УЕФАнын Чемпиондор Лигасы өткөн аптада финалчыларын иргеп алды. Финалда англиялык “Манчестер Юнайтед” менен Испаниянын “Барселонасы” кез келмей болду. Жарым финалда “Барса” мекендеши “Реалды” жеңсе, “МЮ” германиялык атаандашына көп күч жумшаган жок.
Бул эки команда эки жыл мурун Римде өткөн ЧЛнын финалында кезигип, анда жеңиш 2:0 эсебинде испаниялыктар тарапта болгон. Ошентип, быйылкы финалдын “Уэмблиде” өтүшү 2 финалчы үчүн өтө маанилүү. Анткени Чемпиондор Лигасын үч жолудан уткан аталган эки алп тең алгачкы кубокторуна ушул стадиондо ээ болушкан (“Манчестер” 1968-жылы, “Барселона” 1992-жылы). Божомолдор боюнча, көпчүлүк жеңишти каталондуктарга ыйгарып жатса да, айрымдар Кызыл ажыдаарлардын тажрыйбалуу машыктыруучусу Алекс Фергюсон жөн жатпасын айтышууда. Башкы машыктыруучунун оюндагы ролун эске алсак, 70ке таяп калган Фергюсон менен
40 жаштагы Гвардиоланын тирешинин соңу тажрыйбага көз каранды эмеспи. А балким, баары, тескерисинче, “акыл – жаштан” деген принципке таянат чыгар.
Ал эми УЕФАнын Европа Лигасынын финалы 18-майда Ирландиянын Дублин шаарында орун алат. Чечүүчү оюнда эки португалиялык команда: “Порту” менен “Брага” каршы турат.
Жарым финалдык оюндардын жыйынтыгы:
“Барселона” – “Реал” 1:1 (алгачкы оюнда 2:0)
“МЮ” – “Шальке 04” 4:1 (2:0)
“Вильяреал” – “Порту” 3:2 (1:5)
“Брага” – “Бенфика” 1:0 (1:2)