АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ОЮНЧУК ТАПАНЧА МЕНЕН КОРКУТУП...
5-январь күнү Бишкектеги интернет клубдардын биринде тоноочулук катталды. Аталган күнү саат 23төрдө 6-кичирайондо жайгашкан интернет клубга бет капчан адам кирип тапанча менен коркутуп, кассадагы акчаны алып кеткен.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кылмышка шектүү адамды кармашты.
Ушул сыяктуу эле окуя 6-январда Талас шаарында болуп өттү. Жогоруда айтылган сценарийди кайталап, үйдө жалгыз отурган аялга кол көтөрүшкөн үч жигит коркутуп акча талап кылышкан. Аялдын жанындагы 500 сомун алып кетишкен. Учурда кылмыш иши иликтенип, мурун сот жообуна тартылган Т.Д., Б.Б. жана Б.А. кармалышты. Кызыгы, алар коркуткан тапанча чыныгы эмес, оюнчук экен.

МЕКЕНДЕШТЕР МИТИНГ ҮЧҮН КАМАЛЫП...
11-январда Москва шаарында 30 чакты эмгек мигранты камакка алынды. Алар “көчөдө массалык акция уюштурганга аракет кылышты” деп айыпталышууда. “Камалгандардын басымдуу бөлүгүн кыргызстандыктар түзөт”,- деп билдиришет Орусия ММКлары. Мигранттардын билдирүүсүндө, аларды бул жорукка мигранттарды көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлеринин кадам сайын документ текшерүүлөрү, куугунтуктоолору түрткөн.
Ал эми Жаңы жыл түнү Москва шаарында көчөдө жүргөн ар улуттагы 200 мигрант камакка алынган. Тактап айтканда, алардын арасында кыргыздар, тажиктер, казактар да болгон. Учурда бул маселени чечүүгө Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги киришүүдө.

АКТИВДҮҮ «ХИЗБ-УТ-ТАХРИРЧИ” КАРМАЛДЫ
6-январда УКМКнын кызматкерлери тарабынан «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү өкүлү кармалды. ИИМдин маалымат кызматы анын үйүнөн диний багыттагы 300 китеп, брошюралар жана баракчалар табылгандыгын билдирет. Кылмышка шектүү Кыргызстандын атуулу, Сузак районунун тургуну, 1963-жылы туулган А.Ж. аттуу адам.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.

АРАКЕЧТИКТИН АЙЫНАН...
9-январда кечке жуук Таш-Көмүр шаарында кызуу абалда 37 жаштагы Д.С. жолдо турган Хундай-Аванте автоунаасынын терезесин эч себепсиз талкалап салган. Ошондой эле автомашинанын ээсин бычак менен качырган. Чакыруу менен келген оперативдик топко каршылык көрсөткөн. Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнө алынып келинген ал адам имараттын терезесин чагып, милиция кызматкерлеринин бирине бычак сайып жиберген. Чектен ашкан тентек өз жазасын алып, учурда бул иш тергелүүдө.

ӨЛҮМГӨ ШЕКТҮҮ АЯЛБЫ?
9-январда Сокулук районундагы Гавриловка айылынын 36 жаштагы тургуну Я.Н. көз жумган. Өз үйүнөн жансыз денесин бир күндөн кийин табышып, айылдаштары милиция кызматкерлерине кабар беришкен. Экспертизанын натыйжасында ал көкүрөгүнө матырылган бычактан каза болгону далилденди. Сокулук
РИИБинин кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп 38 жаштагы П. аттуу аялды кармашкан.
Учурда тергөө жүрүүдө.

101 билдирет

ӨРТТӨН ӨЛҮМ ТААП...
9-январь күнү Сокулук районунун Сокулук айылында эртең мененки саат 07.50дө Алексей Мишенконун үйүнөн өрт чыккан. Үйдүн 24 чарчы метр чатыры, 16 чарчы метр бастырмасы өрткө дуушар болгон. Өрт 3 саат­тан кийин өчүрүлүп, үйдүн ичинен үй ээсинин жансыз денеси табылган.
Ушул эле күнү Жалал-Абад шаарынын Горная көчөсүндө жайгашкан Тухтаевдердин үйүнөн да капысынан өрт чыккан. Үйдөгү эмеректер өрттөнүп, ички дубалдары толук күйүп кеткен. Бөлмөлөрдүн биринде үй ээси К.Тухтаев өрттүн айынан көз жумган.

БИР ҮЙ ТОЛУК КҮЙҮП КЕТТИ
9-январь күнү Майлы-Суу шаарынын Набережная көчөсүндө жайгашкан Сариевдердин үйүнөн өрт чыккан. Өрт үйдүн 120 чарчы метр аймагын жалмап, эмеректерин бүт күйгүзгөн. Ал эле эмес, кызыл жалын коңшусунун үйүнө жармашып, алардын чарбасына да зыян келтирген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан