Ырчы Айгүл Чалованын үйүнө ууру кириптир. Уурулар чоң буюмдарын алууга жетишпей калышканбы же аларга ырчынын кооз сумкасы эле жакканбы, айтор, сумкасын алып кетишкенин айткан Айгүл кайгырып отурат. Сумкада ырчыга тиешелүү документтер болгон. Ошентип, Айгүл “сумкамды алгандар паспортумду кайтарып беришсе...” деп үзүлбөгөн үмүттө.