ПАКЬЯО МОСЛИНИ ЖЕҢДИ. Who is next?

7-майда WBO версиясы боюнча жарым орто салмакта чемпион филиппиндик Мэнни Пакьяо чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Антсе да Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңеши тарабынан (WBO) соңку он жылдыктын мыкты мушкери болуп табылган Мэнни, көпчүлүк күткөндөй, атаандашын нокаутка учурата алган жок. Ал АКШнын Лас-Вегас шаарында ага каршы турган үч салмактык категориянын экс-чемпиону 39 жаштагы Шейн Мослини 12 раунддук кармашта упай айырмачылыгында жеңип алды (үч калыс тең бир добуштан 119:108, 120:108, 120:107 эсептеринде жеңишти ыйгарышты).
3-раунддагы Мослинин нокдаунга учураганын эске албаганда, тең салмактуу таймаш тартууланды. Кармаштан соң Мэннинин энчисине 15 миллион, Мослиге 5 миллион доллар тийди. Тайсондун кумирине айланган филиппиндиктин кезектеги мушташы белгисиз. Сыягы, кезек жеңилбес Флойд Мейвезерге келди көрүнөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан