Өткөн жылы күзүндө ырчы Айдин Шер тушоо кесүү концертин берген. Дал ошол концерттен соң ырчы менен продюсери Динара Эсенгулованын ортосунда таарыныч пайда болгон эле.
Сахналаштарынын “концертке эл аз келди, кеткен каражатты актабай калыптыр” деген күбүр-шыбырынын аягы азыркыга чейин үзүлө элек. Демек, чырдын башы ушуга келип такалат. Бул тууралуу Динара Эсенгулова: “Ырлары радиодон, клиптери теледен берилбей калганда гана Айдин келип менден кечирим сурады. Азырынча ойлонуп турам”,- дейт.
Чындыгында, 2-3 жылдан бери Айдин деп продюсеринин жүгүрүп жүргөнүн жакшы билебиз. Ал эми Айдин Шердин да ыр дегенде эт-бетинен кетерин баары эле билсе керек. Эми эмне болду, жигиттин Алмаз аты унутулуп, продюсери менен өзүнүн атынан куралган Айдин Шер деген ырчы пайда болбоду беле?.. Айтор, мындай суроолорго өздөрү гана жооп бере алышат.