МЫКТЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ КАЛДЫ

16-мартта УЕФАнын ЧЛсынын 2010-2011-жылкы сезонунун чейрек финалчылары толугу менен аныкталды. Алдын ала божомолдонгондой, «Арсенал» – «Барселона» жана «Интер» – «Бавария» тирешүүлөрү күйөрмандар күткөндөй болуп чыкты. Миландыктар менен барселоналыктар алгачкы оюнда жеңилгенине карабастан, жооптук беттештерде керектүү натыйжага жетишип, кийинки баскыч маселесин чече алышты.
Ошентип, чейрек финалга жолдомо алган бактылуу командалар төмөнкүлөр болду: «Барселона», «Реал» (экөө тең Испания), «Манчестер Юнайтед», «Тоттенхэм» жана «Челси» (үчөө тең Англия), «Интер» (Италия), «Шальке 04» (Германия) жана «Шахтёр» (Украина). Көрүнүп тургандай, англиялык командалар көпчүлүктү түзүүдө. Ал эми украиналык «Шахтёрдун» да Европанын мыкты 8 командасынын катарына кошулушу – КМШ футболунун жетишкендиги. Эми чейрек финал, жарым финал жана финалда кимдер өз ара туш келери 18-мартта боло турган чүчү кулакта билинет. Финал 28-майда Лондондогу “Уэмбли” стадионунда өтөт.

Жарым чейрек финалдагы эсептер
«Шахтёр» – «Рома» – 3:0 (биринчи оюнда 3:2)
«Барселона» – «Арсенал» – 3:1 (1:2)
«Шальке» – «Валенсия» – 3:1 (1:1)
«Тоттенхэм» – «Милан» – 0:0 (1:0)
«Бавария» – «Интер» – 2:3 (1:0)
«Ман. Юнайтед» – «Марсель» – 2:1 (0:0)
«Реал» – «Лион» – 3:0 (1:1)
«Челси» – «Копенгаген» – 0:0 (2:0)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан