ТАРЫХЫ

Учурда SUPER.KG Кыргызстандагы эң популярдуу сайттардын бири.

2006-жылдын 28-март күнү SUPER.KG порталы ишке кирип кыргыз тилдүү медиадан орун алган. Алгач порталга Супер-Инфо гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Ошол кезде чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон. Кулач жайган порталга көп өтпөй кабарлар жазылып, алдыңкы медиалардын сап башына чыкан. 2008-жылы портал “Медиа-портал” бөлүмү менен толукталып, анын ичинен “Элдик видео” бөлүмү ачылган. 2011-жылы "Жылнаама" бөлүмү ишке кирип, анда дүйнөдө жана кыргыз жеринде, жакынкы жана алыскы тарыхтагы урунттуу окуялардын күндөрү, атактуулардын туулган жана каза тапкан күндөрү так көрсөтүлгөн. Андан соң, SUPER.KG порталынын YouTube каналы ачылып, 2018-жылы портал YouTube'дун “Күмүш баскычына” ал эми 2022-жылы «Алтын баскычына» ээ болду.

“Супер-Инфо” - Кыргызстандагы эң көп нускалуу кыргыз тилдүү гезит. Басылма 2002-жылы түптөлүп, алгачкы саны 31-майда жарык көргөн. Гезит өзүнүн заманбап дизайны, ар тараптуулугу, маалыматты калыс чагылдырганы, макалаларды кызыктуу жана жеткиликтүү тилде даярдаганы менен башкалардан айырмаланып турат. Гезиттин рубрикалары Кыргыз маданияты, шоу-бизнес, спорт, саясат, медицина баштаган кеңири тармакты өзүнө камтыйт.

2007-жылдан тарта гезит “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын нускасы” наамына татыктуу болуп, бүгүнкү күнгө чейин ал бийиктикте кармалууда. 2013-жылы “Супер-Инфо” гезити нускасын 120 миңден ашыруу менен өз рекордун жаңылаган. 2018-жылы “Жылдын тандоосу” фестивалында “Супер-Инфо” 2018-жылдын мыкты гезити деп тандалган. “Жыл тандоосу – 2019” эл аралык сынагында ”Супер-Инфо” Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты гезит” деп табылган. Гезиттин куржунунда башка да көптөгөн сыйлыктар бар.

“Супер-Инфонун” расмий Инстаграм баракчасындагы (super_info_official) катталуучулардын саны учурда 1 миллион 900 миңди түзөт. Гезит Кыргыз өлкөсүндөгү маалымат каражаттарынын, дегеле компаниялардын арасынан мындай көрсөткүчкө биринчилерден болуп ээ болгон.

“Супер-Инфо” гезитинин урааны - “Мезгилден артта калбаңыз!”

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан