Жыты буркурай каңылжаарды кытыгылаган кыпкызыл шишкебек, ышталган балык, туздалган мисте, картошка калдыркандары жана кружкага батпай көбүрүп-жабырган сыра! Ушул көрүнүш жайдын аптаптуу күндөрүндө көпчүлүктүн көзүнөн өтүп турган кези. Андыктан, бул ирет жалаң сыра тууралуу кеп кылабыз...
Качан пайда болгон?Сыраны адам баласы биздин заманга чейинки мезгилде эле ойлоп тапкан. Иликтөөлөргө караганда, сыранын пайда болушуна кадимки эле нан үчүн жуурулуп, өтө ачып, суюлуп кеткен камыр өбөлгө болгон. Ал эми накта сыра ичимдиги дүйнө жүзүнө байыркы шумерлер аркылуу тараган. Тигр жана Евфрат дарыяларынын ортосунда биздин заманга чейинки мезгилде жашаган шумерлерде сыранын азыркы ачык, кызыл, күңүрт түстүү түрлөрү болгон. Түшүмгө бай, суулуу жерди мекендеген бул калк дандын көп бөлүгүн сыра ачытуу үчүн колдонгон. Бирок, ал кезде сырага эч кандай спирт, консерванттар кошулбагандыгын жана ал денсоолукка пайдалуу суусундук катары колдонулгандыгын иликтөөчүлөр жоромолдоп келишет.
Байыркы сырадан айырмаланып, бүгүнкү күндөгү сыранын алкоголдук күчтүүлүгү 12 пайызга чейин жетип, винонун айрым түрлөрүн кууп жетти. Учурда бул ичимдикти өндүрүп чыгаруу боюнча Европанын Чехия, Германия, Бельгия өлкөлөрү алдыңкы орунда турат.
Сыра ичүү боюнча чемпион
Германия эли – сыра ичүү боюнча чемпион. Иликтөөлөр боюнча, германиялыктар ичкен сыраны бөлүштүрө келгенде ар бир адамга жылына 120 литрден туура келет. Немистерден кийинки орунду англистер ээлешет. Тумандуу Альбиондун тургундарынын ичкен сырасын эсептегенде жылына киши башына 104 литрден ылайык келет. Кийинки орундарда Франция, Италия, Испания турат. Кызыгы, сыра даярдап чыгаруунун чыныгы адистери болгон чехтер сыра ичүү жаатында жогоруда аты аталган өлкөлөрдөн кыйла артта.
Сыра майрамы
Бавариянын сыра ачытуучулары 190 жылдан бери “Oktoberfest” деп аталган сыра фестивалын өткөзүп келишет. Бул майрам октябрь айынын баш ченине туура келет. Ал Мюнхенде өткөзүлөт.
1810-жылы октябрь айында бавариялыктар Людвиг I менен саксондук Терезия ханбийкенин тоюн тойлошот. Мындай маанилүү күндө жалпы калкка түрдүү оюндар уюштурулуп, бекер сыра суудай төгүлөт. Тойлоп жүргөн элдин маанайы абдан жагып кеткендиктен, Людвиг I мындай иш-чараны жыл сайын өткөрүп туруу буйругун берет. Ошентип, сыранын мекени болгон Баварияда жыл сайын Сыра майрамы 1810-жылдан бери белгиленип келет жана ал дүйнө жүзүндөгү эң чоң майрам катары “Гиннес рекорддор китебине” киргизилген.
Көпчүлүккө белгисиз фактылар
Сыранын пайдалуу жактары
Сыранын кесепеттери
Сыра адамдын денсоолугуна пайдалуубу, же тескерисинче, анын түбүнө жетеби? Бул суроого алда качан жооп табылышы керек эле. Анткени, сыра – адам баласы ойлоп тапкан ичимдиктердин эң байыркыларынын бири. Ошентсе да, сыранын пайдасынан залалы ашып кетээри коомчулукта көбүрөөк айтылып келет. Мисалы, сыраны ашыкча пайдалануу төмөнкүдөй кесепеттерге алып келет:
Өзгөчө дегустация
Учурубуздун сыра ачытуучулары чехтердин “Пльзен” сырасынын жасалуу ыкмасын “уурдап” алууга аракет кылышат. Бирок, кайталангыс даамы бар бул сыраны Пльзен шаарынан башка жердиктер окшоштура албай келишет. Ал эми аталган шаардын тургундары сыранын сапатына өзгөчө көңүл бурушат.
Пльзен шаарындагы жашоочулар илгери сыранын сапатын сыноонун өзгөчө ыкмасын колдонушкан. Мындай сыноо жылына бир ирет өткөрүлүп турган. Ал күнү шаардын борбордук аянтына жыгачтан жасалган күркө орнотулган. Ал күркөнүн үстүнө булгаары шым кийген сыра ачытуучу чыгып отурган. Ал орун алган соң текшерүүчүлөр ал адам ачыткан сырадан үстүнө жаба куюшкан. Беш-он мүнөт отурган соң сыра ачытуучу ордунан туруш керек болгон. Эгер анын булгаары шымы жыгач күркөгө жабышып калса, сыра сапаттуу деп эсептелип, сынактан ийгиликтүү өткөн. Кокус булгаары шым күркөгө жабышпай чыгып кетсе, сыранын сапаты начар деп табылып, сыра ачытуучуну ачууланган эл ташбараңга алып жазалашкан. Атүгүл айрым учурларда сынактан өтпөй калып каза тапкан сыра ачытуучулар да болгон.
Адистин пикири
«Чыпкаланбаган Чыныгы «жандуу» сыра эки күн гана сакталат»
Учурда заманыбызда сыранын “жандуу” түрү пайда болду. Мындай сыранын башкалардан айырмалары, сакталуу мөөнөтү тууралуу так маалымат алуу үчүн сыра ачытуунун чыныгы адистерине кайрылдык. Биздин суроолорубузга Н.Урманбетов атындагы “Арпа” ААКсынын башкы технологу Нургүл Абыкеева жооп берди.
– Нургүл Турсунбековна, айтсаңыз, учурда “жандуу” сыра тууралуу түркүн маалыматтар бар. Бирөөлөр “жандуу” сыра чыпкаланбайт” десе, дагы бири “чыпкаланат, бирок, ысытылбайт” дейт. Булардын кайсы бири туура?
– Мен 25 жылдан бери “Арпада” иштеп келе жатам. Андыктан, чыныгы “жандуу” сыра деген эмне экендигин жакшы билем. Чыпкаланбаган, жогорку температурада ысытылбаган сыра гана чыныгы “жандуу” сыра болуп эсептелет. Албетте, ал сыранын башка түрлөрүнө караганда витаминдерге бай келет. Мындай сыра болгону эки күн гана сакталат. Азыркы учурда ысытылбаган, бирок, чыпкаланган сыраны да “жандуу” деп атап жүрүшөт. Бирок, мындай сыранын курамында жандуу угуттун эң эле аз өлчөмү калат. Чыпкадан өткөрүлгөндүгү үчүн мындай сыраны он-он беш күнгө чейин сактоого мүмкүнчүлүк бар.
Бир собол
Сиз сыра ичесизби?
Нурлан Шакиев, президенттин басма сөз катчысы:
– Сыраны биринчи жолу ооз тийип көргөнүмө, жаңылбасам, он жыл болду көрүнөт. Башка ичимдиктерди көп жактырбасам да, жайкысын сыра жагат. Катуу чаңкаган кездеримде муздак сыра көзүмдөн учат. Мекенимдин чыныгы патриоту катары чет жердиктердин сырасын эмес, өзүбүздүн “Арпаны” ичем. Аны башкалардан кыйла сапаттуу деп да ойлойм.
Нуржамал Бурханова, телеалпаруучу:
– Сыраны мен айрымдар сыяктуу кубалап ичпейм. Бирок, жайкысын аптап айланы кетиргенде салкын жерде отуруп ичкенди жактырам. Болгондо да сыранын “нулёвкасынан” ичем. “Нулёвканын” курамында алкоголь жок. Ошентсе да, чарчаганыңды жазып, чыңалган мээни кадимкидей сергитет.
Динара Эсенгулова, продюсер:
– Сыраны мен арактан качкан учурларда ичем. Түшүнүктүүрөөк айтканда, конокторго барганда “арак ич” деп кыстап калышканда “жакшысы, сыра ичейин” деп суранып туруп алам. Ошентип, оңой кутулуп кетем. Бул ичимдиктин даамын биринчи жолу татып көргөнүм такыр эсимден чыкпайт. Анда 27 жашта болчумун. Даамы, айрыкча жыты жаккан эмес.
Неля, ырчы:
– Сыра – абдан калориялуу ичимдик. Айрымдар аны “суюк нан” деп да атап жүрүшөт. Ал эми мен келбетимди дайыма бир калыпта алып жүрүүгө аракет кылам. “Суусунду кандырат” деп сыра иче берип семирип кетким келбейт. Ошондуктан, сыранын жанына жакын жолобойм.
Самат Дөөлөтбаков, ырчы:
– Мен сыра эле эмес, башка ичимдиктерди да таптакыр ичпейм. Билбейм, балким, түрк лицейинде окуп, таалим албасам, башкалар сыяктуу эле мен да тамеки тартып, ичимдик ичкен жигит болуп калаар белем... Бирок, лицейдеги тарбиядан улам мындай зыяндуу адаттардан алыс болуп калганыма кубанам.
Айя Садырова, ырчы:
– Сыраны кээде гана ууртап-татып коём. Чынын айтсам, сыраны ичүүгө эч кимди үндөмөк эмесмин. Анткени, сыраны көп ичкен адамда толгон-токой баш оорулар башталат. Мисалы, семирип, курсагы чыгып, целлюлит пайда болот. Анын үстүнө, семирип кеткен аял да, эркек да өтө жагымсыз, жийиркеничтүү көрүнөт.
Даярдаган Шаиста Шатманова