35 жылдык тарыхы бар “Кыз-Бурактын” жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен бир нече жылдан бери топтун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүрүп, бактысы ачылып турмушка чыккан ырчысы Кенже Дүйшееванын чырдашып жатканынан кабарыңыз бар чыгар.
Өткөн саныбызда топтун мурунку ырчысы менен учурдагы администратору редакцияга кайра-кайра чалып “пикирибизди айтабыз” дешип, бири калыс оюн айтса, экинчиси Кенжени омуроолоо менен чектелген. Макала жарык көргөндө ырчы айым “Гүлшайыр эженин заказын аткардыңар” дегенчелик кылып капаланды. Биз эки тараптын тең пикирин угуп, жарыялоого даяр экенибизди билдиргенбиз. Ырчы талашып-тартышуу менен “Кыз-Бурактын” аброюна доо кетирерин түшүндү окшойт, үн катпады. Ортодогу түшүнбөстүктөрдү чечүүдө да ушул позициясын карманса, бир эмес, миң тирештен утуп чыгары анык.