АБРАМОВИЧ СЕКСУАЛДУУ ФУТБОЛДУ КААЛАЙТ!

Лондондук “Челсинин” кожоюну Роман Абрамович клубга жайкы трансфер үчүн 90 миллион евро бөлдү. Ал клубга борбордук жарым коргоочу, канат жарым коргоочу жана канат коргоочу алуу үчүн бөлүнгөн акча аркылуу сексуалдуу оюн көрүү кыялын ишке ашырмакчы. Анын түшүнүгүндө сексуалдуу футбол каршылаш команданы чоң эсеп менен жеңүү болуп саналат. Ал 1:0 эсебиндеги тажатма жеңишке караганда эсеп айырмачылыгы 1 гол болсо да, 4:3 эсеп катыштыгындагы жеңиш көбүрөөк кубандырарын айтат.
Абрамовичтин кыялындагы оюнду ишке ашырууга азырынча Сеск Фабрегас (“Арсенал”), Гарет Бэйл (“Тоттенхэм”) жана Григори ван дер Вил (“Аякс”) сунушталууда. “Сексуалдуу оюн” деп өткөн кылымдын 80-жылдары Голландия курама командасынын оюндарын атап келишкен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан