«КҮҮГҮМДҮН» КААРМАНДАРЫН ЭМНЕ ТҮЙШӨЛТҮҮДӨ?

“Күүгүм” тасмасынын уландысын кызыгуу менен күтүп жаткан күйөрмандар көп эмеспи. Сиздер үчүн сүйүнүчтүү кабар. Учурда “Күүгүм. Жомок. Агарган таң” тасмасын тартуу иштери ийгиликтүү уланууда. Бул тасма режиссёрдун каалоосу менен эки бөлүккө бөлүндү. Биринчи бөлүгү быйыл, экинчи бөлүгү 2012-жылы жарык көрөт.
Ал эми “Күүгүмдүн” башкы каармандары Роберт Паттинсон менен Кристен Стюарт “Оскар” сыйлыгына башкы талапкер болууга ниеттери бар экенин билдиришкен. Актёр менен актриса “Оскарга” жетүүнү катуу ойлонуп жатканын моюнга алышкан.
Кошумчалай кетсек, жакында аталган каармандардын төшөктө тартылган видеосу интернетке чыгып кеткен. Бирок тасманын режиссёру “тасмада эч кандай эротика жок. Таң калтырчу эпизод – Белланын төрөт учуру. Мындай көрүнүштү кинематография али тарта элек” деп билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан