“ВИА Гра” тобунун экс-ырчысы Светлана Лобода 9-апрелде көз жарды. Ырчы акыркы күндөргө чейин кош бойлуулугун жашырып келген эле. Ай-күнүнө жетип калганда гана баланын атасы хореограф Андрей Царь экенин коомчулукка жар салган. Учурда экөө никеге тура элек. Бирок ымыркайга жакшы ата-эне болуп, жанынан чыкпай жаткан кездери.