АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

АКИМЧИЛИКТИН КЫЗМАТКЕРИ “ХИЗБУТ-ТАХРИРЧИБИ”?
9-апрель күнү Нарын шаарында улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан облустук акимчиликтин кызматкери С.А. кармалды. Ал 5 адамга “Хизбут-Тахрир” тууралуу окуу өткөрүп жаткан жеринен колго түшкөн. Кармалган адам аталган уюмдун жергиликтүү башчыларынын бири деген шек бар. Окуя болгон жерден диний китептер, баракчалар табылган жана ал иштеген кеңседеги компьютерге элүүдөй диний маанайдагы файлдар жайгаштырылгандыгы аныкталган.

4 КИЛОГРАММ БАҢГИЗАТ ТАБЫЛДЫ
ИИМдин Мыйзамсыз баңги бизнеске каршы башкы башкармалыгынын кызматкерлери 9-апрелде Өзгөн шаарынын жашоочусунун үйүнөн 4 килограмм 205 грамм кара куурай табышкан. Андан сырткары үйдөн кара куурайдын уругу да табылган. “Мыйзамсыз баңгизатын сактаган” деп кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

НАРИСТЕНИ ӨЛТҮРҮШКӨН
8-апрель күнү саат ондор чамасында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине таштанды таштоочу жерде жаңы төрөлгөн баланын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери наристенин киши колдуу каза болгондугун аныкташкан. Оперативдүү издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү делип 30 жаштагы аял жана аны менен чогуу жашаган 42 жаштагы эркек шериги кармалды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

КЫТАЙЛАРДЫ ТОНОП КЕТИШТИ
8-апрелден 9уна караган түнү Кара-Суу шаарында белгисиз адамдар кытай бизнесмендерин тоноп кетишкен. Беткап кийген белгисиз үч адам ушул шаарда иштеп жана жашап жатышкан кытай жарандарынын үйүнө киришип, курал менен коркутуп Нокиа үлгүсүндөгү 3 телефонун жана
752 миң 100 долларын тоноп кетишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди аныктоо жана аларды кармоо үчүн иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

КАРАКЧЫ ӨЗБЕК КАРМАЛДЫ
Кыргыз-өзбек чек арасында каракчылык кылып жүргөн коңшу өлкөнүн кылмыштуу тобунун мүчөсү колго түшүрүлдү. Милиция кызматкерлеринин билдиришинче, кылмыш тобу көп убактан бери Сох анклавынын аймагында кыргызстандык номерлүү автоунааларды токтотуп, товарларын жана акчаларын карактап келишкен. Коңшу өлкөдөгү кесиптештерине кылмышкерлерди кармап берүү тууралуу бир нече ирет кайрылып көрүшкөн, бирок алар баш тартып коюшкан. Ошондон кийин милиция кызматкерлери чек арага барышып, товар алган киши катары каракчыларды кармоо боюнча атайын операция жүргүзүшкөн. Натыйжада тоноого аракет кылган жеринен Фергана шаарынын 26 жаштагы С.Абдукаримов аттуу тургуну колго түшүп, калгандары качып кетүүгө үлгүргөн. Азыркы убакта бул кылмыштуу топтун мүчөлөрүн тактап-иликтөө иштери жүрүп жатат.

101 билдирет

ӨРТТҮН КЕСЕПЕТИНЕН КИШИ ӨЛДҮ
8-апрель күнү Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылындагы Октябрдын 60 жылдыгы көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен үйдүн чатыры күйүп кеткен. Окуя болгон жерди кароо учурунда 57 жаштагы үйдүн ээсинин күйүп калган денеси табылган. Өрт электр буюмдарын туура эмес колдонуудан келип чыккан.

СОКУЛУКТАГЫ ЦЕХТЕН ӨРТ ЧЫКТЫ
Сокулук районунун Сокулук айылындагы Сельская көчөсүндө 10-апрелде жыгач усталык кылуучу цехтен өрт чыгып, цехтин 100 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Мындан сырткары ичиндеги 20 куб тактай, столярдык станок жана ширетүүчү станок күйүп кеткен.

ТОКОЙ ӨРТТӨНДҮ
9-апрелде Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын аймагындагы токой чарбасына тиешелүү аймактан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен токойдун 8 гектар аймагы жана кургап калган чөп күйүп кеткен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан