Курмангазы Азыкбаев негиздеген “Эне-Сай” тобу быйыл 20 жылдыгын белгилейт. Анын урматына 23-февралда Опера жана балет театрында концерт берүүнү пландашууда. Бул күн Курмангазы Азыкбаевдин да туулган күнү. Эскерте кетсек, бул топтун элге концерт бербегенине он жылдай болуп калган. Эми бардык күчтөрүн жумшап, кызы Нурайым, керек болсо жубайы да ырдап чыгууга камынууда. Анткени ал да аталган топтун биринчи солисткасы болгон. Андан сырткары концертке “Эне-Сайдын” эски курамы да катышат. (Сүрөттө Курмангазы Азыкбаев балдары менен).