Бали, Канатбек!

ЖЕКЕ РЕКОРДУН ЖАҢЫЛАДЫ
Бээжин Олимпиадасында өлкөбүздүн намысын 1-болуп коргоо милдети бишкектик суучул 19 жаштагы Василий Даниловго буюрду. Ал Олимпиаданын экинчи эле күнүндө 400 метр аралыкка комплекстүү сүзүү боюнча жарышка катышты. 1-тандап алуу тобунда финалга чыгуу үчүн күрөшкөн суучулубуз аталган аралыкты 04:29:20 убакытта сүзүп өтүп, өз тобунда 3-орунду ээледи. Василий түркиялык Деңиз Назар жана румыниялык Осин Константинди артта калтырса, хорватиялык Никса Роки жана казакстандык Дмитрий Гордиенкону алдыга өткөрүп жиберген. Мындай натыйжа ага медаль үчүн болгон финалдык жарышка катышуу укугун берген жок. Анын эл аралык мелдештердеги эң мыкты натыйжасы 04:35:63 (Дүйнө биринчилиги, «Мельбурн-2007») убакыты болчу. Олимпиаданын алдында мыкты жыйырмалыкка кирүү тилегин билдирген Василий жыйынтыгында 27-орунду ээледи. Аталган жарышта алтын медалга дүйнөлүк рекорд (аталган аралыкты 04:03:84 убакытта сүзүп өткөн) орноткон америкалык Майкл Фелпс ээ болду. Айта кетсек, ал Афины Олимпиадасында 19 жаш курагында 6 алтын медалга татыган жана анын быйылкы Олимпиададагы максаты 8 алтын медаль утуу болуп саналат.
КҮМҮШ МЕДАЛЧЫГА ЖЕҢИЛДИ
2-болуп 10-август күнү курама командабыздагы тажрыйбалуу спортчуларыбыздын бири, шпагачы Сергей Кочурин фехтование боюнча мелдештерге киришти. Чындыгында, кезинде Азиянын чемпиону болгон 34 жаштагы спортчубуздан үмүтүбүз чоң болчу. Ал биринчи эле беттеште айтылуу мушкетёрлордун мекени, фехтование боюнча көч башы болгон Франциянын өкүлү Фабрис Жаннетке каршы беттешүүгө аргасыз болду. Атаандашы жөнүндө айтсак, ал “Афины-2004тө” командалык эсепте алтын медалга ээ болсо, жекеликте 5-орунга илинген. Мелдештеги эң кызыктуу беттештердин бири болуп калган эрөөлдө мекендешибиз абройлуу атаандашына татыктуу каршылык көрсөттү. Беттештин тагдырын соңку мүнөттөрдөгү 1 упай чечип койду. 1-бөлүк 6:6 эсебинде тең чыгуу менен аяктаса, 2-бөлүктө 15:14 эсеби катталды. Соңку мүнөттөргө чейин 1ден упайды кезеги менен чогултуп отурган спортчулар күйөрмандардын купулуна толгон оюн тартуулашты. Олимпиаданын алдында медалдар үчүн күрөшө тургандыгын айткан спортчубуз иш жүзүндө бул пикирин далилдей алды. Анткени, анын атаандашы кийинки каршылаштарын ири эсепте жеңип, жыйынтыгында, мелдештин күмүш медалын тагынды.
Ал эми финалда француз спортчусун 15:9 эсебинде уткан италиялык Маттео Тальяреол мелдештин алтын медалын тагынды.
БААРЫ АЛДЫДА
Алгачкы 2 күндөн айырмаланып, Олимпиаданын 3-күнү кыргыз күйөрмандарына ишенич тартуулады. Алгач мергенибиз Руслан Исмаилов (катар номери – 1402) 10 метр аралыктан турган абалда мылтыктан ок атуу боюнча медаль үчүн ат салышты. Тилекке каршы, жаш спортчубуз тандап алуу этабынан кийин медаль үчүн күрөшкө катышуу укугуна ээ боло турган мыкты сегиздикке кире алган жок. Ал 52 спортчудан турган тизмеде азырынча 587 упайы менен 39-орунда турат. Ошентсе да Руслан үчүн Олимпиада жыйынтыкталып калган жок. Эми ал 15-августта (50 метр аралыкта жаткан абалда) жана 17-августта (50 метр аралыкта аралаш абалда) дагы 2 ирет медаль үчүн күрөшүп көрмөкчү.
Ал эми ок атуунун аталган түрү боюнча индиялык Абхинав Биндра чемпион аталып, өз өлкөсүнө жекеликтеги 1-алтын медалды алып берди.
БИРИНЧИ ЖЕҢИШ
Ушул эле күнү кыргыз күйөрмандары көптөн күткөн 1-жеңишти №1-мушкерибиз, канттык Асылбек Таласбаев тартуулады. 60 килограмм салмакта 16/1 финалында анын атаандашы бразилиялык мушкер Эвертон Лопес болду. Асылбек 20 жаштагы бразилиялык спортчунун үстүнөн, негизинен, ири эл аралык мелдештерде топтогон тажрыйбасынын негизинде жетишти. Көк бурчтан аракеттенген Асылбектин көзөмөлү астында өткөн беттеш 9:7 (4 раунд боюнча 2:1, 4:1, 1:3 жана 2:2) эсеби менен жыйынтыкталды. Олимпиададан кийин карьерасын аяктоону пландаштырган спортчубуз Бээжинден медаль тагынууну максат кылган. Асылбек эмки беттешин 15-августта өткөрөт жана анын атаандашы колумбиялык Дарлейз Перез болмокчу. Айта кетсек, 24 жаштагы Перез Латын Американын чемпиону (2008) болуп саналат жана Дүйнө биринчилигинде («Чикаго-2007») 5-орунга илинген.
ИШЕНИЧТИ АКТАДЫ
12-августтан баштап кезек грек-рим күрөшчүлөрүбүзгө келип, дал ушул күн өлкөбүздүн олимпиадалык капчыгына 1-медалды тартуулады. Биздин каарманыбыз, учурдагы Азиянын чемпиону, 22 жаштагы Руслан Түмөнбаевдин олимпиадалык пьедесталга карай салтанаттуу жүрүшү төмөнкүчө өттү: Алгач 60 килограмм салмактагы балбаныбыз мелдешти 1/8 финалынан баштап, 1-атаандашы Ала-Хукку Яркко болду. Балбаныбыз жакында Европанын чемпиондугун жеңип алган финляндиялык спортчунун үстүнөн 3:1 жана 4:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда ишенимдүү жеңишке жетишти. Мелдеште ийгиликтүү старт алган Руслан кийинки чейрек финалда олуттуу каршылыкка кабылды. Бул жолу анын каршысында Дүйнө чемпиону (2001), Азиянын күмүш медалынын ээси (2008), 31 жаштагы тажрыйбалуу өзбекстандык Дилшод Арипов турду. 1-бөлүмдү мекендешибиз 2:0 жана 2-бөлүмдү өзбек балбаны 3:0 эсеби менен уткандыктан, беттештин тагдыры 3-бөлүмдө чечилди. Бактыга жараша, Руслан чечүүчү учурда өзүн колго алып, 2:1 эсебинде атаандашын жеңүү менен жарым финалдын жолдомосун илип кетти. Акыры көптөн күткөн учур келип, кыргыз спортчусу Олимпиадада финалга чыгуу үчүн татамиге чыкты.
Алтын медалга күрөшүү укугун берүүчү финалга чыгуу үчүн Руслан орусиялык Алиев Ислам-Бека менен таймашты. Дүйнөдөгү көч башы болуп эсептелген күрөш мектебинин өкүлүнө каршы таймашта кыргыз балбаны 6:0 жана 4:0 эсебинде жеңилүүгө аргасыз болду. Айта кетчү нерсе, Русландын 1-чыгуусу менен 3-чыгуусунун аралыгы 1 саат 11 мүнөттү түзүп, мындай тыгыз график күрөштүн жүрүшүнө таасирин тийгизбей койгон жок. Эмнеси болсо да Руслан күч топтоп Олимпиададагы соңку беттешин жогорку даражада өткөрө алды. Коло медаль үчүн болгон беттеште ал Афины Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, кубалык 30 жаштагы Роберто Монзондун үстүнөн жалпы эсепте 9:0 эсеби менен жеңишке жетишти. Ал эми жарым финалда мекендешибизди уткан Алиев Ислам-Бека финалда азербайжандык Виталий Васильевди жалпы 6:0 эсебинде утуп, чемпион аталды.
КҮМҮШ МЕДАЛЬ УТКАН БИРИНЧИ КЫРГЫЗ
Русландын жараткан ийгилигинин эртеси эле кыргыз спорту дагы бир ирет дүйнөгө даңазаланып, эл аралык абройго ээ болду. Буга грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Канатбек Бегалиев себепчи болду.
66 килограмм салмактагы балбаныбыз медаль үчүн таймашкан алгачкы беттешинде америкалык Жейк Дейчлерди 9:3 эсебинде жеңип салды. Чейрек финалда Канатбекке каршы Афины Олимпиадасында мыкты бешиликке кирген, Дүйнө биринчилигинин коло медалынын ээси (2007) жана быйылкы Азия чемпиону украиналык Армен Варданян татамиге чыкты. Тажрыйбалуу атаандашына каршы беттеште мекендешибизге аябай тер төгүүгө туура келип, ал жалпы эсепте 5:3 (3:0, 0:2 жана 2:1) эсеби менен жеңишке жетишти. Ал эми финалга чыгуу үчүн балбаныбыз дагы бир атактуу спортчу, Афины Олимпиадасынын катышуучусу, Дүйнө (2005) жана Европа (2007) чемпиону, болгариялык Николай Гергов менен күч сынашты. Баса белгилеп кетчү нерсе, финалга чейин атактуу каршылаштарына каршы мыкты техникасын көрсөтүп, чечкиндүү түрдө күрөшүп келген Канатбек бул жолу да утуп чыгып (оюн эсеби 3:2), Кыргызстандын тарыхында 1-жолу кыргыз спортчусу Олимпиадада алтын медаль үчүн күрөшүү укугуна ээ болду. Финалда Канатбекти франциялык Стив Гено күтүп түрган. Канатбектин карьерасындагы эң маанилүү беттеш, тилекке каршы, анын пайдасына чечилген жок. Кыргызстандык күйөрмандар күбө болгондой, Канатбек канчалык жеңүүгө аракет кылбасын, бул күнү бакыт кушу француз спортчусуна ооду. Ал эми талаш учурларда европалык беттеш калыстары француз спортчусуна жан тарткандай сезилип, беттеш 6:1 эсебинде жыйынтыкталды. Эмнеси болсо да, Руслан менен Канатбектин алган медалдары чоң жетишкендик жана алардын башкы ийгиликтери али алдыда демекчибиз.
Ошентип, аталган эки балбаныбыздын ийгиликтери азырынча Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы медалдар (Сидней Олимпиадасындагы казак улутундагы дзюдочу А.Смагуловдун коло медалын эсепке албаганда) болуп саналат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 302, 15-21-август, 2008ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан