Муса Жангазиев атындагы Куурчак театры жазында Түркияга барууга камынууда. Алар эл аралык фестивалга Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын негизинде коюлган “Томого” спектакли менен барышат. Буга чейин алар Татарстанда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин арасынан “Нооруз-2009” фестивалында баш байгени жеңип келишкен.