– Ынак, чыгармачылыктын жолуна түшкөнүңүзгө канча болду?
– Чоң сахнада келатканыма 3 жыл болду. Ал эми ырга бала кезимден эле кызыкчумун. 7-классымдан тартып Таластын эстрадалык “Алтын балалык” тобунда ырдап жүрчүмүн. Кийинчерээк ал топ таркап кеткен соң, мектеп арасындагы конкурстардын бирин калтырбай катышып жүрдүм. Мектепте окуп жүргөнүмдө “Алыстаба” деген ырымдын бир куплетин жазгам. Кийин шаарга окууга келип, биринчи курсту бүтүп каникулга барсам, менин ырыма ар ким автор болуп алганын угуп, катуу ызалангам. Андан кийин ырымдын калган куплетин жазып, шаарга алып келип студияга жаздыргам. Ошентип, ырымды башкага тарттырып албайын деп коркуп тез аранын ичинде ырымды даяр кылгам.
– Ошол “Алыстаба” деген ырыңыз кимге арналган?
– Бул менин тун сүйүүм, учурдагы эки кызымдын апасы, сүйүктүү жубайыма арналган. Ал кезде Сырга экөөбүз сүйлөшүп жүрчүбүз. Алгач менден качып, жолугууга чакырсам келбей жүргөнүнөн улам башка жактырган жигити болсо керек деп ойлочумун. Кыялымда аны башка бала менен кетип жатканын элестеткеним эсимде. Ошол кызгануу сезиминен улам “Алыстаба” жаралып калган.
– Учурда репертуарыңызда канча ырыңыз бар?
– Бардыгы биригип 8 ырым бар. Мындан башка учурда дагы үч ыр жаздырып жатам.
– Чыгармачылыктын туу чокусуна, башкача айтканда, популярдуулукка качан жетем деп ойлойсуз?
– Буюрса, Кудай денсоолук берсе жетебиз. Болгону талыкпас эмгек жана чыдамкайлык керек.
– Кыздарыңыздын келечекте жолуңузду жолдоп ырчы болуусун каалайсызбы?
– Чынын айтсам, каалабайм. Себеби, бул өтө оор кесип. Ошондуктан, аларкелечекте башка эле кесиптин ээси болуп, турмуштан өз жолдорун таап кетсе экен деп тилейм.
– Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз?
– Ырчылыктан тышкары апама жардам берем. Тагыраак айтсам “Дордой” базарында соода кылам.
– Жакында концерт берүүнүн алдында турасыз. Концертиңизден эмнелерди күтсөк болот?
– Концертимде жаңы ырларым жаңырат жана учурдун жаш, популярдуу жылдыздары катышат. Буюрса, концерт ойдогудай өтөт деген ишенимим чоң.
Маектешкен Жаркынай Нусубалиева