
Тиагиньо (нп. 22)
Билдирүүнү түзөткөн: LEGENDA.: 02 Декабрь 2016 - 12:40
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
#15 02 Декабрь 2016 - 23:42
Футболчу Роналдиньо авиакырсыкта футболчуларынан айрылган "Шапекоэнсе"
клубуна ойноп берүүгө даяр
Колумбияда орун алган авиакырсыкта дээрлик бардык футболчуларынан айрылган бразилиялык "Шапекоэнсе" клубуна моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү уланууда.
Футболчу Криштиану Роналду каза тапкандардын жакындарына көңүл айтуу менен 3 миллион евро өлчөмүндө акчалай жардам көрсөткөн.
Ал эми бразилиялык футболчу Роналдиньо менен Аргентина курамасынын мурунку лидерлеринин бири Хуан Рикельме клубга ойноп берүүгө даяр экенин билдиришти. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, алар клубду колдоо иретинде клуб менен келишим түзүүгө даяр.Учурда клубду Бразилиянын А сериясында (өлкө чемпиондугу), сактап калуу, оюнчулар менен камсыздоо, чыгымдардын ордун толтуруу аракеттери кызуу жүрүп жатат.36 жаштагы Роналдиньо карьерасын расмий түрдө жыйынтыктабаганы менен, 1 жылдан бери расмий оюндарда майданга чыга элек. Ал эми 38 жаштагы Хуан Рикельме 2 жыл мурун бутсасын мыкка илип, профессионалдык карьерасын жыйыштырган.

#18 03 Декабрь 2016 - 19:38
Пахтакор кырсыка учураганы эсиңерде болсо керек. Ошондой окуя болду. Аябай өкүнүчтүү.