17-мартта пресс-конференция уюштурулуп, Курманжан даткага арналган даректүү тасма жөнүндө кеп болду. Анда “Тоо ханышасы” аттуу толук метраждуу даректүү тасма бир гана Курманжан датка атындагы кайрымдуулук фондуна тиешелүү экендиги билдирилди. Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын кызматкерлеринин айтуусунда, бул тасманы кинофестивалдарга, кинофорумдарга, телеге жана эфирге берүүдө бир катар эрежелерди сактоо керек. Тактап айтканда, Курманжан датка фондунан уруксат алуу зарыл.