Жылдын көптөн күтүлгөн бокстук Кличко-Хэй беттешинин алдында сөз жүзүндө мушташтар башталып кетти. Англиялык Дэвид Хэй: “Кличко мен үчүн жаралган. Ага окшогон Чыгыш Европадан чыккан мушкерлерди мен эртең мененки тамактын ордуна жейм. Эгер Владимирдин жүрөгү чөөнүкүндөй болсо, менин жүрөгүм – арстан жүрөк. Менин биринчи чабуулумда эле ал кача баштайт. Бокс күйөрмандары күткөн беттеш болот. Мен Кличкону болуп көрбөгөндөй нокаутка учуратам”,- деп жар салып төш кагууда. Не дейбиз, англиялык мушкер айткан сөздөрүнүн өтөсүнө чыга алабы же жокпу, убакыт көргөзөт. Беттеш 25-июнь же 2-июлда Германияда өтмөкчү.