БИР ЖАРЫМ ЖАШАР ПРОФЕССИОНАЛ ФУТБОЛЧУ

Голландиянын “Венло” футболдук клубу 1 жаш 8 айлык Берке ван дер Мей аттуу балакай менен келишимге барды. Бул ой клуб жетекчилигине анын оюнчук салынуучу кутуга топту таамай багыттаган видеоролигин көргөндөн улам келген. Макулдашуу “жаш оюнчунун” атасы Йорганын көзөмөлүндө 10 жылга түзүлдү.
Учурда Голландиянын Жогорку Лигасында оюн алпарган “Венло” анын кайсы позицияда ойноорун аныктай элек. Таланты менен эле эмес, канында футболчунун гени бар экени менен да кубандырган жаш талант клубдун атайын сайтына каттоодон өттү. Эскерте кетсек, Беркенин чоң атасы, футболчу Ян ван дер Мейде өткөн кылымдын 50-60-жылдар аралыгында бул клубдун мыкты оюнчуларынан болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 445, 13-19-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан