Өткөн аптада акыйкатчы Турсунбек Акундун парламентте берген жылдык отчёту эл өкүлдөрүнүн көңүлүнө толбой, анын ишин текшерүүгө ар бир фракциядан экиден депутат кирген комиссия түзүлгөн. Азырынча комиссия бул иш боюнча өз жыйынтыгын чыгара элек. Мындайга нааразы болгон Турсунбек Акун: “Акыйкатчы институту эч кимге көз каранды эмес. Алар менин ишиме баа берип, докладды жаратпай койгонго мыйзам жол бербейт. Дүйнө жүзүндө 167 акыйкатчы бар. Алардын бирөө да меникиндей абалга туш болбосо керек”,- деп аттын башындай арманын төгүп, депутаттарга тиш кайрап алды. Бирок кайра ойлонуп кетти бейм, азыркы парламенттеги фракциялардын күчтүүлүгүн белгилеп, көйгөйлөрдү бирге чечүүгө чакырды.
Комиссиянын чүкөсү айкүрүнөн конуп, акыйкатчы жумушунан шыпырылабы же бөк жатып, ал ордунда калабы? Кызык, комиссиянын чүкөсү кандайынан конот болду экен?