Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында 24-мартта 4 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү.
ЖКда парламенттик көпчүлүккө кирген 3 фракциядан Коалиция кеңеши түзүлдү. Ага фракциянын лидерлери жана ага кирген партиялардан 3 депутат кирет.
Былтыркы жылы республикабызда 245 миң жеке ишкер бар экени катталган.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйүүчү майдын жетишсиздигинен АЗСтер убактылуу жабылууда.
Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү былтыркы жылы 4 миллионго чукул долларды түзгөн.
Европа союзу Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүү үчүн 35 миллион евро бөлөт.
Вице-премьер Шамиль Атахановдун айтымында, өлкөдө 30га жакын туруктуу кылмыштуу топ бар, алар баңги-заттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишет.
Японияга гуманитардык жардам иретинде Кыргызстан 2 миң 557 литр таза суу жөнөттү.
Индияда 25-26-мартта эл аралык жогорку технологиялардын “IndiaSoft-2011” көргөзмөсү өтөт. Ага мекенибизден бул тармактагы адистер жана ишкерлер катышат.
Орусиялык серепчилердин баасы боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 3-4 миллиард доллар керек.
Казакстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Жанар Айтжанов Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу оор процесс экенин айтты.
Жыл сайын 18 миң мекендешибиз жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам көз жумат.
Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттары мэрдин милдетин аткаруучу Тургуналы Ариповдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты.
Вице-премьер Өмүрбек Бабанов жеке маселелери боюнча кайрылган жарандар менен жолугушуу өткөрдү.
Быйылкы жылдын башынан бери өлкөдө жаш балдар катышкан 116 жол кырсыгы болуп өтүп, анын натыйжасында 9 бала көз жумган. Андыктан Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалык учурда жаш балдар эс алууда болгон үчүн алардын ата-энелерине сак болууну эскертет.
Бул аптада Википедия жумалыгы өтүп жатат. Бул демилгенин максаты Кыргызстанда виртуалдуу Википедия энциялопедиясын жайылтуу болуп саналат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
chopa1971
2011-03-26 01:39:24
Жакшы жазылыптыр
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.