5-мартта Улуттук филармонияда өткөн Аялдардын Эл аралык майрамына арналган салтанатта президент өз колу менен искусство чөйрөсүндөгү айымдарга сыйлык тапшырды. Ырчылар Дилшат Кангелдиева, Жанета Бобковага “КРнын Эмгек сиңирген артисти” деген наам ыйгарылды. Ал эми Гүлсүн Мамашева “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамын алды.
КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Керим Турапов дагы бир сыйлыкка илинди. Борбор шаарга өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” деген сыйлыкка ээ болду. Мындай сыйлык Бишкек шаарынын мэри тарабынан тапшырылды.