АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

МЕКЕНДЕШИБИЗ ТАЖИКТЕРДИН КОЛУНАН КАЗА ТААП...
Ушул жылдын 12-мартынан 13үнө караган түнү Москвадагы “Отрадное” метросунун жанында жайгашкан “Карусель” соода борборунда иштеген кыргыздар менен тажиктер топ болуп мушташа кетишкен. Жумуш учурунда чыккан чыр чоң мушташка айланып, натыйжада эки кыргыз жигити жабыр тарткан. Анын бири Сузак районунун 1992-жылы туулган тургуну Элдияр Алишеров жүрөк тушка жеген бычактан ошол эле жерден каза тапкан. Ал эми 1990-жылы туулган Канатбек Мусурманкулов көкүрөк тушка бычак жеп, «Тез жардам» менен Склифосовский атындагы Илим изилдөө институтуна жеткирилген.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары тажик улутундагы үч жигит кармалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын элчилиги каза болгон жана жараат алган жарандардын туугандарына керектүү жардамдарды берүү иш- аракеттерин жүргүзүүдө.

ЗОРДУКТОО БОЮНЧА ШЕКТЕЛҮҮДӨ
2011-жылдын 13-мартында түнкү саат төрттөрдө Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 25 жаштагы А.К. аттуу кызды зордуктап кеткен. Изи сууй электе милиция кызматкерлери тарабынан «аял зордуктады» деп шектелип Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну кармалды. Бул факт боюнча изилдөө иштери башталды.

КЫТАЙ ЖАРАНДАРЫН ӨЛТҮРГӨНДӨР КАРМАЛЫШТЫ
12-март күнү болжол менен саат 14:25те Бишкек шаарында жайгашкан “Таатан-2” соода борборунда эки Кытай жараны өлтүрүлгөн. Алардын көп жолу бычак саюудан жана балка менен урулган соккудан каза болгондугу аныкталган. «Кытай жарандарын өлтүрдү» деп шектелип, туугандарыныкында жашынып жаткан жеринен Москва районунун тургундары 20 жаштагы Б.И. жана 22 жаштагы К.Ш. кармалышты.
Аталган соода түйүнүндө иштегендердин айтымында, окуя бул жерде иштеген жергиликтүү дунган улутундагылар менен Кытай жарандарынын ортосунда келип чыккан жаңжалдан улам болгон. Ушул тапта шектүүлөр убактылуу абакка алынып, сурак берип жатышат. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

УУРУЛАР КОЛГО ТҮШТҮ
2011-жылдын 13-мартында түнкү саат үчтөрдө Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан “Беш-Сары” соода комплексиндеги бутиктен буюм уурдап чыккандар кармалышты. ИИМдин билдирүүсү боюнча, Бишкек шаарынын Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен «кылмышка шектүү» деп 22 жаштардагы Бишкектин 2 тургуну колго түшкөн. Алар милиция кызматкерлеринен качып бараткан жеринен кармалышкан. Кармалгандар аталган бутиктен 16 000 сомдук буюмдарды уурдап чыгышкан. Аталган факт изилдеп-иликтенүүдө.

101 билдирет

ООРУКАНАДАН ӨРТ ЧЫКТЫ
2011-жылдын 12-март күнү саат ­14:00­дө­ Ка­дам­­жай райондук ооруканасынын кампасынан өрт чыккан. Анын 98 чарчы метр аянты, 60 даана шифер жана 4 метр куб жыгач күйүп кеткен.

АШКАНАНЫН ЧАТЫРЫ КҮЙДҮ
2011-жылдын 14-мартында Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Нарахунов көчөсүндө жайгашкан “Хон те ян” соода үйүндөгү ашканадан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен ашкананын 48 чарчы метр, кампанын 12 чарчы метр чатыры, электрощит, ток чыгаруучу кыймылдаткыч жана эшик күйүп кеткен. Өрттүн себеби электриктин электр зымдарын туташтырууда өрт коопсуздугун сактабаганынан болгон.

ЭСЕПЧИНИН БӨЛМӨСҮ ӨРТТӨНДҮ
2011-жылы 14-мартта Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Жер үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы эсепчисинин бөлмөсүндө өрт чыккан. Анын натыйжасында бөлмөнүн 30 чарчы метр шыбы, 2 стол, 8 отургуч, 1 терезе кашеги менен жана 2 эшик күйүп кеткен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан