Нурайым Азыкбаева сүйлөшүп жүргөн жигитине күзүндө турмушка чыгат. Учурда тойго камданып, ата-энесине жардам катары өзүнүн себин даярдашууда. «Ар кандай фестивалдарга чакыруулар болууда. Азырынча эч бирине жооп бере элекмин. Анын үстүнө жай айларында кайын журтум сөйкө салып келишет»,- дейт ырчы.