Акчадан акча жасагандар

Бул кесиптин ээлери үч топко бөлүнүшөт. Биринчиси – ири банктардагы акча алмаштыруу жайларында иштегендер. Мындай жайларда акча алмаштырууда “алданып калам” деп чочулагандар жокко эсе. Экинчи топко жеке бир ишкердин кол алдында валюта алмаштырып иштегендер киришет. Мындай жайларда коомчулук алдында аброюн сактоого аракет кылган ишкерлер кызматкерлерине элдин акчасын “сындырып” калууга жол бербегенге аракет кылышат. Баарыбир алданып калуу коркунучу жок эмес. Үчүнчү топко аз суммадагы акча менен көчөлөрдү, базарларды кыдырып, “акча алмаштырасызбы?” деп кардар издегендер кирет. Алардын дээрлик баары көз боёмочулук кылып, кардардын акчасынын кайсы бир бөлүгүн жымырып алууга даяр турушат.
«Банкта кардарларды алдабайт»
Алгач банктагы акча алмаштыруучулар тууралуу билүүнү чечип, “Демир Кыргыз Эл аралык Банкында” корпоративдик кредит жана маркетинг адиси Дөөлөтбаков Саматты кепке тарттык.
– Валюта алмаштыргыч деген кесип учурубуздун престиждүү кесибине айланган кез. Алар тууралуу сиз эмне айта аласыз?
– Бул суроого мен кыскача эле жооп берейин. Валютчик дегендер – бул акчадан акча жасагандар.
– Банктын карамагындагы акча алмаштыруу жайлары менен көчө бойлоп тизилген жайлардын айырмасы эмнеде?
– Азыр ар бир банкта акча алмаштыруу жайлары бар. Банктагы мындай пункттардан каалаган сумманы каалаган валютага алмаштырып алууга болот. Ал эми көчөдөгү акча алмаштыруу жайларында көп суммада акча турбагандыктан, көпчүлүк учурда ири суммадагы акчаны алмаштыра албай калышат. Ошентсе да, мындай жайларда кардарлар соодалашып, валюта курсун анча-мынча төмөндөтө алышат. Банктарда болсо мындай иш-аракеттерге жол берилбейт. Ошондуктан, көпчүлүк учурда банктан акча алмаштыруунун кардарларга пайдасы азыраак болуп калат. Бирок, баса белгилей кетчү нерсе, банкта коопсуздук жогорку деңгээлде сакталат. Кардарларды алдоо өңдүү көрүнүштөрдөн алыс болушат.
Бир чети, банктын системасы татаалыраак. Алмаштыруу үчүн эле эки бөлүм иштейт. Анын үстүнө банк ар бир акча жүгүртүүдөн пайда көрүш керек. Мисалы, акча эскирип же штамп басылып, балким, кол коюлуп калса, 01,05 пайызын алып калып, кардарга жаңы акча кайтарып берет. Көчөдөгү акча алмаштыруучу жайларга байланыштуу көп кылмыштар болоорун угуп калабыз. Мисалы, акча алмаштырып чыккан соң каракчылар тоноп кеткенин же дагы башка кокустуктар болуп кеткенин. Ошондуктан, кардарларга «бир-эки сомдун көзүн карабай, өздөрүнүн коопсуздугу үчүн банктан эле акча алмаштырган оң» деп айтаар элем.
“Эң жеңил жумуш биздики”
“Демир Банктан” чыккан соң борбордук көчөлөрдүн биринде кыркалай тизилген обменкаларга келдик. “Келгиле, сом, доллар, евро, баарын алмаштырабыз”,- деп шыпылдаган Т.Самат аттуу жигитти четке чакырып, кепке тарттык.
– Самат, валютчик болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек?
– Биринчиден, ишиңе тың болуу зарыл. Ар бир кардардын оюн да окуй билишиң керек. Башкача айтканда, тил табыша билүү кажет.
– “Акча бар жерде коркунуч да бар” деп коюшат. Жалаң акча менен иштеген соң бул кесиптин коркунучтуу жактары көп болсо керек...
– Акча санаганды жакшы билсең эле бул жумуштун оорчулугу жок. Менимче, эң жеңил жумуш биздики. Бирок, кооптуу жагы көп. Мисалы, тоноочулардан коркобуз. Кесиптеш балдар менен чогулуп отуруп калганда чачыңды тик тургузган окуяларды угасың. Андайда пайдалуу кесип түгүл жаныңдан түңүлүп кете жаздайсың. Бирок, эртеси кайра эле баягы көнгөн жумушуңда иштей бересиң.
– Күнүнө канча табасыңар?
– Бул сыр бизге гана тиешелүү нерсе.
– Кардарлардан жымырып калган учурларың болду беле?
– Ой-ий! Бул суроого жооп бериш кыйын да. Азырынча алдап көрө элекмин.
– Алданган учурларыңчы?
– Болгон, бир эмес, үч жолу. Жасалма акча менен. Эл ичинде 100 доллардык купюранын жасалмалары көп. Чыныгы акчанын арасына кошуп алып келишет. Кээде аларды байкабай калып алмаштырып жибересиң. Ой, канчалаган шылуундар бар. Негизи, жашайм десең өтө тың болушуң керек.
– Күнүнө канча сумманы айлантасыңар? Эң “жирный” кардардын алмаштырган акчасы орто эсеп менен канча болот?
– Буга жооп бере албайм. Бизде чоң «операциялар» болбойт. Алар банктарда эле болбосо. Биз орточо капчыктуу калкты гана тейлейбиз.
– Күнүнө канча кардар кайрылат?
– Эң жакшы болду дегенде 40 адам. Эми бир күнгө бир күн окшошпойт. Бир күнү бар, бир күнү жок дегендей...
– Маегиңе чоң рахмат, ишиң илгери болсун!
– “Босогоң кезекке турган кардарга батпай, капчыгың акчага толсун” дебейсиңби. Валютчиктердин арасында бул кеп бата да, тост да боло берет.
– Айтканыңдай болсун!
Саматтын тамашалуу кебине жылмайып баратып дагы бир валютчикке туш болдук.
«ашык болуп калса, унчукпай эле алып коёбуз»
Акча алмаштырганы келбей эле, материал даярдап жүргөнүбүздү угуп, ал жигит чок баскандай качып жөнөдү. Биз да карап калбай, ач кенедей жабышып отуруп, ал жигитти кепке тарттык. Аты Руслан экен.
– Валютчиктердин акча “кайрып”, “сындырып” калган учурлары туурасында көп сөз болот. Ушундай учурлар тууралуу айтып берсең...
– Менин бул кесип менен алек болгонума бир жылдан ашып калды. Азыркы замандын кардарлары алдатпай калышсын. Тескерисинче, өзүңдү алдап кетишет. Мына, жакында эле инимди бир жарым миң долларга алдап кетишти. “Төрт миң долларды сомго алмаштырабыз” деп келген кардарлар улам кайра ойлонумуш болушуп, акыры үч миң долларды алмаштырууну чечишет. Алагды кылып жатышып, алдап туруп акчаны ашыкча алып кетишиптир. Кээде кардар ашыкча берип койсо, биз деле унчукпай алып коёбуз.
Биз сүйлөшүп жатканда бир киши акча алмаштырганы кирип калды. Руслан маегибизди тык токтотту да, кардарын тейлөөгө киришти. Биз да ишине тоскоол болбостон чыгып кете бердик.
“Мени сүрөткө тартпа! Кесиптештерим
тепкилеп кетишпесин”
Кийинки валютчиктин аты-жөнүн өзгөртүп берүүгө туура келди. Анткени, бул жигит акча алмаштыруучулардын ар кандай сырлары тууралуу айтып берип, кеп аягында атын жазбоону суранды.
– Сенин шартыңа макулбуз. Эми айтчы, кардарларды алдоонун кандай түрлөрү бар?
– Негизи, мындай иштер эл толтура болгон базарларда көп болот. Мисалы, миң сомдуктардын арасына жүз сомдуктан эки-үчтү кошуп санап кетишет. Валютчиктердин колдору көзгө илешпей шыпылдап кыймылдагандыктан, айрым кардарлар аны байкабай калышат. Ошондой эле жасалма акчаларды кошуп санап кетип пайда тапкандардан сырткары, колдору акчаны өтө ылдам санаганга эптүү, сөзгө да чебер болуш керек. Бирок, минтип бардыгы эле алдай алышпайт. Буга да шык керек го. Кээбир кардарлар бакылдап сүйлөшүп жатып, акчанын кем же эпчилдик менен бир эле кагаздын эки жолу саналганын байкабай калышат. Негизи, мындай учурларга аялдар көп кабылышат. Комплимент айтып койсо, көбүрүп-жабырып сүйлөп киришет. Пайда табуу үчүн эмнеге гана барбайбыз?!
Мынча болду, эми бир достун секретин айтып берейин. Ал досту биз “Фокусник” деп коёбуз. Колундагы аз акчаны көп кылып санап жиберет. Акчаны бырыштыра кармап санап жатканда кээбирлерин кантип экиге бүктөп салганын байкабай каласың. Ошондо эки бүктөлгөн акчалар эки жолу саналып калат. Андайды ич ара “сындырмай”, “кайрымай” деп коёбуз. Негизинен, шашып жаткан кардарлар көп алданышат. Ал досум кардар өзү санагандан кийин дагы текшермекчи болуп, акчаны алып кайра бир сыйра санамыш этет да, бир-эки кагазды сууруп калат. Ар кандай ашыкча кыймылдарды жасамыш болуп да кардарларды алаксытып туруп алдап коёт. Деги анын айлаларын угуп отурсаң, оозуң ачылат. “Адамдан амал качып кутулбайт” деген кеп дал ушул досума карата айтылса керек. Көп эле жолу милицияга түшкөн. Ошондо да суудан кургак чыгып кетет. Анын амалдарын биз туурай албайбыз.
Бир досубуз андан сабак алып, көп пайда тапмакчы болгон. Бирок, биринчи эле кардарына кармалып калып, аз жерден соттолуп кете жаздаган. Мен айтып бергендер шылуун досумдун өнөрлөрүнүн чети гана. Ал секреттерин кадимкидей эле сатат.
“Мына ушундай, карындаш. Билгенден биле элегиң көп”,- деп оозду ача угуп турган мага көз кысып басып кеткен бул жигитти узата карап калдым. Ал азыр “журналисттин оозун ачырдым” деп өзүнө маашырлана бараткандыр. Мындай адамдар өздөрүн күнөөлүү сезбей тургандары анык. Кызык, жанагы “заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол” деген кепти ким ойлоп тапты экен?.. Мынабул шылуун жигит өңдүүлөр ойлоп табышкан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 302, 15-21-август, 2008ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан