ПИКЕ МЕНЕН ШАКИРА ФУТБОЛ ТАЛААСЫН ГҮЛБАКЧАГА АЙЛАНТЫШАБЫ?

1-апрелде колумбиялык ырчы Шакира менен испаниялык “Барселонанын” коргоочусу Херард Пикенин мамилеси тууралуу маалымат тараган. Көпчүлүк аны күлкү күнүнө карата тамашадай кабыл алып, “эки жаш” да ал кептерди төгүнгө чыгарып келишкен. Бирок көп өтпөй Шакира Пике менен сүйлөшүп жатканын моюнга алган.
3-майда экөөнүн мамилеси чын экенине бүт дүйнө күбө болду. Миланда концерт коюп жаткан ырчы күтүлбөгөн жерден ырдап жаткан ырын токтотуп, концертине параллель өтүп жаткан “Барселона”–“Реал” беттешинде эсептин ачылганын, голдун автору Педро болгонун айтып, “Гол, Педро! Гол, Педро!” деп ырдап кирген. Учурда Шакира “Барселонанын” оюндарын калтырбай көрүп, укмуш эмоциялар менен жан тартууну адатка айландырды. Кызыгы, Шакира Херарддан 10 жашка улуу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан