ЧЕМПИОНДУК БИРИНЧИ ЖОЛУ ОШТО ӨТТҮ

12-13-мартта Ошто самбо боюнча Кыргызстандын чемпиондугу болуп өттү. Мындай мелдеш ордолуу Ош шаарында эгемендик жылдарынан бери биринчи жолу өтүп жатат. Бул саамалыкка соңку жылдары самбо боюнча Оштун командаларынын үстөмдүгү себеп болгон. Бишкекте өткөн буга чейинки таймаштарда экинчи борбордун өкүлдөрү лидерликти бербей келгенин эч ким тана албайт. Бул жолу да командалык эсепте 1-орунду «Мухаммед-Умар» клубу жеңип, кубок менен сыйланды. Экинчи жана үчүнчү орундарды да Оштун «Алыш» жана «Озгур» спорттук клубдары ээлешти. Ош кыргыз драма театрында өткөн мелдешке Бишкек, Чүй, Жалал-Абад жана Баткенден келген өкүлдөр катышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан