Көптөрдүн бүйүрүн кызыткан “бондиананын” тасмалары уланмакчы. Режиссёр Сэм Мендес “бондиананын” 23-фильмин тартууга киришкенин билдирди.
“Бондиананы” тартуу укугу берилген “EON Productions” компаниясы фильмдин каражатын бөлүп койгонуна көп убакыт болгон. Бирок тасма кайсы убакта тартылары тууралуу так маалымат буга чейин жок эле. Кино жаратуучулар “атактуу тыңчы Жеймс Бонд тууралуу көп күттүргөн тасманын бет ачары 2011-жылдын 9-ноябрында болот” деп убада беришти. Башкы ролду Дэниел Крэйг аткармакчы. Ошентип, мырза Бонд кайрадан өз “ээрине минди”.