Кыздар, чапкыла!

Жеке ишкер Максим Бакиев
Толук аты-жөнүБакиев Максим Курманбекович
Туулган жылы –1978-жыл
Жашаган жери – Көп
Билими – Кыргыз Орус-Славян университетин бүтүргөн
Үйбүлөдөэки биртуугандын кичүүсү. Баса, эң башкысы, Кыргызстандагы №1-бойдок
Учурда – Жеке ишкер
Максим мамлекет башчыбыздын уулу болгондуктан, анын анча-мынча маалыматтары сыр бойдон эле калышын туура көрдүк.
Кыздар, кулагыңарга күмүш сырга!!! Максим, КРнын президентинин көкүрөк күчүгү.
Депутат Санжар Кадыралиев
Толук аты-жөнү Санжар Кадыралиев
Туулган жылы – 1977-жыл, 16-ноябрь
Билими – Экономист, юрист
Өзүндөгү жактырган сапаттары – Чечкиндүүлүгү, алдын-ала туя билүүсү
Жактырган жаныбары – Жылкы
Кыздардагы баалаган сапаты – Акылдуулук, боорукердик
Спорттук даражасы – Эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери
Учурда – ЖКнын депутаты
Байлыгы – Албетте, үйү жана машинасы
Жаш дептутат улак тартып, ууга чыгып, ат чаап эс алганды жактырат. “Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт” дегендей, Санжардын баарынан корккону – калпыс айтылган сөз. Бул жигитти чаап алган селки, балким, келечекте Кыргызстандын №1-айымы болуп да калышы ыктымал.
Мушкер Алмазбек Раимкулов

Толук аты-жөнү – Алмазбек Раимкулов
Туулган жылы – 1977-жыл, 18-февраль
Туулган жери – Жалалабат облусунун Алабука району
Учурда – Профессионалдык бокс боюнча IBF`тин рейтингинде 7-орунда турат
Бою – 175 см, Салмагы – 75 кг
Кемчилиги – Бокс учурунда башынын көп чайкалганы
Жашаган жери – АКШнын Лос-Анжелес шаары
Алдына койгон планы – Профессионал боксчу катары спорт тармагында из калтыруу
Бул жигитти чапкан да арманда, чаппаган да арманда. Элестетип көрсөңүз, Американын көчөлөрүндө чалкалап атактуу спортчу менен колтукташып жүргөнгө не жетсин ! Ошондуктан, селкилер Алмазбекти чаппай арманда калгыча, чапканга аракет кылгыла.
“Ата Мекенчи” Жоомарт Сапарбаев

Толук аты-жөнү Жоомарт Сапарбаев
Туулган жылы – 1984-жыл, 12-декабрь
Туулган жери – Кыргызстан (өтө патриот)
Билими – Кыргыз Орус-Славян университетин бүтүргөн
Учурда – “Ата Мекен” партиясында пресс-катчы
Хоббиси – Балык кармоо, китеп окуу
Сууда... – Бирөөнү куткара албаса да, чөгүп кетпейт
Билген тили – Англис, орус, кыргыз
Өзүндөгү жакпаган сапаттары – Чылым чеккени, коңурук тартканы
Ары түшүнүктүү, ары чечкиндүү бул жигит болочоктогу жубайына кол көтөрүп, катуу сүйлөмөк түгүл, чыпалагын тийгизип, сөөмөйүн кезебейт. Коңурук тартканын капарга албаган селкилер кыргыздын патриот уулун чаап алса, бактылуу боолоруна кепилдик 100 пайыз. Андыктан, шашылгыла жана да шашылгыла.
Продюсер Канат Култаев

Толук аты-жөнү – Канат Култаев
Туулган жылы – 1979-жыл, 15-июнь
Туулган жери – Өзгөн районунун Куршаб айылы
Билими – Учурда жабылып калган Дастан техникалык университетин бүтүргөн
Учурда – Жылдыздарды кооздоп элге таанытууга шыктуу продюсер, режиссёр
Бою – 170 см, Салмагы – 75 кг
Жеке байлыгы – Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү 5-кабаттагы квартирасы
Арманы – Төрт жылдан бери сүйүп жүргөн ырчы кызынын турмушка чыгып кеткени
Кыздардагы баалаган сапаты – Акылдуулук, назиктик
Кандай кыздардан коркот – Тымызын жүрүп алып былгыткан
Канаттын үч эжеси, үч агасы бар. Кыскасы, селкилер, Канатты кимиңер чапсаңар да, эркетай келин болосуңар. Продюсердин мүнөзү адамды өзүнө көп жакындата бербейт. Бирок, бир сүйлөшсө абдан жакын адамына айлантып алууга жөндөмдүү. Канатка кызыккан кыздардын эсине: Тез аранын ичинде балалуу болууну эңсеп жатат. Экинчиси, денесинде (бөйрөк тушунда) Евразия материгинин картасындай кызыл анары бар. Андан коркпогула. Баса, болочоктогу жубайына жагуу үчүн “күчүк болуп бир күн үр” десе аткарууга даяр Канат азыр жубайынын жумушун өзү аткарып жаткан учуру.
Кикбоксчу Мирбек Сүйүнбаев
Толук аты-жөнү
– Мирбек Сүйүнбаев
Туулган жылы – 1975-жыл, 17-июль
Туулган жери – Карабуура районунун Бакайыр айылы
Билими – Экономист, юрист
Хоббиси – Ат жабдыктарын жасоо
Үйбүлөдө – 10 биртууган
Жетишкендиктери – Дүйнө чемпиону (1997), Дүйнө Кубогунун ээси (Венгрия-2000), Кикбокс сүйүүчүлөр арасында Дүйнө чемпиону (Париж-2003)
Келечекке максаты – Спорттук карьеранын өтөөлүнө чыгуу
Корккону – Машина айдоо
Мүнөзү – Шайыр, тамашакөй. Жини бат келгени менен бат тарайт. Ичпейт, чекпейт
Байлыгы – “Дордой” базарындагы 3 контейнери, Түштүк-2 кичирайонундагы эки бөлмөлүү квартирасы
Адамдын бир кылган жакшылыгына эки эселеп жооп берүүнү адат кылган Мирбектин жүрөгүнүн көп бөлүгүн спорт ээлейт. Жакында бардык шарты бар чоң машыгуучу зал ачканы жатат. “Жүрөгүнүн көп бөлүгүн спорт ээлейт” десе чочубагыла, сулуулар, бул жигиттин жубайы болгон селки кийин бутун диванга асып коюп эле жата берчүдөй. Анткени, Мирбек тамактын, жадакалса кыямдын бардык түрүн жасайт. Эң башкысы, сүйүктүүсүн тапканда ага айтчу сөзү – “таза жашайлы”. Башкача айтканда, “бири-бирибизди алдабай, сынабай жашайлы” дейт. Ии, баса, кыздар, спортчу болгонуна карабай Мирбектин эч жери тердебейт.
Телеалпаруучу Канат Абазбеков

Толук аты-жөнү – Канат Абазбеков
Туулган жылы – 1981-жыл, 8-сентябрь
Туулган жери – Токтогулдун Камбарата шаарчасы
Билими – Журналист
Учурда – 5-каналдын “Күн деми” маалымат-программасынын алпаруучусу
Үйбүлөдө – Төрт биртуугандын улуусу
Бою – 167 см, Салмагы – 68 кг
Жеке байлыгы – Жаңы конуштардын биринде 5 сотых жер тилкеси бар
Тиштери – Эки азуу тишине курт түшкөн, бирок, экөөнү тең дарылатып, каптама кийгизген
Кыздарики, бул кара каш, кара көздүү жигиттин гүл сугарып жатканынан эле кандай кожоюн болоорун байкасаңар болот. Ии, анан, Канатка көз арткан кыздар 5-каналдын эшигин тоскон күзөт кызматындагылардын кубалаганына болбой күтсөңөр эле бул жигитти таап алыш оңой.
Актёр Нурдөөлөт Копоев

Толук аты-жөнү – Нурдөөлөт Копоев
Туулган жылы – 1979-жыл, 20-июнь
Туулган жери – Атбашы районунун Карабулуң айылы
Үйбүлөдө – 16 биртуугандын 13үнчүсү
Жашаган жери – К.Акиев-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишендеги орус кемпирдин үйү
Жактырган тамагы – Оромо
Байлыгы – “Бител” компаниясынан утуп алган “Тойота Королла” машинасы, орус кемпирден мураска кала турган үйү, байкесине карызга берген 2000 доллары, атасынан калган айылдагы беш эчкиси
Кыздарга дайым берчү белеги – Гүл жана биз жакта кездешпеген тиш жуучу паста
Алдына койгон максаты – Бекем үйбүлө куруу, чыгармачылыктын туу чокусуна чыгуу
Ишенчээк, анан жини мурдунун учунда болгон Нурдөөлөттүн бою 175 см, салмагы 75кг. Актёрдун жини мурдунун учунда болгону менен ак көңүл, бат эле күлүп-жайнап калат. Оромону катыра жасаган, анан актёрду сыртынан жактырып жүргөн бийкечтер Нурдөөлөттү башкалаадагы борбордук мечиттен кармап алышса болот. Муну айтып кетпесе болбос, Нурдөөлөт үйүн кырып-жышып тазалап, өтө тыкан кармайт экен. Биздин анын жашаган жерине барып, үйүн тазалап жатканын сүрөткө тартаарыбызды билген актёр атайын “Ош базарына” барып, чаң аарчуу үчүн жарым метр даки да сатып келиптир.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 302, 15-21-август, 2008ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан