БАБАНОВДУ КИМДЕР КОРГОШОТ?

18-апрель күнү Ош облусунда Өмүрбек Бабановдун жактоочулары тарабынан аны коргоо комитети түзүлүп, ал тууралуу ушак-айың сөздөрдү таратып жаткандарды токтотуу талабы көтөрүлдү. Ошондой эле алар Бабановдун тегерегиндеги маселелерди, маалыматтарды элге тез аранын ичинде туура, так жеткирүү жана бийликтегилерди биримдикке чакырган кайрылуусун Жогорку Кеңешке жолдошту.
Ушундай эле талапты калган алты облустагы жактоочулары да коюшууда. “Эс алууда жүргөн Бабанов кандай “фокус-мокустарды” көрсөтүп жиберет болду экен” деп саясаттагы “оюнчулардын” ою ойду-тоону аралап жаткан кези. Ал эми Өмүрбек мырза бул колдоолор ага дем берерин “Кыргызстандын келечеги үчүн” кыймылынын мүчөлөрү менен жолукканда билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Мика
2011-04-27 15:21:16
Маалымат жыйынында эки катын (эгерде грубо айтканда) бабановдон колунарды тарткыла дегенине куйуп олосун киши. жалданма "коргоочулар" экени корунуп турат. Бабанов биздин бала, анын кылмышы жок деп алар каяктан билет, чогуу журбосо. Ушул акча берсе коргойбуз деген жасакер аялдар, митингчи, пикетчилер кобойду.
0
zama
2011-04-28 14:11:42
Бабановду коргобой эле койгула ал жигит и так эле бутунда бекем турат. Бабанов акылы бар жигит ошон учун ушундай даражага жетип олтурат. Оз мээнети м-н. Текебаев Бабановго караганда мурун келген политикага, бирок Текебаевка караганда Бабановдун авторитети выше.
0
Strong Man
2011-04-30 01:18:56
Бабановдун эч кандай элге пайдасы жок жигит экен. Саясатка аралашып, окмотто канча иштеди, бир да элдин когойлуу маселесин чечпеди. Сенин бийликте ордун жок, ошондуктан Кыргыз элинин жараны катары оз бизнесинди кылып журо бер.
0
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан