БАКИЕВДИН БАСМАКАНАСЫ БАР БЕЛЕ?

“Континент принт” ЖЧКсынын айланасындагы чыр жакын арада бүтпөчүдөй. Бул полиграфиялык ишкананын айланасындагы ызы-чуу тууралуу “Полиграфофсет” ЖЧКсынын башкы директору Юрий Верещагин төмөнкүлөрдү айтып берди: “2006-жылы Олег Подобедов ээлик кылган “Континент принт” жана “Полиграфофсет” ЖЧКлары менен орусиялык жаран Максим Яковлевдин ортосунда “Полиграфоформление Континент” АКБсын түзүү тууралуу келишим түзүлгөн. Ишкананын 51 пайыз акциясы Яковлевге жана 49 пайызы Подобедовго тиешелүү болгон. Андан кийин Яковлев компаниянын ишин алдыга жылдыруу үчүн 1,5 миллион доллар каражат салган. Бирок компаниянын капиталы толук түзүлгөн эмес. Анткени Подобедов компанияга имарат берүүдөн баш тарткан. Аны менен бирге 1,5 миллион доллардын дайыны жок. Айта кетчү нерсе, 2010-жылдын 7-апрель айына чейин “Континент Принт” ишканасын Бакиевдердин үй-бүлөсү толук көзөмөлдөп турган. Ал гана эмес, алардын көрсөтмөсү менен “Континент Принт” компаниясында мектеп окуучулары үчүн басылган китептер сатыкка чыгып кеткен”.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан