2-апрелде Лондондун «Аптон Парк» стадионунда «Вест Хэм» клубу менен болгон оюнда «Манчестер Юнайтед» клубунун чабуулчусу Уэйн Руниге сөгүнгөндүгү үчүн айып салынды. Англия футбол федерациясынын 4-апрелдеги билдирүүсүндө, «Англия футбол федерациясы чабуулчуну өзүн жаман алып жүргөндүгү жана матч учурундагы мыскылдаган сөздөрү үчүн жазалады. Эми Руни эки матчка катышуу укугунан ажырайт да, Премьер-Лиганын «Фулхэм» жана Англиянын Кубогунда жарым финалда чыгуучу «Манчестер Сити» менен болгон оюнга катыша албай калат» деп айтылат.