Голливудда 2010-жылдын эң көп гонорар алган адамдарын тизмелеп чыгышкан. Алардын көч башын режиссёр Жеймс Кэмерон (сүрөттө) 257 миллион доллары менен ээледи. “Аватар” тасмасынан 248 миллион доллар киреше кирсе, андагы башкы каармандардын компьютердик оюндары бир топ акча жыйноого жардам берген.
Ал эми эң көп гонорар алган актёр бул жылда Жонни Депп болгон. Ал бир жылдын ичинде 100 миллион доллар кирешеге маарыган. Ошондой эле “Күүгүм” тасмасынын башкы каармандары Тейлор Лотнер 33 миллион доллар, Кристен Стюарт 28 миллион доллар менен бул тизмеге илинишкен.