Сүйүнчү! Урмат менен Неля экинчи перзенттүү болушту. 3 килограмм 700 грамм салмактагы кызды Неля 15-март күнү таң эрте саат 8:30да жарыкка алып келди. Кыязы, жаз мезгилинде төрөлгөндүгүнө байланыштуу болсо керек, ымыркайга Жазель деген ысым ыйгарышты.
Ар дайым жаз гүлүндөй жадыраган кыздардан болушун каалап, ырчыларга бешик бооңор бек болсун демекчибиз.