Апрель айында Ош, Нарын аймактарында болгон жер титирөөнүн кесепетинен бир канча социалдык объекттерге зыян келгени маалым. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кооптуу делген 193 калктуу жайлардын 74ү сейсмикалык жактан күчү 9 баллга жеткен зилзалалар күтүлгөн коркунучтуу аймак болуп саналат. Бул жайларда 3 миллиондон ашуун калк жашайт. Ал эми Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахмановдун айтуусу боюнча, Кыргызстанда 2010-жылдан баштап эле сейсмикалык активдүүлүк байкалган жана бул көрүнүш 2026-жылга чейин сакталат. Бул аралыкта күчү 6-7 баллга жеткен жер силкинүүлөр болуп турушу ыктымал.