Мерилин Монро

«Кичинекей аял»
Норма Жин Бейкен (Мерилин Монронун өз аты) 1926-жылы 1-июнда АКШнын Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Апасы Глэдис Перл Бейкер ал кезде киностудиялардын биринде монтажчы болуп эмгектенчү. Кызына болгону 2 ай толгондо өзү психикалык жактан жабыр тартып, Норма апасынын тааныштарынын колунда тарбиялана баштайт. Чыныгы тозок жашоо ошондо башталып, болочок актриса ачкалыкты да, уруп-согууну да башынан өткөрөт. 14 жашында өзүнөн бир топ жаш улуу киши зордуктап салып, «кичинекей аял» атка конгон. Мындай жашоодон тажаган Норма 1942-жылы 19-июнда 16 жашында эле Жим Догерти аттуу авиациялык заводдун кызматкерине турмушка чыгып алат.
Фотомодель
Жаңыдан турмуш жолуна түшүп, үйбүлөлүк жашоонун түйшүктөрүнө уруна баштаган кезде болочок Мерилин Монро биринчи жолу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасайт. Бирок, өмүр суусу түгөнбөй, жашоосун улантууга аргасыз болот. 1944-жылы жолдошу соода-сатык иштери менен дүйнө аралап кеткенде, ал коргоо заводуна ишке орношот. Ал жерден Норманы коргоо армиясынын сүрөтчүсү байкап калат да, жоокерлердин аскердик духун көтөрүү үчүн сулуу жүзүн даңазалап сүрөткө түшүп берүүсүн суранат. Дал ушул күндөн тарта болочок актрисанын фотомоделдик карьерасы башталат. Ал эми Жим менен 1946-жылы ажырашат.
Мерилин Монро деген ысымга ээ болуу
Норманын аскерлердин духун көтөргөн сүрөттөрү бат эле белгилүү кинорежиссёрлордун колуна тийип, 1946-жылы “20-кылым – Фокс” киностудиясы менен келишимге кол коёт. Бул келишимдин негизинде Норма жумасына 125 доллар гонорар алып, Мерилин Монро деген ат менен чыгууга тийиш эле. Андан тышкары, болочок актрисага ырдаганды жана бийлегенди үйрөнүү талабын коюшкан.
Көптөн күткөн күн да келип, 1948-жылы Мерилин “Скудда-у! Скудда-эй!” кинотасмасында алгачкы ролун жаратат. Андан көп өтпөй “Коркунучтуу жылдар” тасмасына да тартылат. Тилекке каршы, белгисиз себептерден улам болгону эки киного тартылгандан соң Мерилинди бул киностудия жумуштан кетирип жиберет.
Мерилин кино жаатында жолу болбогонунан 1949-жылы кайра фотомоделдик кесибине кайтып келип, биринчи жолу жылаңач абалда сүрөткө түшүп берген (айтылуу «Play boy» журналы бул сүрөттү 1953-жылы басып чыгарган).
Атактуулук
1950-жыл Мерилин үчүн жемиштүү жылдардан болуп, 5 кинотасмада роль ойнойт. Алтургай мурда “сени биздин киностудиядан көргүбүз келбейт” деп кууп жиберген “20-кылым – Фокс” кайрадан роль сунуштайт. 1953-жылы Мерилин айтылуу “Жигиттерге сары чачтуулар жагат”, “Кыздардын эң жакын курбулары – брилианттар” деген тасмаларда башкы ролдорду ойнойт. Ушундан кийин Мерилинди дүйнө элинин дээрлик көп бөлүгү таанып калган эле.
Ушул эле жылы Жо Ди Маджио менен таанышат. Атактуу спортчу, бейсболчу Жо Мерилинден 11 жашка улуу эле. Экөөнүн үйбүлөлүк союзу болгону 263 күнгө созулуп, анын 197 күнүн эки башка бөлмөдө уктап өткөрүшкөн. Жого Мерилиндин атактуу болгону, ага баары суктана бергени жакчу эмес. Акырында Мерилинге “же мен, же кино” деген тандоо койгон.
Камера алдында чечинүү
1953-жылы Мерилин “Миллионерге кантип турмушка чыкса болот?” деген тасмада камера алдына жылаңач чыккан. Ошондон кийин Мерилин баарыбир бул жаатта билим алуу керек экендигин түшүнүп, Американын Түштүк Каролина университетине актёрдук курстарга бара баштайт. Мындан башка да жарнамаларга тартылуу, автограф, интервью берүү, киного тартылуу деген сыяктуу түйшүктөрү көп болгондуктан, окуусун таштап кетет.
“Мени карашсын, бирок, каалашпасын”
А.П.Чехов Мерилинге “Алчалуу бак” пьесасында ойноп жаткан учурда: “Сенин эркектерди дүүлүктүрө турган энергияң бар. Ошондуктан, алар сени “сексуалдуулуктун символу” дешет”,- деген сөздөрүн айткан. Буга Мерилин: “Мүмкүн, мен чындыгында эле сыртымдан ошондой көрүнөт чыгаармын. Бирок, жашоомдо мен эркектерди жек көрөм, кичинекейимде мени зордуктап, “балмуздак сатып же” деп алдыма тыйын ыргыткан киши алигиче көз алдымда. Ошондон бери эле мени баары суктанып карашса, жагымдуу сезилет, ал эми төшөктө болууну каалашса, жиним келет”,- деп жооп берген.
Мерилинге акылдуу адамдар жакчу
Мерилин Жо менен ажырашкандан кийин эле “мага акылдуу, көз айнекчен эркектер жагат” деген билдирүү жасаган. Көп өтпөй иудаизм динин тутуп, ошол учурда эки балалуу драматург Артур Миллер менен жакын мамиледе боло баштайт. 1956-жылы экөөнүн үлпөт тою болуп өткөн. Бирок, ушул эле жылы кезектеги тасмага тартылуу учурунда никеси бар экенине карабай Мерилин Монро Франциядан келген кесиптеши Ив Монтанды сүйүп калат. Ага бардык убактысын арнап, “издегенимди эми таптым” деген ойдо 2 жылдай убакыт чогуу жүргөндөн кийин Монтан: “Сиз менен чогуу өткөргөн убактым мен үчүн кызыктуу болду. Жакшы калыңыз”,- деген бойдон Парижге учуп кеткен.
Мерилин жолдошу Миллер менен 1961-жылга чейин бирге болгон. 1958-жыл актриса үчүн оор жылдардан болуп, боюнан түшүп калат.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, Мерилин АКШнын президенти Жон Кеннеди менен 1950-жылы таанышат. Жолдошу Артур менен жашап жатканына карабастан 1965-жылдан баштап Жон Кеннеди экөөнүн мамилелери сүйүүгө айланган. Буга Мерилиндин өз колу менен жазган күндөлүгү далил. Бирок, «актриса каза болгондон кийин бул күндөлүктү Кеннединин биртуугандары жок кылышкан» деген да маалыматтар бар.
Өмүр соңу
Мерилин Монро 1962-жылы 5-августта Калифорния штатынын Брентвуд шаарында өз үйүндө 36 жаш курагында көп өлчөмдөгү уйку дарысын ичип алып каза тапкан. Болжолдуу түрдө Мерилиндин өлүмү тууралуу 5 версия айтылып келет:


1. Кеннединин биртуугандарынын буюртмасы менен өлтүрүлгөн;
2. Белгисиз мафиялардын колунан келген иш;
3. Баңгизаттарын ашыкча колдонуп алган;
4. Өзүн-өзү өлтүргөн;
5. Уйку дарысынан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 302, 15-21-август, 2008ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан