Атактуу “Үйдө жалгыз” тасмасындагы Маккалистердин үй-бүлөсүнө таандык үй аукционго коюлду. Кыштан курулган там 20-кылымдын 20-жылдарында салынган. Ал көп жолу оңдоп-түзөлгөнү менен, Чикаго шаарына жакын жайгашкан эң көрүнүктүү жана атактуу жай. Аукциондогу эң жогорку баа 2 миллион доллар экени маалым болду.