Бир бүркүм... МЕКЕНДЕШИБИЗ ЕВРАЗИЯДА ЧЕМПИОН БОЙДОН КАЛДЫ!

  • Кикбоксчу Алексей Федосеев Орусиянын Орлов шаарында өткөн “Ринг падышасы” мелдешинде “Барс” версиясы боюнча профессионалдар арасында Евразиянын чемпиондугун коргоду.
  • Бильярдчы Каныбек Сагынбаев Казакстандын Атырау шаарында өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Байге фонду 14 миң долларды түзгөн мелдешке 32 спортчу катышкан.
  • Веложарышчы Евгений Ваккер Италияда Ферарра Гран-Присин жеңди. Ал жергиликтүү спортчу Адрана Фрарени 11 секундга артка калтырып, 41 чакырым аралыкты 54 мүнөт 31 секундда басып өткөн.
  • Баш калаада 23 ЖОЖдун ортосунда спорттун 21 түрү боюнча болуп өткөн Универсиаданы 250 упай менен И.Раззаков атындагы КТУ жеңип алды. 2-орунду Ж.Баласагын атындагы КУУ (215 упай) ээлесе, Дене тарбия жана спорт академиясы (209 упай) 3-орунга илинди.
  • “Салам-Алик” волейбол клубу Казакстанда өткөн М.Рамазановдун элесине арналган эл аралык мелдеште күмүш медалга татыды. Финалда мекендештерибиз орусиялык “Зернобанк” клубуна жеңилүүгө аргасыз болушту.
  • Футбол боюнча улуттук биринчиликтин 4-турунда “Алай” “Дордойго” 4:0 эсебинде жеңилсе, “Нефтичи” “Ысык-Көлдү” ушундай эсеп менен жеңип алды. Ал эми “Алга” – “Абдыш-Ата” тиреши 3:2 эсебинде борбордук клубдун пайдасына чечилди.
  • 19-20-май күндөрү Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында Арстанбек атындагы балбан сарайда күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөнү турат. Тыныбек Айтназаровдун жаркын элесине арналган саамалыкка Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын спортчулары
    13 салмакта күч сынашат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан