Бир бүркүм... АЛИНА ЖЕКЕ КОНЦЕРТИН БЕРЕТ...

  • Диктор Кыял Шаршеева учурда 6 айлык кызы менен үйдө. Азырынча баланы кароо менен гана алек болуп, сүйүктүү ишине чыгууга шашылбай тургандыгын кабарлады.
  • Ырчы Самат Дөөлөтбаков чыгармачылыктан үч айдан бери алыстап жүрөт. Себебин банктагы ишин биринчи орунга койгондугу менен байланыштырат. Бирок эми кайрадан жанданарын билдирди.
  • Ырчы Алихан быйыл Юридикалык академияны аяктайт. Андыктан көп убактысын дипломдук иш жазууга бөлүүдө. Ошондой эле Даниель экөө Ноорузга карата Каракол шаарында эки күндүк концерт коюшат.
  • Азат Болотбек жана рэпер SITY “Девушка загадка” аттуу ырына клип тартышты. Клипке Орусиянын “РУДН” КВН командасынын кыргыз оюнчу кызы Сауле Эрки катышты.
  • Алина Жетигенова апрель айында жеке концертин берүүгө камынып жүрөт. “5-6 жылдан бери элге концертимди тартуулай элекмин. Андыктан элди сагынганымды билдирип, жакшы ырлар менен күйөрмандарымды кубантам”,- дейт ырчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан